Бороновдун «техникалык» өкмөтү

Кубатбек Боронов.

Кубатбек Боронов премьер-министрликке парламентте эч тоскоолдуксуз эле бекитилери буга чейинки коалиция жыйынында эле дайын болуп калган.

Экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кызматынан кетерин жарыялагандан жарым сутка өтпөй көпчүлүк коалиция сунуштаган Кубатбек Боронов жетектеген өкмөттүн курамын жана программасын депутаттардын дээрлик баары колдоду. Тагыраагы, жыйынга катышкан 107 депутаттын 105и макул деген добуш берди. Эки гана депутат каршы болду.

Ошентип, Кубатбек Боронов Кыргызстандын 29 жылдык эгемендик тарыхындагы 31-өкмөттү башкармай болду. Эми парламенттин бекитүүсүнөн соң президент жарлык чыгарышы керек.

Боронов парламентте сүйлөп жатып, өзү жетектеген өкмөт «техникалык өкмөт» болот деп жарыялады. Жаңы премьер өкмөттүн «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» деп аталган мурдагы программасын ишке ашырууну улантууга убада берди:

«2020-жылдын башынан тартып дүйнөнү дүрбөлөңгө салган коронавирус пандемиясы чыкты. Бул илдет өлкөлөрдүн бай же кедей экономикасына, жогорку технологиясына карабай баарына жайылды. Ошондуктан өкмөт жыл башында түзүлгөн экономикалык план-программаларды кайра карап чыгууга мажбур. Жылдын аягына чейин өкмөттүн артыкчылыктуу багыттарына бир катар өзгөртүүлөр киргизилет. Биз 11 артыкчылыктуу багыт боюнча иштөөнү максат кылып жатабыз. Алардын эң алгачкысы - коронавирус пандемиясына байланыштуу жаралган экономикалык жоготууларды токтотуп калуу», - деди Боронов.

Боронов өлкөнүн тышкы карызын төлөөнү токтото туруу, санариптештирүүнү улантуу сыяктуу багыттарды жарыялады.

Жогорку Кеңеште өкмөттү бекитүү маселеси каралып жаткан маалда кызуу деле талкуу болгон жок. Дээрлик бардык депутаттар Бороновдун талапкерлигин колдоп, тажрыйбалуу адис катары сыпаттап жатышты. Маселен, депутат Үмбөталы Кыдыралиев Кубатбек Боронов азыркы шартта премьер-министрликке татыктуу талапкер экенин билдирди:

«Өкмөттүн курамында сиз чыныгы лидерсиз. Тажрыйбаңыз, билимиңиз бар. Экономиканы, чарбаны абдан жакшы билесиз. Ошондуктан сизди колдойбуз».

Дал ушундай маанайда келечектеги өкмөт башчыга сын айткан 1-2 гана депутат болду. «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Наталья Никитенко мурдагы өкмөттүн ишин улантууну туура эмес кадам катары баалайт:

«Мени "Абылгазиевдин өкмөтүнүн иштөө курсун улантам" дегениңиз кооптондуруп жатат. Дарыгерлерге, милицияларга кошумча төлөмдү бербеген өкмөттүн курсун улантып кереги жок. Криминалды, коррупцияны тыя албаган курстун кереги жок. Суранам, аны улантпаңыз. Азыр техникалык өкмөт экениңизди, шайлоого камынып жатканыңызды моюнга алып жатасыз. Шайлоого даярдануу - бул Боршайкомдун иши».

Чынында эле учурда Кыргызстанда экономиканын абалы жакшы эмес. Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, быйылкы жылдын беш айында 13,3 миллиард сом бюджетке түшпөй калган. Ал эми жылдын аягына чейин бул көрсөткүч 27,6 миллиард сомго чейин жетет болжолдонууда. Өкмөт тартыштыкты жоюу боюнча ички резервдер изделип жатканын айтканы менен конкреттүү булактар белгилүү элек. Муну өкмөт деле мойнуна алып, эл аралык финансы институттардан келчү насыя менен гранттарга үмүт артып отурат.

Дал ушундай шартта батыл реформага барчу, жаңычыл программасы бар өкмөт сунушталса болмок деген пикирлер айтылууда. Маселен, жакында «Ата Мекен» партиясынын туусунун алдында биригип, оппозицияга өткөнүн жарыялаган бирикме премьер-министрликке альтернативалуу талапкер катары экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакировду көрсөтөрүн айтып чыгышты.

Элдар Абакиров

Партиянын кайрылуусунда мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин ишмердүүлүгүн сындап, анын ордуна сунушталып жаткан Кубатбек Боронов өкмөттүн ишин алдыга жылдырып кете турган ынанымдуу талапкер эмес экени айтылган.

Бирок оппозициячыл бирикменин талапкери боюнча парламентте сөз болгон жок.

Өкмөт эмнени өзгөртөт?

