Буга чейин атайын кызмат алар трансулуттук уюшкан кылмыш тобунун мүчөлөрү экенин, Бакудан алынып келген, учурда камакта жаткан Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен байланышта болгонун маалымдаган.
Кыргызстанда оор кылмыштарга шек саналган чет өлкөлүк жарандардын чукул экстрадицияланышы бир топ суроо жаратты.
Атайын кызмат Бишкекте кармалган азери жарандары Азербайжандын Ички иштер министрлигине өткөрүп берилгенин билдирди. Ал расмий Бакунун өтүнүчү жана буга чейинки эки тараптуу келишимдин негизинде ишке ашканын маалымдады. Беткапчан аскер формасын кийген адамдар аларды колдору кайрылган абалда "Түрк аба жолдору" авиакомпаниясына таандык учакка киргизип жатканы тартылган видео, сүрөттөр дагы жарыяланды.
"Алар өздөрүнүн кылмыштуу таасирин, анын ичинен криминалдык идеологиясын жайылтуу жана күчөтүү максатында Кыргызстандын аймагында туруктуу уюшкан кылмыштуу топторду түзүүнү, ошондой эле эң оор кылмыш, буюртма менен киши өлтүрүүнү пландашкан. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган адамдардын чынында эле кылмыштуу топторго тиешеси бар экени аныкталып, алар Кыргызстандын жарандарына коркунуч келтиргендиктен, Азербайжан тараптын өтүнүчү жана укук коргоо органдары менен мурда түзүлгөн келишимге ылайык 7-апрелде "Манас" эл аралык аэропортунун аймагында Азербайжандын Ички иштер министрлигинин расмий өкүлдөрүнө өткөрүп берилди", - деп жазылган УКМК тараткан маалыматта.
Деген менен Кыргызстанда оор кылмыштарды уюштурууга шек саналган чет өлкөлүк жарандардын чукул экстрадицияланышы бир топ суроо жаратты.
Жогорку Кеңештеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын депутаты Исхак Масалиев Фейсбуктагы баракчасына өлкө жетекчилигине кол салууга шек саналган чет өлкөлүк жарандардын кайтарып берилгени түшүнүксүз экенин жазды.
"Илгери мен милицияда кылмыш иликтөө бөлүмүндө кызмат өтөгөм. Кылмыш жөнүндө түшүнүктөр бар. Азыр акыбал башкача, кылмыштар бөлөк, адам да өзгөрүлдү. Бирок кылмыш аракеттердин маңызы калды. Мен түшүнбөйм, эмне үчүн биздин өлкө жетекчилерибизге кол салабыз деген "жигиттерди" кайтарып беребиз? Өтө "катуу", дээрлик онлайн эфирде кармайбыз, анан эле акырын үйлөрүнө жиберебиз. Бул Кылмыш кодексине дал келбейт. Кызык..." - деп жазды Масалиев.
Талдоочу Турат Акимов дагы кылмышка шектүүлөргө байланыштуу сот өкүмү чыга электе эле экстрадиция болгону бүдөмүк суроолорду жаратарын айтты:
"Кылмыш-жаза кодексине ылайык, кылмыш кайсы жерде, кайсы мамлекетте жасалган болсо, ошол жерде гана териштирилет, ошол жерде гана өкүм чыгарылат. Мыйзамдын талабы ошондой. Өкүм чыгып, соттолгондон кийин Минск конвенциясынын негизинде КМШ өлкөлөрүндө бири-бири менен Башкы прокуратуралардын сүйлөшүүсүнүн негизинде алмашуулар болот. Бизде болсо тергөө амалы кандай болуп жатканын эч ким билбейт. Жогорку даражадагы адамдарга кол салары айтылган "киллерлер" мыйзамдарды бузуп эле өткөрүп берилди. Мунун баары бүдөмүк иштер. Ишенүү өтө кыйын. Баарын бири-бири менен беттештирип, тергөөчүлөр суроолорду берип, анык-бышыгы көрсөтүлүшү керек. Мындай процесстер ачык болушу керек. Мага заказ кылышыптыр деп, анан кийин аткаруучулар деп шек саналгандар жок болуп кеткени түшүнүксүз".
УКМК мындай суроолорго азырынча жооп кайтара элек.
Атайын кызмат өткөн айда Бишкекте трансулуттук кылмыш тобунун мүчөсү деп шек саналган Азербайжандын беш жараны кармалганын билдирген. Алардын биринин кримчөйрөдө "Селсаяк" деген каймана аты бар экенин, өлкө жетекчилигине кол салууну уюштуруу үчүн шериктери менен Кыргызстанга келгенин маалымдаган.
