Талгат Аланов талашка жем таштады

Чек ара. Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик чек ара кызматындагы мыйзамсыз иштер тууралуу айтып чыккан офицер Талгат Алановго каршы беш кызматташы Ош шаардык сотуна кайрылды.

Подполковник Талгат Алановдун 2019-жылдын 27-ноябрында өткөн басма сөз жыйынындагы билдирүүсүнөн кийин Ош гарнизонунун аскер прокуратурасы териштирүү ишин баштаган. Бирок териштирүүнүн жыйынтыгы чыга элек. Коррупция тууралуу айтып чыккан офицер Талгат Аланов өзүнө карата куугунтук болуп жатканын айтууда.

2019-жылдын 27-ноябрында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын улук офицери Талгат Аланов басма сөз жыйынын өткөрүп, журналисттерге өзү иштеген мекемедеги мыйзамсыз иштер тууралуу маалымдаган. Анда Аланов «Достук» жана «Эркечтам» чек ара көзөмөл-өткөрмө бекетиндеги акча топтоо, Алай районунун аймагындагы Сары-Таш заставасынын кызматкерлери чабандардан мал-жандык алган фактыларын мисал келтирген. Талгат Аланов Мамлекеттик чек ара кызматынын башында тургандар кошуна өлкөлөр менен чектеш аймактардагы көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде иштеген кызматкерлерден «үлүш» алып турарын, түзүмдүн ичинде жазылбаган мыйзамдар бар экенин айтып, кызмат орундары акчага сатыларын да кошумчалаган.

Коомчулукка жайылган бул билдирүүдөн кийин Ош гарнизонунун аскер прокуратурасы териштирүү ишин баштаган. Анын жыйынтыгы чыга элек жатып Талгат Алановдун үстүнөн беш кызматташы Ош шаардык сотуна арыз жазды. Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Илгиз Талипов сотко кайрылуунун себебин мындайча түшүндүрдү:

Илгиз Талипов.

- Бул жерде төрт аскер кызматкери жана мен Ош шаардык сотуна арыз жазганбыз. Мен жетектеген чек ара башкармалыгынын аброюна шек келтирип, терс маалымат таратканы үчүн арыз жаздым. Арызыбыз кабыл алынган. Биз сотко арыз жазуудан мурда ойлондук, кеңештик. Себеби, коомчулукта атыбызга көө жукпасын дедик. Биз - аскер кызматкерибиз. Бизде тартип бар. Подполковник Талгат Аланов эс алууда жүрүп, жетекчиликке кайрылбай туруп басма сөз жыйынын өткөргөнүн туура эмес деп эсептейм. Ошондуктан биз сотко кайрылдык.

Талгат Алановдун Мамлекеттик чек ара кызматындагы мыйзамсыз иштер тууралуу билдирүүсүнөн кийин Ош гарнизонунун Аскер прокуратурасы териштирүүнүн жыйынтыгын чыгара элек.

Өзү иштеген мекемедеги коррупцияны айтып чыккан офицер Аскер прокуратурасындагы териштирүүнүн жыйынтыгы чыкпай туруп беш кызматташынын Ош шаардык сотуна кайрылуусу мыйзамсыз деп эсептейт.

Талгат Аланов.

- Бул мыйзамга туура келбейт, - деди ал. - Себеби, азыр Аскер прокуратурасында иликтөө жүрүп жатат. Анын жыйынтыгы менен сот менин басма сөз жыйынында айткандарыма баа берет. «Аланов туура же туура эмес айтыптыр» деген соттун чечиминин негизинде булар сотко берсе болмок.

Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын улук офицери Талгат Алановго каршы «Достук» чек ара өткөрмө бекетинин эки кызматкери, «Эркечтам» чек ара өткөрмө бекетинин бир кызматкери жана Алай районунун аймагындагы Сары-Таш чек ара заставасынын фелдшери сотко арыз жазышкан. Алар Талгат Алановдун басма сөз жыйынында айткандарын төгүндөп, «коомчулукка жалган маалымат таратып, кадыр-баркыбызга шек келтирди» деген жүйө менен ар бирине 100 миң сомдон кенемте төлөп беришин арызда өтүнүшкөн. «Эркечтам» чек ара бекетинин улук көзөмөлдөөчүсү Абдыжапар Карыпбеков буларды айтты:

Абдыжапар Карыпбеков.

- Аланов менин атыма жалган жалаа жапкандыгы үчүн актыгымды аныктайын деп арыз жаздым. Ал басма сөз жыйынында мени «пенсияга чыкса да иштеп жатат» деп айткан. Мен пенсияга жете элекмин, ошондуктан мыйзам чегинде кызматым 11 айга узартылган. Азыр эми аз күндө пенсияга чыгам, жашым жетти. Андан кийин Мамлекеттик чек ара кызматында иштебейм.

Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов Талгат Алановго каршы беш чек арачы жазган арыз катталганын, бирок сот отуруму кайсы күнү өтөрү белгисиз экенин билдирди:

- Чек арачылардын арызы келип түштү. Бирок азырынча сот отуруму качан болору белгисиз.

Коррупцияга каршы «Таза Кол» фондунун жетекчиси Расул Умбеталиев Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөш эмес, коррупцияны айтып чыккандарга каршы күрөш жүрүп жатат деген пикирде.

Расул Умбеталиев.

- Азыркы бийлик коррупцияны айтып чыккандарга каршы күрөшүп жатат, - деди ал. - Өзү иштеген жердеги мыйзамсыз иштердин кынтыгын таап айткан чек арачыны камап жатышат. Бул туура эмес. Мамлекеттик чек ара кызматында коррупция бар экенин баары билет. Чек ара өткөрмө бекеттеринен паспортсуз өткөрүп жатышат, товарларды мыйзамсыз киргизип өткөрүп жатышат. Бул коррупциялашкан мамлекеттик кызмат. Мыйзамсыз иштерди айткан чек арачыны мамлекет коргоого алышы керек эле. Аны тескерисинче камакка алып жатат.

Ал арада Мамлекеттик чек ара кызматы подполковник Талгат Алановдун 2005-жылдан бери жетекчиликтин уруксатын албастан 300 ирет Кыргызстандан сыртка чыкканын тастыктады. Мекеменин басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаеванын «Азаттыкка» берген маалыматына караганда, офицер Талгат Аланов боюнча топтолгон материал Аскер прокуратурасына берилди. Анда подполковник Талгат Алановдун качан чек арадан өткөнү жана кайсы өлкөлөргө барганы көрсөтүлгөн.

- Ал кошуна Казакстанга эле эмес, Кытайга жана Бириккен Араб Эмираттарына да барган. Бул факт боюнча материал учурда Алановдун ишин иликтеп жаткан Аскер прокуратурасына берилди, - деди мекеме өкүлү.

Ошол эле кезде Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчилигинин Алановдун чет өлкөдөгү сапарлары тууралуу эмне үчүн ал коррупция тууралуу айтып чыккандан кийин гана жарыялап жатышканы белгисиз болуп жатат.

Дагы караңыз Офицер чек арадагы жемкорлукту сындады

Ал эми подполковник Талгат Аланов чек арадагы мыйзамсыз иштерди айтып чыккандыгы үчүн куугунтук болуп жатканын, телефон аркылуу коркутуу, үй-бүлөсүн бузууга аракеттер болуп жатканын билдирди:

- Телефондон коркутуп жатышат. Аты-жыты билинбеген тармактардан чалып, ойго келбеген сөздөрдү айтышат. «Сени жок кылабыз» деп коркутушат. Ар дайым болуп жатат мындайлар. Жакында эле эртең менен мен үйдөн жумушка чыгып кеткенден кийин эшигиме конверт таштап кетишиптир. Анда ар кандай сүрөттөр жана жалган маалымат камтылган кат бар экен. Булар эми үй-бүлөмдү бузууга аракет кылып жатышат.

Бирок Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Илгиз Талипов Талгат Алановдун айткандарын кетке кагып, ага карата кызматтык куугунтук, коркутуу болбогонун айтты:

- Алановго эч ким тоскоолдук кылган жок. Коркутуу да болгон жок. Ал коррупция менен күрөшөм десе күрөшсүн. Бирок анын тартиби бар да. Биз - аскер кызматкерибиз.

Сотко кайрылган беш чек арачы эгерде мыйзам алар тарапта болуп, коюлган 500 миң сом кенемте төлөнсө, аны Лейлекте окко учкан чек арачынын үй-бүлөсүнө жана Баткендин Көк-Таш айылындагы окуяга катышкан чек арачыларга жардам иретинде берерин айтышты.

Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин алгачкы жыйынында «коррупция менен күрөшчүлөр өздөрү ага малынып турат» деп мамлекеттик органдарды кескин сынга алган жайы бар.

- Коррупцияга малынгандарга өз элин, мамлекетин, ишин саткандар катары караш керек. Буларга биздин арабызда жүрө албай тургандай, эл душманы катары мамиле кылуу зарыл, - деген анда Сооронбай Жээнбеков.

Президент ошондой эле элди бир канча жолу коррупция менен күрөшүүгө да чакырган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​