Борбор Азия өлкөлөрүндө суу тартыштыгы барган сайын чоң маселеге айланууда. Чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн бийликтери мөңгүлөрдүн азайышына, кургакчылыкка байланышкан жагдайды өзгөртө албайт, бирок ишти туура жүргүзсө, суу каатчылыгын жеңилдетмек.
Айрыкча Кыргызстандын Бишкек, Ош, Казакстандын Астана, Ак-Тоо баштаган чоң шаарларында калктын тез өсүп жатышы кырдаалды ого бетер курчутууда. Суу көйгөйү бул эки өлкөнүн айылдарында, Борбор Азиядагы башка мамлекеттерде да курч.
Казакстандын башкалаасы Астанадагы дымактуу долбоорлор аркылуу мамлекеттик инвестиция тартылган, бийик, кооз тамдары, коммерциялык имараттары бар “Экспо” чөлкөмүндөгү тургундарга суу ташыгыч каттап турганы демейки көрүнүшкө айланды.
АСТАНА МЕНЕН АК-ТООДО СУУ ЖОК
Астанадагы суунун токтотулушуна каршы анча-мынча нааразылык акциялары бир ай мурун башталган эле, өткөн аптада болсо борбордогу эки турак үйдүн тургундары жолду тосуп алышты. Калайыктын каршылык маанайы шаарда аптап кызыган күндөргө – абанын температурасы 38–40 градуска чейин көтөрүлгөн кезге туш келди.
Ачууланган шаар тургундарынын алдына келгенде, жергиликтүү аткаминерлердин бири суу бир нече саат бою, түнкүсүн гана берилгендиктен, өзүнүн бала-чакасы “мерчеми менен жуунуп жаткандыгын” айтты.
Бүгүнкү күндө Астана шаарынын калкы 1,3 миллион кишиден ашты, ички миграциянын эсебинен жыл сайын 50–60 миң адамга көбөйүп жатат. Четки шаарлардын тургундары жакшы жашайбыз деп борборго көчүп келүүдө, бирок инфратүзүмдүн өнүгүшү бул өсүштөн артта калууда.
Жергиликтүү бийликтер калктын саны күтүлгөндөн тезирээк өсүп баратканын моюнга алып, суроо-талапты канааттандыруу үчүн жаңы насостук жана чыпкалоочу станцияларды курууга убада беришти.
Жай мезгилинде тургундары суу тартыштыгынан жапа чеккен Казакстандагы дагы бир шаар – Каспий кылаасындагы Ак-Тоо шаары. Бул жакка суу Казакстандын Азербайжан, Иран, Орусия жана Түркмөнстанга да агызылып турган эбегейсиз чоӊ көлүнөн келет.
7-июнда Мангыс-Тоо облусунун акимчилиги өзгөчө кырдаал жарыялап, жээктен суу кыйла тартылып кеткенин айтты, бирок кызмат адамдары "эч кандай көйгөй жок, Ак-Тоодо оңдоо иштерине байланыштуу суу токтотулуп жатат" дешти.
Иштеп жаткан экологдор ассоциациясынын тең негиздөөчүсү актоолук Гүлмира Ниткали “Азаттыкка” Каспийдеги жагдайга “географиялык, саясий, социалдык жана климаттык факторлордон” (жээкке жакын жайгашкан шаарлардан агып келүүчү дарыялардын суусу азайып, жайкы аптаптын кызышына жараша буулануунун күчөшүнөн, өнөр жайдын кеңейишинен) көз каранды экенин айтты.
Бирок, Ниткалинин айтымында, Ак-Тоо сыяктуу шаарларда сууга байланышкан мындан башка да маселе бар – бул уран ишканалары жайгашкан мурдагы советтик жабык шаарда “адамдар туруктуу жашаганга болбойт”.
– Азыр бизде сууну көбүрөөк пайдалана турган калктын саны өсүүдө, анткени кирешелер дагы көбөйдү. Ошол эле учурда ичүүчү сууну автоунаа жууш үчүн колдонгон жайлар да бар. Мен бул маселени бир нече жолу көтөргөм, – дейт Ниткали. Анын айтымында, кызмат адамдары калайыктын кескин каршылыгынан коркуп, суунун баасын көтөргүсү келбейт. Ошондуктан электр кубаттуулугуна салыштырмалуу суунун берилиши көбүрөөк үзгүлтүккө учурап жатат.
