Толкундар жоктоп ак кууну, томсоро түштү Ала-Тоо

Бүбүкан Досалиева тасма тартуу учурунда. 

Бүбүкан Досалиева «Азаттыктагы» кесиптештери жана АКШнын Кыргызстандагы мурдагы элчиси Мари Йованович менен. 

Бүбүкан Досалиева мурдагы президент Аскар Акаевдин колунан гүл алып жаткан кези. 

Мурдагы депутат Марат Султанов менен сүйлөшүп жаткан учуру. 

Укук коргоочу, мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун, Бүбүкан Досалиева (ортодо) жана журналист Толкун Наматбаева. 

Бүбүкан Досалиева акын Рамис Рыскулов менен. 

Бүбүкан Досалиева мурдагы депутат, саясат талдоочу Ишенбай Кадырбековдон интервью алып жатат. 

Бүбүкан Досалиева саясатчы Өмүрбек Текебаев менен маек курардын астында. 

Бүбүкан Досалиева мурдагы премьер-министр Турсунбек Чыңгышев менен маектешип жаткан кези. 

АКШнын Кыргызстандагы мурдагы элчиси Мари Йовановичтен интервью алып жаткан учур. 

Ал саясат таануу илимдеринин кандидаты болчу. КТРК, «Сары Өзөн Чүй» сыналгы каналдарын эгемендик доордо жаңы деңгээлге чыгарууга салым кошкон.

Б.Досалиева Жусуп Баласагын атындагы КУУда жана БГУда журналистика кафедраларында иштеп, жаңы муундагы далай журналисттерди тарбиялаган.

Бүбүкан Досалиева ишке келгенде жоопкерчиликтүү, абдан так эле. 

Бүбүкан Досалиева жашоону сүйгөн, жароокер, мээримдүү эне, кесиптеш катары биздин жүрөгүбүздө кала берет. 

Өксүктө атты сулуу таң,
Өчүптүр, өмүр улуу шам.
Булуттай көчүп кетиптир,
Булактай эжем Бүбүкан.

Көңүлгө түшүп будуң-чаң,
Кайгылуу атты бүгүн таң.
Кайрылбай узап кетиптир,
Карачач эжем Бүбүкан!

(Бердибек Жамгырчиев)

Жылаажын үндүү журналист Бүбүкан Досалиева капысынан келген илдеттен улам 62ге караган жашында дүйнөдөн кайтты.