Кыргызстанды кошпогондо Борбор Азия мамлекеттеринин бийликтери президенттик шайлоодо "куурчак талапкерлерди" колдонууну улантууда.
Бул өлкөлөрдө бийлик башындагы адамдын эмес, Конституциянын улам-улам өзгөрүп турушу кадыресе көрүнүш. Кээде президенттер алмашат, бирок башкаруу формасы эски бойдон калат.
“Азаттыктын” казак кызматынын “Шайхана” блогунун автору Куанышбек Кари жазган макаланы кыргыз тилинде сунуш кылабыз.
Казакстан: кийинки президент ким болот?
20-ноябрда Казакстанда президенттик шайлоо өтөт. Борбордук шайлоо комиссиясы каттаган талапкерлердин азыркы президент Касым-Жомарт Токаевден башкасы анчейин таанымал эмес адамдар. Быйыл өзгөртүлгөн Конституцияга ылайык, алты талапкер бир жолку жети жылдык президенттик мөөнөткө ат салышат:
- Кесипкөй социалдык кызматкерлердин улуттук альянсынан - Каракат Абден;
- Улуттук социал-демократиялык партиядан - Нурлан Ауесбаев;
- “Ауыл” партиясынан Жигули Дайрабаев;
- "Аманат” кесиптик кошуундар шериктештигинен Мейрам Кажыкен;
- Парламенттеги үч партиядан жана бир канча уюмдан турган “Элдик коалициядан” – Касым-Жомарт Токаев;
- "Казак энелери - салтка жол" коомдук бирикмесинен - Салтанат Турсынбекова.
Азыркы президент Токаевдин талапкерлиги формалдуу, анын жеңишинен эч ким күмөн санабайт. Өзү белгилегендей, аны “коомдук-саясий күчтөрдүн кеңири коалициясы” көрсөткөн. Коалицияга Казакстан Элдик партиясы, “Аманат”, “Ак жол” партиялары жана коомдук уюмдар кирет.
Борбор Азияда Токаевге чейин Эмомали Рахмондо бир нече окшош уюмдардын атынан шайлоого катышуу тажрыйбасы бар эле. 2020-жылы Тажикстандын башчылыгына анын талапкерлигин өзү жетектеген Элдик-демократиялык партия гана эмес, Көз карандысыз профсоюздар федерациясы жана Тажикстандын жаштар союзу да көрсөткөн.
Казакстанда үгүт маалында талапкерлердин чыныгы атаандаштыкка туура келбеген аракеттери бул - кезектеги “спектакль” экенин айгинелейт. Талапкерлердин бири президент болгусу келбей турганын айтса, экинчиси азыркы лидердин саясатын колдой турганын билдирет. Эч кимиси азыркы президенттин саясатын сындабайт.
Мындан тышкары азыркы президенттин иш-аракеттери (талапкер катары каттоодон мурун аймактарды кыдырып, эл аралык жолугушууларды өткөрүү, Республика күнүн мамлекеттик майрам катары жарыялоо, сыйлыктарды тапшыруу) да шайлоонун альтернативасыз экенин далилдеп турат. Токаев өз жеңишине ишенет.
Дагы караңыз Казакстандагы шайлоо: Токаев жана анын атаандаштарыАл “Жаңы жана адилеттүү Казакстан” деген ураандын коштоосунда бир катар реформаларды жарыялады. Мөөнөтүнөн мурда шайлоону жарыялаганда бул реформаларды кийинки президент эмес, өзү жүргүзөрүн билдирди. Ошентип Назарбаевдин тушунда пайда болгон авторитардык салттан улам саясий маданияттын маанилүүлүгү эске алынбай турганы көрсөтүлдү.
Токаев биринчи жолу катышкан 2019-жылдагы мөөнөтүнөн мурда шайлоонун мүнөзү менен азыркынын ортосунда айырма жок. Ал кезде Борбордук шайлоо комиссиясы каттаган жети талапкердин экөөнөн башкасы мурда-кийин саясатта көрүнбөгөн, коомдук маселелерди көтөрбөгөн, таанымал эмес адамдар болчу.
