Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финполиция) тергөөчүлөрү "KAZ Minerals Bozymchak" компаниясын 6-7-июнда бир сыйра тинтип чыгышты.
Тергөөчүлөр "жашырылды" деген 55 млн. сомдук салыкка байланыштуу ишканадагы кагаздарды, документтерди текшерди. Алар ошондой эле кендин курамын текшерүү үчүн концентраттардан бир ууч алып кетишти.
Талды-Булактын алтыны таламайга түшкөнбү?
Талды-Булактын алтыны таламайга түшкөнбү?
Кыргызстандын ондогон тонна алтын корун ичине камтыган тоо-кен тармагы эл аралык чайкоочулардын оңой олжосуна айланууда.
Бул боюнча "Азаттыкка" компаниянын коомчулук менен байланыш департаментинин башчысы Жайыл Дадиев билдирди:
- Козголгон кылмыш ишинин алкагында биздин ишканада мыйзам чегинде тинтүү болду. Биз тергөөчүлөргө эч кандай тоскоолдук кылган жокпуз. Алар керектүү материалдарды алышты. Бирок ишибиз үзгүлтүккө учураган жок, учурда компания штаттык режимде иштеп жатат. Жумушчулар кадимкидей эле эмгектенүүдө, иш токтогон жок.
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат ишканада тинтүү болгонун ырастаган да, төгүндөгөн да жок.
Буга чейин Мамлекеттик салык кызматы "KAZ Minerals Bozymchaк" компаниясы 2014-2016-жылдар аралыгында 55 млн. сомдон ашуун салыкты төлөбөгөнүн билдирген.
Натыйжада компанияга карата кылмыш иши козголгон. Ага байланыштуу ишкананын башкы директору Ильяс Тулекеев 26-майда кармалып, 28-майда Биринчи май райондук сотунун чечими менен бошотулган.
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын басма сөз катчысы Анастасия Пискур ишканага карата козголгон кылмыш ишинин себебин гана түшүндүрдү:
- Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси ("Чарба жүргүзүүчү субъектилердин кызмат адамдарынын салыктарды жана милдеттүү камсыздандыруу акыларынан четтеши") менен кылмыш ишин козгогон. Мамлекеттик салык кызматы текшергенде бул ишкана 2014-жылдан бери салыкты "курамында алтын бар концентраттан" түшкөн киреше түрүндө эмес, "курамында жез бар концентраттан түшкөн киреше" түрүндө төлөп жүргөнү аныкталган. Учурда бул факты боюнча тергөө уланууда.
Кылмыш иши козголгондон кийин кеп болуп жаткан 55 млн. сомду "KAZ Minerals Bozymchaк" компаниясы Финполициянын эсебине которуп берген. Бирок ишкана Финполиция койгон дооматтарды толук мойнуна албай келет. Ал тургай алардын талашы соттошууга чейин жетти.
"KAZ Minerals Bozymchak" компаниясынын өкүлү Жайыл Дадиев бул боюнча өз жүйөсүн келтирди:
- Биздин компания ушул мезгилге чейин Кыргызстанга 350 млн. доллардан ашык инвестиция алып келген. 55 млн. сом менен 350 млн. долларды салыштырсак, бул сумма деңиздин үстүндөгү бир тамчы болуп калат. Ошондуктан компания аны төлөөдөн эч качан баш тартпайт. Болгону бул талаш маселе болгондуктан биз сотко кайрылганбыз. Сот эгер бизди күнөөлүү деп таап, “акчаны төлөсүн” десе, акча мамлекеттин бюджетине кетет. Эгер биз утуп чыксак, анда алар акчаны кайра бизге кайтарып бериши керек. Акча азыр Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын депозиттик эсебинде турат.
Эки тараптын талашы боюнча ишти Бишкектин район аралык экономикалык соту 2-июль күнү карайт.
