Борбор Азиядагы аял журналисттерди коркуткан онлайн зомбулук

ICFJ-UNESCO жүргүзгөн изилдөөнүн башкы бетиндеги сүрөт.

Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын 268 аял журналисти интернеттен ыдык көрүү боюнча сурамжылоого катышып, дээрлик 80% онлайн тийишүү, кемсинтүү, ал тургай коркутууларга туш болуп жатканын айтышкан. Журналист аялдарга оозго алгыс сөздөр айтылып, адамдык жана аялдык ар-намыска шек келтирген учурлар көп болору аныкталды.

Европанын коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) Бишкекте Өзбекстан, Кыргызстан жана Казакстандын журналист айымдары үчүн онлайн ыдык көрсөтүүгө каршы турууга багытталган чакан жыйын өткөрдү. Анда аталган уюм жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгы жарыяланып, катышуучулар өз башынан өткөн окуяларды айтып беришкен.

Өзбекстандагы абал

Өзбекстандан бул сурамжылоого катышкан 73 айым журналист интернеттен уят сөздөрдү жазып, сырткы кебетесине асылгандар көп экенин айтышкан. Алар "сойку", "көчө катыны", "зордуктап кетем" деген коркутуп-үркүтүүлөр, ар-намысына оор тийген сөздөр, тийишүүлөр көп болорун билдиришкен.

Мындан тышкары, каржылык кысымга да кабылып турарын, банктык эсеп карталарына онлайн чабуул койгондор, эсебинен ири суммадагы акчаны уурдап алган учурлар да кездешкенин айтып беришкен.

Мухаё Саипова - саламаттык сактоо жаатында жазган журналист. Ал Ташкенттеги Өзбек мамлекеттик университетинде журналистикадан сабак да берет. 2020-жылы пандемия курчуп турган маалда жазган макаласы үчүн онлайн чабуулга кабылып, бир нече ай жумуштан кетүүгө аргасыз болгон.

"Макалам чыккандан кийин блогер мага социалдык тармактардан мени жамандай баштады. Постунда менин жеке адамдык, аялдык ар-намысыма тийген уят сөздөрдү жазып, аябай кемсинтиптир. Анын этегине комментарий жазгандар да аны колдоп жатышты. Чынында, бул чабуул менин жеке жашоомо аябай таасир этти. Жолдошум, балдарым, өзүм катуу тынчсызданып, арданып, депрессия болдум. Ошол макаладан кийин бир нече ай журналисттик кесибимди таштап, эч нерсе жазгым келбей жүрдүм. Менимче, онлайн зомбулук - калың элдин көңүлүн журналист көтөрүп чыккан негизги проблемадан башкага буруучу чоң курал. Мен макаламда коомдогу аябай оор көйгөйдү көтөрүп чыгып, мамлекеттик деңгээлдеги чечим кабыл алынган. Анда медициналык кызматкерлерди иш учурунда сабап, кемсинтүүгө болбойт деген ойду бергем. Кийин Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги бул макаланын негизинде "кызмат учурунда адистерди зомбулуктан коргоо" тууралуу мыйзамды Сенатка сунуштаган. Коомго пайдасыз эч нерсе кылган эмесмин. Бизде азыр медициналык кызматкерлерди, коммуналдык жумушчуларды сабап кеткендер көп болууда. Ушул укук бузуунун алдын алгым келген".

Дагы караңыз Ооганстанда аял журналисттер эфирге жүзүн жаап чыга баштады

Мухаё өзүнүн ар-намысына шек келтирген блогердин үстүнөн укук коргоо органдарына арызданган. Бирок мындан эч кандай майнап чыккан эмес. ЕККУ жүргүзгөн изилдөөгө катышкан жалпы 268 аял журналисттердин дээрлик 40% чукулу онлайн зомбулукка кабылганда өзүн күнөөлөп, жазган макала-баяндарын жеке цензурага алары аныкталды. Катышкандардын 20% интернеттеги кемсинтүүнү редакторуна айтканы менен эч кандай натыйжа чыкпаганын билдиришкен.

Жиззак облусунун журналисттер союзунун мүчөсү Надира Алимова үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган жана жакырчылыкта жашаган аялдар менен балдарга жардам берүүчү борбордо да иштейт. Ал бул борбордун ишмердүүлүгүн чагылдыруу үчүн Телеграм канал ачкан. Миңдеген катталуучулары бар канал кийин аялдарга карата жек көргөн сөздөргө жык толгон онлайн чабуулга кабылган.

"Телеграм каналыбызда мигрант аялдарга, зомбулук көргөндөргө жардам берген постторду чыгарып, жеке номурларыбызды ачык эле жазып турдук. Ошондо белгисиз аккаунттан мага уят сөздөрдү жазып, намысыма шек келтирген кемсинтүүлөр болду. Биздин уюмдун Фейсбук баракчасы да бар, ага мен ийгиликтүү аялдар жана жашоодон кыйналгандар тууралуу пост жазчумун. Элдин баары окуп, комментарий калтырат эле. Ал жактан да опузалаганга өтүштү. Кимдер экенин билбейм, аккаунттарын текшерсек тролл болуп чыгат, ошол маалда мен эмне кыларымды билбей, аябай кыйналдым. Кимге, кантип кайрылам, сөз менен тебеленген намысымды кантип тазалайм деп түмөн ойго түштүм. Иштей да, ойлоно да албай калгам".


