"Борбор Азияда сууга мамиле өзгөрүшү керек"

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

22-мартты Бириккен Улуттар Уюму эл аралык суу корунун күнү деп белгилеп келет. Окумуштуулар Борбор Азия чөлкөмүндө суу ресурстары азайып, мөңгүлөр эрип, алдыдагы жылдарда кургакчылык болушу мүмкүн деп божомолдошууда. Кыргызстан сууга бай өлкө катары аймактагы бул тенденцияда кандай ролду ойнойт? Сууну максаттуу пайдалануу боюнча кандай иш-аракеттер жүрүүдө? Чындап эле өлкөдө мөңгүлөр, эрип, суу көйгөйү алдыңкы планга чыгабы? Талкууга Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын жетекчиси Алмаз Сокеев, география илимдеринин кандидаты, гляциологдор Рыскул Усубалиев жана Мухаммед Эсенаман уулу суу ресурстары боюнча эксперт Баратали Кошматов катышты.