УКМК көп өтпөй ошол маалда издөөдө жүргөн Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов Баку шаарында экенин, кармалган азери жарандар менен байланышта болгонун билдирген. Матраимов Бакудан алынып келгенде алар менен байланышы тууралуу сөздөрдү жокко чыгарган.
Жарандык активист Мукай Керимбаев трансулуттук кримтоптун мүчөлөрү деп шек саналган чет өлкөлүк жарандардын экстрадияланышын мекенинде дагы кылмыш иштеринин болушу менен байланыштырды:
"Алар кылмыштуу топтун мүчөлөрү болгондон кийин бул жакка жөн келишпейт да. Айрыкча азыр бизде уюшкан кылмыш топторуна каршы күрөш катуу жүрүп жатпайбы. Алар өлкө жетекчилерине дейбизби, дагы башка адамдаргабы, зыян кылуу үчүн келгени анык. Алардын Азербайжанга өткөрүп берилиши ошол жакта дагы иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн болсо керек деп ойлойм. Балким, ал жакта дагы аларга каршы кылмыш иштери бардыр. Алар эми уюшма кылмыш тобунун мүчөлөрү болгондон кийин өз мекенинде дагы кылмыш иштери сөзсүз болсо керек. Ошон үчүн өткөрүп берилди. Азыр эми Кыргызстанда коррупцияга, "караларга" каршы күрөш болгон жерде душмандар дагы болот. Душмандык кылып күрөшкө тоскоолдук кылууга сөзсүз аракеттерди жасашат. Ошого жол бербөө үчүн укук коргоо органдары сактык чараларын күчөтүшү керек".
"Азаттык" соңку окуяларга байланыштуу азербайжандык журналисттердин пикирин сурады. Алардын бири Кыргызстанда кармалган азери жарандары тууралуу маалымат дээрлик жоктугун, ИИМ дагы анын чоо-жайы тууралуу маалымат бербегенин айтты:
"Бизде бул тема боюнча жаңылык деле жок. Биздин ИИМ деле чоо-жайын кабарлаган жок. Болгону ошол адамдар Азербайжанга жөнөтүлгөнүн гана бышыктады. Кылмыш иши козголгонбу, алар камалабы - эч кандай маалымат жок. Ал адамдар тууралуу деле эч ким эч нерсе билбейт. Айрым бир маалыматтарга караганда, алар буга чейин Орусияда же Грузияда жашаган экен. Көп убакыт Орусияда жашаган дешет. Алардын улуту азери болгону менен, азербайжандык эмес. Айрымдары Грузиядан дешет. Ал жакта чоң азери диаспорасы бар да. Алардын айрымдары кримавторитет экени тууралуу маалымат жок. Дегеле азыр Азербайжанда уюшма кылмыш топтору баш көтөрбөй калган. Кандайдыр бир чоң кландар, топтор көптөн бери, 10-15 жылдан бери эле жок. Айрым бир адамдар бар, бирок алардын баары Азербайжанда эмес. Чынында айыптоолор күлкүлүү угулат, олуттуу эместей сезилет. Алар кайсы бир өлкөнүн жетекчилигин "өлтүргөнү" барган деген сөздөр дегеле олуттуу сезилбейт. Аны кантип ишке ашырмак эле? Алар ал жакка кандайдыр бир криминалдык чырга, бизнесмендердин өз ара жаңжалына байланыштуу, акча өндүрүү сыяктуу чырларга байланыштуу барган деле болушу мүмкүн. Криминалдар кайсы бир деңгээлде бизнестерге аралашат. Ошондуктан бул бизнестеги талаш болушу мүмкүн. Ошону, балким, силердин бийлигиңер көбүртүп-жабыртып жиберишти. Анан калса кайсы бир өлкөдө жетекчилерге кол салууга даярданган деп шек саналып кармалгандарды кылмыш ишин козгобой туруп эле өткөрүп берди деген күлкүлүү, акылга сыйбагандай угулат".
УКМК буга чейин дагы буюртма киши өлтүрүү максатында Кыргызстанга келген чет өлкөлүктөр тууралуу кабарлаган.
Былтыр октябрда атайын кызмат кримавторитет Камчы Көлбаевдин өлүмү үчүн өч алуу максатында Өзбекстандан үч жаран келгенин, кармалганын билдирген. Бирок көп өтпөй эле алар дагы мекенине өткөрүп берилгени белгилүү болгон жана ошол окуя дагы бир топ суроо жараткан.