Акаев: Бизде ишкерди иштетишпейт
Акаев: Бизде ишкерди иштетишпейт
Айрым адистер алтын өндүрүүчү ири компанияга карата кылмыш ишин козгоону, жетекчисин камакка алууну жана кеңсесин тинтүүнү сынга алып чыгышты.
Кыргызстандагы Алтын өндүрүүчүлөр ассоциациясынын директору Алмазбек Жакыпов бул басымдар башка инвесторлорду да коркутту деп эсептейт:
- Бул жерде “бөрк ал десе баш алган” принцип менен иш кетип жатат. Ал жездин эле концентраты беле же алтын менен жездин концентраты беле - аны жөн эле текшерүү менен, сүйлөшүү менен эле чечип, ийге салып койсо болот. Дароо эле кылмыш ишин козгоп, анан анын директорун камап жибергенден эмне чыгат? Ал эмне, киши өлтүрдүбү? Бул жарандык эле иш катары каралса болот да. Инвесторлорго карата мындай кылыктар, тээ чет элде Кыргызстандын аброюн түшүрүп жатат. Мындай аракеттер менен эртеңки келе турган инвесторлорду үркүтүп жатабыз. Башка жактан бир ишкерлерди көндүрүп алып келиш кыйын болуп калды, бизге. Келип алгандар болсо ушундай ызы-чууну көрүп, кайра кетүүгө камынып жатышат. Компания ката кетирген болсо, түшүндүрүп, "мындай кайталанбасын" деп койсо эле иш бүтмөк да.
"KAZ Minerals Bozymchak" "KAZ Minerals PLC" компаниясынын курамына кирет. Аталган компания Кыргызстанда 2007-жылы "Казахмыс Голд Кыргызстан" деген аталыш менен иштей баштаган. 2015-жылдын 31-октябрында "KAZ Minerals Bozymchak" болуп өзгөргөн. Компания Ала-Бука районундагы Бозумчак алтын-жез кенин иштетет. Учурда тоо-кен байлыктарын кайра иштетүүчү комбинатта миңдей адам эмгектенет. Иштегенден бери компания Кыргызстанга 3 млрд. сомдун тегерегинде салык төккөн.
Бирок ишкана курулуп баштагандан бери бир катар нааразылыктарга кабылды. Жергиликтүү тургундар бир нече жолу аларга каршылык билдирип жолду жаап, митингдерди өткөрүшкөн. Концентрат ташыган автоунааларды да кое бербей койгон учурлар болгон.
Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаев буларга токтолду:
- Эгерде бул жерде салыкты жашыруу аракети аныкталса - компанияга Мамлекеттик салык инспекциясы биринчи кезекте эскертүү берип, алдын алышы керек эле. Биринчи үч-төрт жолу эскертүү берет, андан кийин барып Финполицияга ашырат да. Алар да эскерткенден кийин болбосо анан жетекчисин камакка алса керек. Бул жерде баары өзүн процедуралары менен болсо - баары мыйзамдуу эле, анан жөн эле барып коркутса - анда туура эмес болуп калат. Эгерде салыкты төлөбөй качып жүргөн болсо, "KAZ Minerals Bozymchak" компаниясы же башкасы баары бир төлөшү керек болот.
Компанияларга карата нааразылыктар буга чейин Кадамжайда Шамбесай кенине жана Чаткалда Иштамберди кенине, Тогуз-Тородо Макмал кенине байланыштуу болгон. Акыркы жолу, быйыл 11-апрелде Тогуз-Торо районунда "Жи Эл Макмал Девелопинг" компаниясынын ишмердигине каршы жергиликтүү тургундар нааразылык акциясына чыгып, жаңы курулуп жаткан заводду өрттөп салышкан. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, 12 адам камакка алынган.
Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда кен казууга 2500дөн ашуун лицензия берилген болсо, мунун жарымы тоо-кенине байланыштуу. Лицензия алган компаниялардын 300-350сү гана иштеп жатса, анын отузга жакыны алтын казуу менен алектенет. Кумтөр кенин иштеткен “Центерра Голд” компаниясы булардын эң ириси болуп саналат.