Надиранын бул абалдан чыгуусуна уулу жардам берген. Ал ага онлайн коопсуздукту үйрөтүп, троллдорду блоктогонду көргөзгөн. Изилдөөгө ылайык, интернеттен зомбулукка учураган аялдардын дээрлик бардыгы психологиялык жактан кыйналып, депрессияга кабылганы менен атайын психологго кайрыла беришпейт.

Казакстанда өз жанын кыйган учур да болгон

Казакстандык жаш журналист, жазуучу Аягүл Мантай 2021-жылы июлда туулуп-өскөн айылындагы үйүндө асынып каза болгон. Бул окуя коңшу өлкөдө кызуу талкууга алынып, кибербуллингге каршы кылмыш жоопкерчилигин киргизүү талаптары коюлган.

Сүрөт Аягүл Мантайдын социалдык тармактагы баракчасынан алынган.

Маркумдун жакындары анын өлүмүнө интернеттеги аны мазактаган, Аягүлдүн жашыруун каттарын элге алып чыгып шылдыңдаган окуя себеп болгонун айтышкан.

Маркум Аягүлдүн окуясы казак журтчулугуна чоң сабак болгонун анын устаты, Казак улуттук университетинин профессору Гүлнара Султанбаева белгиледи:

Гүлнара Султанбаева

"Баарыбыз жакшы көргөн, калың элдин сүймөнчүгү болгон жазуучу, журналист Аягүл Мантай дал ушул киберчабуулдун курмандыгы болду. Ага бөлөк-бөтөн бирөөлөр эмес, жанында жүргөн жакын кесиптештери эле кысым көрсөтүштү. Дагы бир аял кесиптеши анын жеке мессенжердеги башка бирөө менен жазышкан каттарын коомчулукка чыгарып, онлайн шылдыңга кабылып, ошого чыдабай өз жанын кыйган окуя былтыр Казакстанда бүт элди дүрбөлөңгө салган. Натыйжада суицидге жеткирди деген негизде кесиптештерине кылмыш иши козголуп, соттук териштирүү жүрүп жаткан маалда маркумдун жакындары анын арбагын сыйлайлы дедиби, соттук иш аягына чыкпай жабылды. Арийне, мындай жагдайда журналисттер өз ара ынтымакташып, интернет зомбулукту токтотуунун ордуна өздөрү кайра кесиптешин кыйнап, кемсинтип, акыры өлүмгө алып барганы өтө өкүнүчтүү болду. Бирок ушул окуя башка басылмаларда киберчабуулга байланыштуу изилдөө, иликтөө макалаларды байма-бай чыга баштады".

Дагы караңыз Дүйнөдө медиага чабуул күчөдү, Кыргызстандын рейтинги

Султанбаева кибер зомбулукка учураган казакстандык аял журналисттер көбүнчө өздөрү иштеген редакциянын жетекчилиги тарабынан коргоого алынбай, ал тургай иштен айдалган учурлар да болгонун мисал келтирди. Ал азыркы тапта өзү сабак берген факультетте жаш журналист кыздарга онлайн зомбулуктан коргонуунун ар түрдүү ыкмаларын сунуштап келет.

"Аялдык абийириме шек келтирүү дайыма болот"

Алматылык журналист Сандугаш Дуйсенова иликтөөлөрү, курч макалалары менен эл арасында таанымал. Ал жергиликтүү аткаминерлердин жаратылыш коруктарга мыйзамсыз ээлик кылып алышы, мектептердеги санитардык абал боюнча макала жазып, Фейсбукта да активдүү. Бирок ал мындай ишмердиги үчүн онлайн чабуулга дуушар болуп, азыр аны каралаган тараптар менен тынымсыз соттошуп келет.

Сандугаш Дуйсенова

"Мени менен соттошкон прокурордун боттору, троллдору Фейсбуктан чабуулга өтүштү. Мен аябай кыйналдым, алар менин адамдык сапатыма асылышты, "бул катындын көзүн чукуйбуз", "жез кемпир" деген сыяктуу сөздөрдү жаадырышты. Өзүм жанталашып иштеп жүрүп сатып алган батиримди "арам жол менен алган" дегенге чейин барышты. Мындай кысымга чыдабай ооруканага жатып калдым. Бирок соттук иштерде жеңип чыктым. Менин күйгөнүм, адилеттүүлүк үчүн чырылдап жүрсөм, эмнеге мага мындай кысым кылышат? Онлайн зомбулуктан мени ким коргойт? Талкаланган саламаттыгыма ким жооп берет?"

