Жонсондун Украинадагы "тымызын планы"

Борис Жонсон жана Владимир Зеленский. Киев, 9-апрель 2022-жыл

Борис Жонсон кырдаалдан пайдаланып, Европанын оюн карталарын чабыштыргысы келеби? Казакстанда конституциялык өзгөртүүлөр боюнча референдум жакындады. Манжалары кайрылып, муштуму жазылбай калган киши эки колун алмаштырды. Апта ичинде дүйнөлүк басылмаларга чыккан макалалар тууралуу баян.

Жонсондун жашыруун планы

Италиялык Corriere della Sera гезити 26-майда британ өкмөт башчысы Борис Жонсондун "Украинаны Европа Биримдигинен бөлүп кетүүнү көздөгөн жашыруун планы бар" деген мазмундагы макаланы басып чыгарды.

Федерико Фубини адегенде Давостогу жыйындардын бирине украин тышкы иштер министри Дмитрий Кулебанын катышпай койгонун, Европанын борбордук банкынын төрайымы Кристин Лагард жана башка жогорку даражалуу коноктор шаркеттин чек арасында уланып жаткан согушту бир да жолу сөз кылбаганын белгилеген.

Журналист ушундай көрүнүштөр Киев менен шаркеттин айрым негизги мүчөлөрүнүн ортосундагы чыңалуудан кабар берет деп эсептейт.

“Борис Жонсон мындай кырдаалдан пайдаланып, Европанын оюн карталарын чабыштыргысы келет. Премьер Евробиримдикке альтернатива катары Брюсселге ишенбей калган, Германиянын орус агрессиясына кылган мамилесине нааразы өлкөлөрдү жаңы саясий, экономикалык жана аскердик биримдикке топтоону көздөөдө”, - деп айтылат макалада.

Маалыматка караганда, Жонсон өз идеясын биринчи жолу Владимир Зеленскийге 9-апрелде Киевге барганда сунуш кылган.

Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен жана украин президенти Владимир Зеленский. Киев, 8-апрель 2022-жыл

"Ага ылайык, Европа шериктештигине Британия лидер болуп, Украинадан тышкары Польша, Эстония, Латвия жана Литва камтылмакчы. Кийинки этапта Түркиянын да кошулуусу каралган. Автор бул маселеден кабары бар булактарга таянып жазгандай, украин бийлиги сунушка дароо көнбөгөнү менен кескин четке каккан эмес. Германия жана Франциядагы саясий элита арасында Путин утулат деп үмүттөнгөндөр аз экенине Киевдин көзү жетти", - деп улантат италиялык журналист.

"Зеленский Еврошаркеттин 23-июнга пландалган саммитин күтүп жатат. 27 мамлекеттин өкүлдөрү Украинага уюмга талапкер макамын берүү маселесин чечишмекчи. Бирок чечим Киев күткөндөй болбой калышы да мүмкүн. Балким ошондо Зеленский Жонсондун сунушуна олуттуураак мамиле кылат", - деп боолгойт Фубини.

Дагы караңыз "Путин чама-чаркын билди, өтө ачууланып турат"


Макалада айтылгандай, балким бул өңдүү кептер европалык лидерлерге басым кылуу үчүн тарап жатат. Лондондун Украинаны каржы жагынан колдоо үчүн Брюсселдикиндей мүмкүнчүлүктөрү жок, экинчи жагынан Балтика өлкөлөрү жана Польша Евробиримдик менен мамилеге көлөкө түшүргөн демилгеге кошулуп кетиши күмөн. “Кандай болгон күндө да Путин ачкан согуш 4-айга аяк басканда Европада алгачкы саясий жаракалар кете баштады”, - деп жыйынтыкталат макала.

Казакстан: 56 түзөтүү каралган референдум

Deutsche welle Казакстанда конституциялык өзгөртүүлөр боюнча референдум жакындаганын эске салып, үгүт иштери башталганын жазды. Ошол эле маалда эксперттердин пикиринде, жарандардын көбү конкреттүү эмне үчүн добуш бериши керектигин түшүнө элек. Репортажда айтылгандай, 5-июнга белгиленген референдумду өткөрүү демилгесин президент Касым-Жомарт Токаев өзү көтөргөн.

