Бучукта иш башталды, мамлекеттин үлүшү тактала элек

Бучук. Zhong Ji Mining Company ишканасынын коомдук байланыш жаатындагы өкүлү Тынчтыкбек Алтымышевдин Фейсбук баракчасынан алынды.

Нарын облусунда Бучук кенин казып жаткан кытайлык Zhong Ji Mining Company ишканасынын алтын ылгоочу заводу сыноо режиминде ишке берилди.

Аталган компания кенди казууга лицензияны 2009-жылы эле алган. Бирок айрым жергиликтүү тургундардын экология, жайытка байланыштуу нааразылыгынан, чыр-чатактан улам 2019-жылы жабылган.

Кытайлык ишкана лицензиясын азыркы бийликтин тушунда, 2022-жылы кайра алган. Анда президент Садыр Жапаров Бучукка барып кен казууда экологиялык маселелерге өзгөчө көңүл буруларын убада кылган.

Бучук кени Нарын районунун Миң-Булак айыл өкмөтүнө карайт. Айрым жергиликтүү тургундар кен казыла баштаса, экологияга терс таасирин тийгизет, суу булганып, жайыт тарыйт деп кооптонуп келген. Айылдын Мирбек аттуу тургуну дагы деле кооптонуу күч экенин, көпчүлүгү оюн ачык айта албай отурганын белгиледи:

"Мурдагы күнү ачылышы болду, чоң ачылышы жакында болот деп жатышат. Бул жерде мыйзамды, экологияны кылдат карабаса болбойт. Ал жайыт жер, аябай эле тарып жатат. Күндө эле жардыруу, аркы-берки болот. Жердин кыртышын алып жатат. Аны кайра салабыз деп жатышат. Бирок, билбейм эми, иштеп-иштеп кете беришпейби деп жатабыз. Өкмөт азыр иштетебиз деп эле берип салышпадыбы, буга чейин берилбей эле келбедиби. Көпчүлүгү оюн ачык айта албай эле отурат".

Дагы караңыз Солтон-Сары: кытайлык компанияга кайтарылган укук


Президент Садыр Жапаров Бучукка 2022-жылы июнда барган. Эл менен жолугушууда кытайлык ишканага байланыштуу соңку чечим "комплекстүү талдоо, кырдаалды ар тараптуу изилдөөдөн соң кабыл алынарын" билдирип, экология маселелерине өзгөчө көңүл буруларын айткан.

Президент Садыр Жапаров Бучук кенине барган учур. 2022-жыл

Көп өтпөй эле ал компанияга кен казуу лицензиясы кайра берилген. Ошол кездеги президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев кенге баруучу жол эбак салынып бүтүп, фабриканын курулушу жарымдап калганын, андан ары жер кыртышын бузбоо шарты менен кенди иштетүүгө уруксат берилгенин айткан.

Ал Фейсбуктагы баракчасына кенди иштетүүдө цианид колдонулбасын, алтын Кара-Балтада аффинаждала турганын жазган, мамлекеттин үлүшү да болорун белгилеген.

Компаниянын коомдук байланыш жаатындагы өкүлү Тынчтыкбек Алтымышевдин билдиришинче, мамлекеттин үлүшүнө байланыштуу маселе завод толук ишке киргенден кийин чечилет:

Тынчтыкбек Алтымышев.

"Ишкана тесттик режимден толук режимге өткөнгө чейинки мезгилде, жакынкы эки ай ичинде бул маселе каралганы жатат. Мисалы, Таластагы кенде түшкөн кирешеден 2% экен, "Алтын-Кендики" башкачараак экен. Ал жерде мамлекеттин, "Кыргызалтындын" 30% үлүшү бар да. Ар жерде ар кандай экен. Губернатор, тийиштүү органдар отуруп алып, бизде өндүрүлө турган алтындын божомолдуу көлөмүнө жараша баарын иштеп чыгышат. Ошол жерде соцпакет канчага көбөйтүлөт, мамлекеттин үлүшү кандай болот, мунун баары эми каралат. Ал эми былтыр кабыл алынган мамлекеттин үлүшү 30% болсун деген мыйзам артка иштебейт да. Ал жерде кийин берилген лицензиялар тууралуу сөз болуп калды. Бул компаниянын 2009-жылдан бери эле лицензиясы бар да. Завод толук ишке киргенден тарта соцпакет көбөйтүлөт же мамлекеттин үлүшү кирип, ошол жерден соцпакет каралабы, айтор бул жагы жакында чечилет".