Касым-Жомарт Токаев шайлоодо 70,96 пайыз добуш алган. "Улут тагдыры" кыймылы көрсөткөн оппозициялык талапкер Амиржан Косанов 16,23 пайыз добуш топтогону белгилүү болгон. Бирок анын тарапкерлери бул көрсөткүчкө ишенген эмес. Косановдун шайлоонун расмий жыйынтыгы чыга электе Токаевди жеңиши менен куттуктаганы да ага добуш бергендердин үмүтүн өчүрдү. Бул көрүнүш Токаев катышкан биринчи шайлоонун чынчылдыгынан күмөн жаратты.
Өзбекстан: жети шайлоо - оппозициядан жалгыз талапкер
Чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн туңгуч президенттеринин көпчүлүгүнүн биринчи шайлоосу атаандашсыз өттү. Кийин референдум аркылуу мөөнөтүн узартып, 2000-жылдан кийин “куурчак талапкерлердин” шайлоого катышуусуна уруксат беришкен.
Экинчи президент башкарып жаткан Өзбекстанда жети жолу президенттик шайлоо өттү. 1991-жылкы шайлоодо оппозициялык “Эрк” демократиялык партиясынан Мухаммад Салих Элдик демократиялык партиядан ат салышкан Ислам Каримов менен атаандашкан.
Шайлоого катышууга “Биримдик” партиясынын лидери Абдурахим Пулат менен Өзбекстандын Ислам кайра жаралуу партиясынын жетекчиси Абдулла Утабайга уруксат берилген эмес.
Расмий маалыматта Мухаммад Салих шайлоодо 12% ашуун добуш алганы айтылат. Бирок ага чейин 30% көбүрөөк добуш алганы кабарланган. Мындан улам тутанган нааразылык акцияларын бийлик ок атуу менен токтоткон.
Дагы караңыз "Биринчи Конституция мыкты болчу". Борбор Азиядагы сагынычОшондон кийин оппозициялык күчтөрдү куугунтуктоо башталган. Мухаммад Салих "мамлекетке чыккынчылык кылган" деген айып менен камалып, кийинчерээк “эч жакка кетпөө” чечими менен бошотулган. Эки жылдык күрөштөн кийин чет өлкөгө качууга аргасыз болгон.
1993-жылы оппозициялык күчтөр саясий сахнадан куулгандан кийин Өзбекстандагы шайлоого бийликтин көзөмөлүндөгү партиялар гана катышкан. Бул сценарий 2021-жылдагы акыркы президенттик шайлоого чейин уланды.
2016-жылы биринчи президент Ислам Каримов каза болгондон кийин бийликке мурдагы премьер-министр Шавкат Мирзиёев келген. Андан бери ал эки жолу мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоодо жеңип чыкты. Ал акыркы жолу 2021-жылы беш жылдык мөөнөткө шайланган.
Конституция боюнча Мирзиёев үчүнчү мөөнөткө президент болуп шайлана албайт. Бирок учурда өлкөдө конституциялык реформа жүрүп жатат, анын бир аспектиси коомчулуктун нааразычылыгын жаратып, быйыл июль айында Каракалпакстанда жапырт нааразылык акцияларына алып келди. Натыйжада ондогон адамдар өлүп, жүздөгөн кишилер жарадар болду.
Белгилей кетсек, Борбор Азиядагы акыркы президенттик шайлоолордо талапкерлердин арасынан аялдар чыга баштады. 2019-жылы Казакстанда өткөн шайлоого депутат Дания Еспаева, быйылкы шайлоого Каракат Абден менен Салтанат Турсынбекова, Өзбекстанда былтыркы шайлоого Максуда Варисова катышкан.
Казакстанда Дания Еспаева беш пайыздан ашык добуш менен жети талапкердин ичинен үчүнчү, Өзбекстандын Элдик демократиялык партиясынын өкүлү Максуда Варисова алты пайыздан ашык добуш менен беш талапкердин ичинен экинчи орунду ээлеген.