Мамлекет башчы ошондо “алдыдагы маанилүү өзгөрүүлөр өлкөнүн келечегине олуттуу таасир этерин” айткан.

Элдик добуш берүүгө бир эле, бирок абдан узун суроо алынып чыккан: “2022-жылдын 6-майында жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган “Казакстан жумуриятынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү” тууралуу мыйзам долбоорунда айтылган Казакстан жумуриятынын Конституциясына өзгртүүлөрдү жана толуктоолорду кабыл аласыңарбы?”.

Нур Султан шаары

Алсак, президент, сот органдарынын жетекчилери, аскер кызматкерлери, тартип коргоочу жана атайын органдардын кызматкерлери бир да партияга мүчө болбошу керек деген норма, парламентти жаңы тартип боюнча куроо жана башка сунуштар бар. Бардыгы болуп референдумдун жыйынтыгына жараша 56 түзөтүү киргизүү каралууда.

Журналисттер катардагы казакстандыктарды сөзгө тартканда алардын бири, 75 жаштагы Курбанбай ата чоң текстти үч жолу окуп чыгууга аракеттенгенин, бирок 56 сунуштун бардыгын түшүнө албаганын айтып берген.

“Назарбаевдин тушундагыдай болбойт”, – дегенди эле түшүндүм, - деп айткан Алматы облусунун тургуну.

Дагы караңыз Борбор Азиядагы Баш мыйзам өзгөртүү адаты

Мурдагы дипломат, коомдук ишмеер Казбек Бейсебаев референдумга баруу керекпи же жокпу деген эки анжы ойдо. Анын айтымында, үгүт иштери чабал жүрүүдө, өнөктүктүн жыйынтыгы баары бир алдын ала аныкталган. Бейсебаев алымча-кошумчаларды түшүнүү үчүн юрист гана эмес, мамлекеттик укук боюнча адис болуш керек деген ою менен бөлүшөт.

Ал эми саясатчы Амиржан Косанов референдумга барыш керек деген пикирди карманат. Ал Токаев сунуш кылган өзгөртүүлөр казак коомунун демократиялык мүдөөсүнө жүз процент жооп бербегени менен «елбасизмден» Конституциянын деңгээлинде арылуу үчүн президенттин демилгесине колдоо көргөзүү керек деп эсептейт.

Колун алмаштырган киши жумуш издейт

BBC маалымат корпорациясынын сайтында 26-майда шотландиялык Стивен Гэллахер жөнүндө баяндама жарык көрдү.

Дрегорн деген чакан кыштактын 48 жаштагы тургуну 13 жыл мурда ооруп калганга чейин чатыр жапкан уста болуп иштечү. Бети-башына бүдүр чыгып, колдору ооруй баштаганда дарыгерлер түрдүү диагноз коюп, бир нече убакттын кийин гана склеродермия деген аутоиммундук илдетке чалдыкканы аныкталган.

Жети жылдай мурун анын манжалары кайрылып, муштуму жазылбай калган. Ошондо Стивенди Глазго шаарындагы пластикалык хирург, профессор Эндрю Хартка жөнөтүшкөн. Дарыгер Стивенге эки колун билегинен ылдый алмаштырууну сунуш кылган экен.

Макалада айтылгандай, Британияда колдун трансплантациясы 2016-жылы биринчи жолу ишке ашырылган. Ал эми Стивен склеродермияга байланыштуу колу ооштурулган биринчи бейтап болуп калды.

Дагы караңыз Чочконун жүрөгү адамга жарайт


12 саатка созулган операцияны 30 адистен турган команда былтыр декабрда жасаган. Ошондон бери ал физиотерапиядан өтүп, дарыгерлерге көрүнүп турат. Азырынча Стивен кийимин өз алдынча топчулай албайт, бирок кранды ачып, стаканга суу куюп ичүүгө жарап калды.

Дарыгерлердин айтымында, ички органдардын трансплантациясына караганда бул өңдүү операцияларда бейтаптын психологдор менен иштегени маанилүү. Себеби анын колу көз алдында болуп, операцияны дайыма эске салып турат.

Стивен болсо жашоосу өзгөргөнүн, бара-бара жумуш издей баштарын айткан.