Алтымышевдин билдиришинче, кенде азыр 300дөй киши иштеп жатат. Болочокто жалпы жумушчулардын 70-80% жергиликтүү тургундар түзөт, башкача айтканда аймактагы 300дөй адам жумуш менен камсыз болот.

Дагы караңыз Солтон-Сарыдагы кен талаш


Нарын районунун акими Нуридин Мадимировдун "Азаттыкка" билдиришинче, экология маселесин атайын райондук комиссия көзөмөлдөп, маалымат берип турат. Компания 2022-жылдан тартып жылына 50 миллион сомдон социалдык пакет үчүн төлөп жатат. Рекультивация фондуна да каражат төгө баштады.

"Экология, таза суу жайыт боюнча райондук комиссия жол картасын түзүп, бир айда эки жолу тийиштүү мекемелер барып карап турат. Биз баарын көзөмөлдөп, маалыматтарды облуска берип турабыз. Ал жер таштуу жайыт, тоонун башы да, ал жакка мал деле барбайт. Жумуш бүткөндөн кийин рекультивация кылып кетишет. Рекультивациялык фондго айына акча түшүп жатат. Былтыр, мисалы, 5 миллион сом түшкөн. Топурактын үстүңкү кыртышын белгиленген жерге төгүп, жумуштар аяктагандан кийин аны кайра ордуна төшөп коюшат. Аны тиешелүү мекемелердин баары көзөмөлдөп турат. Азыр инвестициянын көлөмү 12 миллиард сомго жетип калды, анын дээрлик 90% пайдаланылды. Миң-Булак айылына салыктан тышкары соцпакет үчүн жылына 50 миллион сомдон берип турушат. Соцпакетке түшкөн каражатты Байкоочу кеңеш көзөмөлдөйт, акча негизги көйгөйлөрдү чечүүгө, бала бакча, ФАП өндүү социалдык объекттерге, жолду, жайыттарды оңдоого кетип жатат. Эмдиги жылкы акчаны биз эми өндүрүшкө иштететели, ишканаларды ачалы деп жатабыз", - дейт Мадимиров.

Дагы караңыз Өкмөттү эки анжы кылган Солтон-Сары


Бучук Нарындагы Солтон-Сары кенинин бир бөлүгү болуп саналат, экинчи тилкеси мамлекеттин карамагында. Тоо-кенчилер бирлигинин төрагасы Дүйшөнбек Камчыбековдун билдиришинче, Бучукта Алтын-Төр кенине караганда алтындын кору көбүрөөк. Ал Бучук кенин казууга уруксат алган компания убагында лицензиялык шарттарды аткарбаганын, мындан улам мамлекетке алуу сунушу көтөрүлгөнүн айтып берди.

Дүйшөнбек Камчыбеков.

"Бучук - Солтон-Сары кенинин чоң участогу. Бул жерде эки тилке бар, экинчиси Алтын-Төр, аны "Кыргызалтын" бүгүнкү күнгө чейин өздөрү иштетип келген. Кийинчерээк ал жерге индиялык компанияны тартып, фабрикасын оңдоп, кенди иштетип жатат. Эгер бул эки кендин айырмасы тууралуу айта турган болсок, Бучук алтындын курамы, кору боюнча дагы чоңураак участок болуп эсептелет. Биз убагында сунуштарды берип, кытайлык компания лицензиялык шарттарды аткарбай келе жатат, ушундан улам алардын лицензиясын алып "Кыргызалтынга" бербейлиби деп айтканбыз. Ошол маалда бул тармакты Зилалиев жетектеп турган, тилекке каршы, ал биздин сунуштарыбызды уккан да жок. Ал жерде жергиликтүү элдин малы бар, жайыты бар, суубуз, жерибиз булганат деп маселе көтөрүп келишкен. Кен иштетилгени жакшы, бирок кандай технология колдонулганы жатат, экспертизалардан толук өттүбү деген маселелерди учурунда тактап коюшубуз керек", - деди Камчыбеков.

Бучук кени. Zhong Ji Mining Company ишканасынын коомдук байланыш жаатындагы өкүлү Тынчтыкбек Алтымышевдин Фейсбук баракчасынан алынды.

Расмий маалыматка ылайык, Бучукта болжол менен 12 тонна алтындын кору бар. Башка металлдардын кору дагы 22 тоннага жакын.

Бул кенди иштетүүгө байланыштуу буга чейин бир канча жолу нааразылык билдирилип, чыр-чатактар болгон. Кенге лицензия алган Zhong Ji Mining Company ишканасы буга чейин экологиялык мыйзамдарды жана санитардык эрежелерди бузган ондогон учурлар катталганы, айрымдарына байланыштуу айып пул төлөп бергени айтылган.