Учурда жаңы өкмөт эмнени өзгөртөт жана андан эмнени күтүүгө болот деген суроо турат. Ал пандемиялык шартта, парламенттик шайлоого чейинки үч айлык мөөнөткө бекитилди. Буга чейин айтылгандай, Боронов өтө дымактуу пландарды деле койгон жок. Алардын ичинен пандемияга байланыштуу экономикалык маселелерди чечүү, күзүндө өтчү шайлоону өткөрүүгө камылга көрүү милдети турат. Бирок азыркы шартта Бороновдун өкмөтүнөн өтө көп үмүт арткандар жокко эсе. Буга бир нече себеп бар экенин айтышат.

Саясатчы Бектур Асанов Кубатбек Боронов президенттин көздөй кадры болгону үчүн парламенттик шайлоону өткөрүүгө бул кызматка дайындалды деген ойдо. Ал учурда өкмөт башчынын саясий салмагы абдан начарлаганын айтты:

Бектур Асанов

«Боронов бүгүн премьер-министр эмес. Аны ачык эле айтышыбыз керек. Иш жүзүндө президенттин экономикалык иштер боюнча жардамчысы деп койсок болот. Президент болсо премьер катары иштеп жатат. Ал бардык чечимдерди кабыл алат. Аппарат башчы ким болот, ким кайда барып иштейт - муну президент чечип жатат. Парламент болсо СССР учурундагы Жогорку Кеңештей бир каршы пикир жок, өткөрүп берет».

Мындай пикирди депутат Жанар Акаев да колдоп, премьер-министр менен биринчи вице-премьер шайлоодо бийликчил партияларга жан тартышы мүмкүн экенин айтууда.

Жогорку Кеңештин жыйынында Кубатбек Боронов парламенттик шайлоонун ачык-айкын өтүшүнө аракет көрөрүн убада кылды:

«Кечээ президент Сооронбай Шариповичтин кабыл алуусунда болдук. Ал киши да шайлоону таза өткөрүп берүүнү суранды. Принципиалдуу түрдө биз таза шайлоо өткөрүп беришибиз керек».

Боронов жана анын командасы

56 жаштагы Кубатбек Боронов кесиби боюнча куруучу. Ал Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 2003-жылы келип, 2011-жылы министр болуп дайындалган. Бул кызматта жети жылдан ашык эмгектенип, акыркы жылдардагы эң узак мөөнөт иштеген министр болуп калды.

2018-жылы Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөтүндө биринчи вице-премьерликке дайындалып, ушуга чейин бул кызматта иштеп келди.

Саясий чөйрөдө Бороновду саясаттан алыс, өз ишин так аткарган адам катары сыпатташат. Ал жетектеген өкмөттүн курамы дээрлик өзгөргөн жок.

Премьер-министрден башка өкмөттүн үч гана мүчөсү алмашты. Кызматтан жогорулаган Бороновдун ордуна биринчи вице-премьер катары өткөн жумада гана депутаттык мандатын тапшырган Алмазбек Баатырбеков сунушталды.

Алмазбек Баатырбеков

Университетти бүтүргөн соң Салык кызматында, алкогол өндүрүшүн көзөмөлдөө инспекциясында иштеген Баатырбеков 2010-жылы «Республика» партиясынын тизмеси менен депутаттыкка шайланган. Ал эми 2015-жылы «Кыргызстан» партиясынан шайланып, бир нече жыл парламенттеги фракциясын жетектеп келди.

Ал эми мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен кошо радио жыштык чыры боюнча сурак берип жаткан аппараттын жетекчиси Самат Кылжыевдин орунда Таалайбек Темиралиев бекитилди. Ошондой эле чет өлкөдөгү окуусуна байланыштуу кызматтан кеткен Маалыматтык технологиялар мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоевдин ордуна Алтынбек Исмаилов келди.

Темиралиев Боронов өзгөчө кырдаалдар министри болуп турган учурда бир топ жыл статс-катчы болуп эмгектенип, жаңы премьердин сырдана кадрларынын бири. Ал акыркы жолу «Дастан» заводунун жетекчиси болуп иштеп туруп, быйыл март айында жумуштан кеткен.

Ал эми Маалыматтык технологиялар комитетининин жетекчилигине келген 34 жаштагы Алтынбек Исмаилов буга чейин Жогорку технологиялар паркынын жетекчиси катары таанымал. Кесиби боюнча IT-адиси Исмаилов АКШдагы Колумбия университетинин мамлекетти башкаруу адистигин бүтүргөн.

Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү тууралуу арызын 15-июнда берген. Анын арызында радио жыштык боюнча иликтенип жаткан иштер аягына чыга электигине байланыштуу кызматтан кетүү тууралуу чечимди кабыл алганы белгиленген. Арызды президент Сооронбай Жээнбеков 16-июнда кабыл алып, ошол эле күнү аны кызматынан бошоткон.

Эксперттер талдайт: Техникалык өкмөт: эмне өзгөрөт?

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​