Тажикстан: күрөшсүз шайлоолор
Тажикстандын азыркы башчысы Эмомали Рахмон 1992-жылы президенттин ыйгарым укугу жоюлганда парламенттин башчысы катары бийликке келген. Ал 1994-жылы оппозиция бойкот кылган шайлоодо дээрлик 60 пайыз добуш менен президент болуп шайланган. Бул жарандык согуш жана шектүү жагдайларда өткөн конституциялык реформа учурунда болгон. Тажикстандагы алгачкы шайлоого оппозиция өкүлдөрү катышкан, бирок кийин бийлик аларды толугу менен күрөштөн алып салган.
Рахмон Жогорку Советти жетектеп турган жылдары премьер-министр болуп иштеген Абдумалик Абдулложонов 1994-жылы президенттик шайлоого катышкан. Рахмондун жеңиши жарыяланганда ал буга макул эместигин билдирген. Андан кийин оппозициялык уюм түзүүгө бир нече жолу аракет жасаганынан майнап чыккан эмес. Ал өлкөдөн кеткенден кийин Дүйшөмбү аны бийликке каршы козголоң жана кутум уюштурду деп айыптап, тууганын соттогон.
Дагы караңыз Апта: Астанада учурашпаган лидерлер, Рахмондун ичкүптүсү2013-жылдагы президенттик шайлоодо оппозициялык күчтөр көрсөткөн Ойнихол Бобоназарова талапкер катары катталуу үчүн зарыл болгон 210 миң добуш ала албай, шайлоого катышкан эмес.
Тажикстандагы президенттик шайлоодо андан ары саясий күрөш болгон жок. Эмомали Рахмондун атаандаштарын азыр бийлик көзөмөлдөгөн партиялар жана уюмдар көрсөтүп келатат. 2015-жылы оппозициялык Ислам кайра жаралуу партиясы террордук уюм деп табылгандан кийин атайын мыйзам кабыл алынып, Эмомали Рахмон “улут көсөмү” катары кийинки шайлоолорго каалаганча катыша берүү укугуна ээ болгон.
Түркмөнстан: талапкер деген кимдер?
Түркмөнстанда талапкерлердин жасалма болсо да шайлоого катышуусу 2006-жылы экинчи президент Гурбангулы Бердымухамедовдун тушунда башталган. Ал “куурчак талапкерлер” менен үч жолу шайлоого катышып, ар дайым жеңип чыккан.
Түркмөнстандагы “куурчак талапкерлердин” өзгөчөлүгү - алар азыркы президентти даңазалап, анын саясий идеяларын программаларына киргизет.
Гурбангулы Бердымухамедов "жаштарга жол берип жатам" деп жарыялагандан кийин, анын уулу Сердар быйыл мартта өткөн президенттик шайлоодо жеңди. Кенже Бердымухамедов тогуз талапкер менен "күрөшкө" чыгып, 70% ашуун добушка ээ болду жана Борбор Азияда биринчи жолу бийлик атадан балага өттү.
Борбор Азияда жеке адамга сыйынуунун үлгүсүн жараткан Түркмөнстандын биринчи президенти Сапармурат Ниязовдун көзү тирүү кезиндеги шайлоодо башка талапкерлер болгон эмес.
Дагы караңыз Түркмөн лидеринин Байденге каты, Путинге жообуАл 1990-жылдардын башында атаандашсыз шайлоого катышкан. 1994-жылы референдумда анын ыйгарым укуктары 2002-жылга чейин узартылган. 1999-жылы Элдик Маслахат аны өмүр бою президент кылып дайындаган. 2006-жылы жүрөк оорусунан каза болгондон кийин Гурбангулы Бердымухамедов бийликке келген.
Борбор Азия өлкөлөрүндөгү президенттик шайлоонун эки окшоштугу бар – шайлоолор дээрлик дайыма мөөнөтүнөн мурда өткөрүлөт жана ага “куурчак талапкерлер” катышат. Бул көрүнүш канчага чейин уланарын айтуу кыйын, анткени чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн лидерлери режимди алмаштырууга умтулбайт – алар авторитардык башкаруу системасына абдан ыраазы.
Макаланы кыргыз тилине Санжар Эралиев которду.