"Онлайн зомбулуктун артында саясатчылар да бар"

Сурамжылоонун алдын ала жыйынтыгы көрсөткөндөй, Казакстан менен Кыргызстанда онлайн зомбулук көрсөткөндөрдүн сап башында ким экени белгисиз тролл аккаунттар турат. Андан кийин саясатчылар, мамлекеттик кызматкерлер аял журналисттерге интернеттен эң көп тийишет. Айрымдары ачык эле жеке кат куржунга сексуалдык маанидеги cөздөрдү жазып, кээде кечкисин жолугушууга да чакырат.

Кыргызстандагы белгилүү телеканалдардын биринде иштеген, ысымын ачык айткысы келбеген журналист мындай чабуулга маал-маалы менен кабылып турарын айтат. Ал укук коргоо органдарына кайрылганы менен майнап чыккан эмес.

"Кыргызстанда онлайн зомбулукка саясатчылар деле аябай жакын. Кээде жекеге тийишип жазат, Фейсбукка сүрөт койсоң, симпатиясын билдирген ачык эле комментарийлерди калтырат. Жооп жазсаң эле артынан дароо жолугушууга чакырып, "чай ичели" деген сыяктуу сунуштар түшөт. Үй-бүлөлүү адам катары мындай жосундар мага катуу эле тиет. Ушул себептен дагы социалдык медиага сүрөт коёрдо ойлоном, кесепети кандай болот, ким эмне деп жазат деген кооптонуу күч. Ал эми троллдор болсо журналисттик кесибиме байланышы жок болсо да уят сөздөрдү жазып, интимдик мамилени сунуштап жаза беришет. Кээде аябай жийиркеничтүү сүрөттөрдү жеке кат куржунга салат. "Сени жыргатат элем" деген сыяктуу уят сөздөрдү көп жазышат. Бул аял журналист катары мага аябай жагымсыз, өзүмдү жоготуп, кыйналсам да айла жок ишимди улантам".

Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Борбор Азиядагы аял журналисттерге карата онлайн зомбулук аттуу изилдөөсүнүн толук жыйынтыгы чыга элек. Азыркы тапта аны уюштуруучулар Тажикстандагы кемсинтүүлөргө учураган журналист аялдардын абалын иликтеп жатат.

Элира Турдубаева

Долбоордун жетекчиси Элира Турдубаева аял журналисттердин кибер коопсуздугун камсыздоо үчүн атайын сунуштамаларды жана онлайн платформа иштеп чыгуу маселеси каралып жатканын билдирди.

"Бул изилдөө быйыл май айында башталган. Борбор Азиядагы беш өлкөнү толук камтыйлы дегенбиз. Бирок Түркмөнстандагы аял журналисттер коркуп, биздин анкетага жооп бербей коюшту. Тажикстандагылар да тартынып, сурамжылоого 27 эле журналист катышты. Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстанда онлайн зомбулукка карата өз пикирлерин ачык айтып чыгышып, ал тургай мамлекет, эл аралык уюмдардан колдоо күткөн кесиптештерибиз да бар экени кубантты. Бир чети көйгөйдүн масштабына таң калдык. Себеби, бул маселе бир нече жылдардан бери жыйылып отуруп, аябай оор көйгөйгө айланган экен. Эми биз изилдөөнүн жыйынтыгы менен мамлекеттик органдарга, мыйзам чыгаруучуларга, жарандык коомго, журналисттердин өзүнө сунушталамарды беребиз. ЕККУнун колдоосу менен атайын онлайн зомбулуктан коргой турган колдонмо китеп чыгарып, Борбор Азия журналисткалары ыкчам байланыша алгыдай Телеграм канал сыяктуу платформа түзсөкпү деп жатабыз".

ЕККУнун сөз эркиндиги боюнча Венадагы кеңсесинин өкүлү Палома Мадригаль дүйнөдө аял журналисттерге басым өтө күчтүү деген ойдо.

Палома Мадригаль

"Борбор Азиядагы абалга өтө деле таң калган жокмун, тилекке каршы, бул аймак аял журналисттерге карата глобалдык деңгээлдеги онлайн зомбулуктан артта калбаптыр. Мен испан тилдүү аймактардагы медианы карап турам. Латын Америкада, айрыкча Мексикада аял журналисттерге карата зомбулук чегине жетти. Аялдардын айткандарын угуп отуруп, аябай бооруң ооруйт".

2020-жылы ЮНЕСКО менен Эл аралык журналистика борбору (International Center for Journalists) дүйнөдөгү 113 өлкөнүн 700дөн ашуун аял журналисттердин арасында онлайн зомбулук боюнча сурамжылоо жүргүзгөн. Натыйжада, ага катышкандардын 73% интернеттен тийишип, 25% денесинен, 18% сексуалдык маанайда зомбулукка кабылганын айткан. Тилекке каршы, мындай кысымга учурагандардын 26% психологиялык оор абалга тушуккан.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

"Оозуңду жап!" Борбор Азияда аял журналисттери тушуккан онлайн зомбулук