Бишкектин түштүк четинде жашаган пенсионер Ажар Аманова “тажап бүттүм” дейт. Ал жашаган Арча-Бешик конушуна бир жумадан ашык убактан бери күн сайын бир жолу цистерна менен ташылган суу кичинеден эле куюп берилет. Бул суу ичкенге жана бир нече табакты жууганга жетет, бирок жуунуп-чөмүлгөнгө калбайт.
7-июнда журналисттер Аманованын үйүнө барганда, абанын температурасы 35,6 градуска чейин жеткен эле. Өткөн жумада Бишкекте төрт күн катары менен аптап күнүмдүк чектен ашып турду – мындай температура биринчи жолу өткөн кылымдын башында катталган болчу.
– Сууга бай өлкөбүз дейбиз, бирок суубуз кайда? – деди пенсионер өткөн жумада “Азаттык” менен маектешкен учурунда. – Ушул да жашообу? Сууну бергиле деп чоӊдорго айтып койгулачы.
Бишкектеги жетекчилер быйыл мөӊгүлөр жай эрип жаткандыктан, жер астындагы суулардын деӊгээли кескин төмөндөп кетти дешет.
Бишкек – Борбор Азиядагы суунун тартыштыгы үчүн эли бийликти катуу сындай баштаган бир нече ири шаарлардын бири. Суу адатта жай мезгилинде азайып кетет.
БИШКЕКТЕГИ ТЫЮУЛАР
Автоунаа жуучу жайлар – бул Бишкек шаарынын бийлиги убактылуу жапкан бизнес чөйрөлөрүнүн бири. Мончолор жана бассейндер да жабык. Бийликтегилер көбүнчө ээлери өздөрү жеш же сатуу үчүн жашылча-жемиштерди өстүргөн жеке үйлөрдү тинтип, шлангалардын сугат үчүн колдонулгандыгын текшерип жатышат.
Ушул айдын ичинде шаардын түштүк аймактарында жайгашкан райондорго көбүнчө түнкүсүн гана суу берилип турду.
Кыргыз парламентинде бир нече депутат өкмөттү миллион киши жашаган шаар үчүн өтө жетишсиз болуп жаткан, көбү эскирип калган курулмаларды жаӊыртууга, кеӊейтүүгө чакырды.
8-июнда депутат Жанарбек Акаев Бишкек “чоң айыл болуп калды”, анткени өкмөт акчаны мамлекеттик программаларга жана мамлекет каржылаган корпорацияларга “шыкап жатат”, тоо-кен тармагындагы ошондой ишканалардын бири жоюлуп да кеткен деди.
Анын кесиптеши Марлен Маматалиев Министрлер кабинети Бишкек шаарынын мэриясынан 100 миллион сом (болжол менен 1,2 миллион доллар) сурап, жаңы суу алуу жайлары үчүн төрт жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндөгү өтүнүчүн орундатпай, кечеңдетти деп нааразы болду.
“Кечээ биз капиталдык салымдар үчүн 10 миллиард сом бөлүү чечимин колдоп бердик. Эми кантип эле жок дегенде 100 миллион сом табылбай калсын?” – деп сурады ал.
Аткаминерлер быйыл жазда мөңгүлөрдүн жай эриши жер астындагы суулардын деңгээлинин кескин төмөндөшүнө алып келди, бирок бир айдын ичинде кырдаал оӊолот дешет. Экологдор февраль жана март айларында жаан-чачындын аз болушу да жер астындагы суулардын толукталбай калышына себеп болгонун белгилешет.
Бирок кээ бир байкоочулар борбордогу суунун тартыштыгынын негизги себебин башкаруунун начардыгынан көрөт.
24.kg сайты үчүн берген түшүндүрмөсүндө журналист Юрий Копытин сугат каналдарына жана башка суу инфратүзүмүнө байланышкан “оор жагдай кечээ эле пайда боло калбаган, ал соӊку 20 жылдан бери оорлошуп келген” деди.
“Адатта чоӊдор алгач, кырдаал оорлошуп кеткенге чейин, эчтеке кылбайт, анан кеч болуп калганда маселени шашылыш түрдө чечүүгө аракеттенет”, – деп жазды Копитин.
Суунун тартыштыгы Борбор Азиянын башка чөлкөмдөрүндө, анын ичинен Өзбекстандын экономика мезгилдүү жемиштер менен жашылчалардын түшүмүнө көз каранды болгон көптөгөн айыл жерлеринде байкалат.