Британ канзаадасы Уилям менен Кейттин үйлөнүү тою

Улуу Британиянын канзаадасы Уилям менен жубайы Кэтрин. Лондон шаары, 2011-жылдын 29-апрели.

Бүгүн (29-апрелде) өтүп жаткан Улуу Британиянын канзаадасы Уилям менен Кейт Миддлтондун үйлөнүү үлпөтү дүйнөдөгү миллиондогон кишилердин назарын бурду. 28 жаштагы Уилям – канзаада Чарлздын мурдагы жубайы, маркум Диана төрөгөн эки уулунун улуусу. Канзаада Уилям каныша Элизабет Экинчинин тактысына мураскор катары атасынан кийинки орунда турат.

Бүгүн Лондондун Вестминстер сыйынуу үйүндө жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:00де - Бишкек убакыты боюнча саат 16:00да башталган канзаада Уилям менен колуктусу Кейт Миддлтондун үйлөнүү жөрөлгөсү сыналгы, үналгы жана интернеттин YouTube жана башка тармактары аркылуу дүйнө жүзүнө түз маалымдалып жатты.

Ошентип, миллиондогон кишилер Кентербери архиепискобу Рован Уилямс (Archbishop of Canterbury Rowan Williams) нике жөрөлгөсү маалында эки жаштын ар бирине кайрылып, “туттуңбу” деп сураганын жана эки жаштын жообун угуп жана көрүп турушту.
Бэкингем сарайынын жанында котологон калайык. Лондон. 2011-жылдын 29-апрели.

Ошентип, түбөлүккө кол кармашкан жубайлар деп жарыя кылынган эки жаш сыйынуу жайынан Бекингем сарайына алтын жалатылган үстү ачык араба менен келишти.

Бул аксарайда Кейттин чоң кайненеси каныша Элизабет Экинчи турат эмеспи.

Лондондогу тойго көрүүчү катары катышууга ашыгып келген он миңдеген коноктордун айрымдарынын сөзүн угалы.

Бүгүн таңга маал Кошмо Штаттардан улуу тойду көрүү үчүн Лондонго учуп келген Нина аттуу студент кыз “Азаттыкка” мындай дейт:

- Менин учагым коноор замат, бул жакка автобус менен жетип алдым.

Ал эми Жоана Шинн (Joanna Shinn) аттуу орто жашка келип калган лондондук айым болсо Улуу Британиянын ордо шаары болуп көрбөгөндөй майрамдык шаңга бөлөнгөнүн мындайча сыпаттайт:

- Кайда болсоң да ар кыл кишилер менен баарлашасың. Биз бул жакка сейилдеп басканда, жүк унаалардын айдоочулары, таксичилер кол булгалап, сигнал берип жатышты. Чынында да сонун окуя болуп жатат. Менимче, биз ушундай маанайды күтүп келгенбиз.

Улуу Британиянын өкмөт башчысы Дэвид Камерон (David Cameron) да бүгүнкү никелешүү жөрөлгөсү дүйнө назарын бурганына канааттана мындай деп айтты:

- Бул абдан жагымдуу көрүнүш – биз Жаңы Зеландиядан, Австралиядан, Канададан келген конокторду көрүп турабыз. Абдан көп калайык мында шаттанып көңүл ачып жүрөт.

"Чоң үйдө күлсө, кичүү үйдө жылмаят" дегендей, бул никелешүү салтанатынын аркасы менен көчөлөрдө беш миңден ашуун ар кыл майрамдык окуялар өтүп жатат.

Бул күндү британ өкмөтү расмий майрам деп жарыялаган.
Канзаада Уилям менен колуктусу Кейт үйлөнүү үлпөтү маалында. Вестминстер сыйынуу жайы, Лондон. 2011-жылдын 29-апрели.

Каныша Элизабет Экинчи болсо өз небереси жана мураскорлорунун бири Уилямды “Кэмбриж Беги” деп жарыялады. Демек, анын жубайы, 29 жаштагы Кейт эми “Кэмбриж Бекбийкеси Кэтрин” болуп калды.

Ошентип, Кейт айым Британ падышалыгынын 350 жылдан берки тарыхында мураскор канзаадага турмушка чыккан теги карапайым алгачкы колукту болуп калды.

Лондондун Бэкингем сарайы менен Вестминстер сыйынуу үйүнүн ортосунда миңдеген британ полиция жана коопсуздук кызматкерлери тойдун салтанатына күбө болууга ашыккан алты жүз миңден ашуун кишилердин коопсуздугун сактап күзөттө турат.

Видео тасма. Үйлөнүү тоюнан айрым көрүнүштөр.


Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Британ канзаадасынын үйлөнүү тою



Британ канзаадасы, ушул тапта тактынын мураскору катары атасы Чарлздан кийинки экинчи орунда турган Уилям менен Кейт Миддлтондун үйлөнүү үлпөтү болду. Лондон шаары. 2011-жылдын 29-апрели. Reuters.