Борбор Азия мамлекеттеринин банктары Орусиянын “Мир” банктык картасын тейлөөнү биринен сала бири токтото баштады.
Бул кадам Батыштын санкцияларынан коргонуу максатын көздөйт. Орусия Украинага басып киргенден кийин эл аралык каржы институттары орус банк системасына бир катар чектөөлөрдү киргизген. Адистер бул жагдай орус базарына байланган компанияларга мүшкүл жаратканын белгилешкени менен пайдасы тууралуу көбүрөөк сөз кылууда.
"Санкция тизмесине түшүп калбоо үчүн"
Кыргызстандагы бир катар коммерциялык банктар октябрда орусиялык банктар менен кызматташуусун токтоткону белгилүү болду. “Азия Банкы”, “Кыргызстан Коммерциялык банкы”, “Компаньон”, “Дос кредо банк” жана “Бакай банк” “Мир” карталарын тейлебей турганын жарыялашты.
Өлкөнүн төлөм системаларынын ишин жөнгө салган Улуттук банк да билдирүү таратып, коммерциялык банктар бул жаатта өз алдынча чечим кабыл алууга укуктуу экенин маалымдады. Мекеменин өкүлү Аида Карабаева бул норма мыйзамда көрсөтүлгөнүн белгилейт.
“Коммерциялык банктар төлөм системаларынын көз карандысыз катышуучулары катары Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык кайсы система менен иштөө керектиги жөнүндө чечим кабыл алышат. Коммерциялык банктар тигил же бул төлөм системасы менен иштөөдө белгилүү бир чараларды же чектөөлөрдү кабыл алышы мүмкүн”.
Улуттук банктын билдирүүсүндө “Мир” картасы же Орусияга салынган санкциялар тууралуу сөз жок. Бирок “Кыргызстан Коммерциялык банкы” мунун себеби Москва туш болгон санкцияларга байланыштуу экенин маалымдады. Башка банктар “техникалык себептен улам” деген жүйөөнү бетке кармайт.
Сентябрда Өзбекстанда “Мир” картасын тейлөө токтотулганын Uzcard Жалпы республикалык бирдиктүү процессинг борбору кабарлаган. Анын алдында Казакстандын Улуттук банкы да "Мир" карталарын тейлөө өлкөдөгү банкоматтарда убактылуу токтотуларын билдирди. Тажикстандын “Душанбе Сити банкы” сентябрдын аягында орустардын картасын тейлөөдөн баш тартты. Түркиянын ири финансылык мекемелери – Isbank жана Denizbank “Мирди” тейлебей калды.
Финансист Асланбек Кененбаев муну мыйзам ченемдүү көрүнүш деп түшүндүрдү.
“Кыргызстандын банктарынын «Мир» карталарын тейлөөнү токтотушу - кадыресе көрүнүш. Бул эл аралык каржы институттарынын талабы. Дүйнөлүк финансы системасы Батыштын каржы институна байланган. Андыктан, биздин банктар санкция тизмесине түшүп калбоо үчүн “Мир” карталарын тейлөөнү токтотууга мажбур. Антпесе биздин банк системабыз батыштын санкцияларына тушугуп, каржы тармагына зыян болот. Жакын арада дүйнөдөгү бардык банктар Орусиянын “Мир” карталарын тейлөөнү токтотот – бул табигый көрүнүш. Кыргызстандагы калган банктар да ушул кадамга барат. Мунун зыянына караганда пайдасы көбүрөөк. Орусиялык он миңдеген жарандар Кыргызстанга келип, банк эсептерин ачышат жана Visa, Mastercard өңдүү карталарга өтөт. Орусиялыктардын арты менен биздин банктардын кардарларынын саны өсөт. Анүстүнө айрым банктар чет элдиктерди гана тейлей турган филиалдарын ачып, буга даярданып да коюшту. Демек, биз Орусияга салынган санкциялардын фонунда утушка гана жетебиз”.
Дагы караңыз Анкара менен Москва рубль аркылуу эсептешетОрусиянын реакциясы
Санкциялар демекчи, Орусия февралдын этегинде Украинага басып киргенден кийин Батыш өлкөлөрүнүн катаал санкцияларына туш болду. Анын ичинде орусиялык банктар да чектөөгө кабылды. Натыйжада орус жарандары Орусиянын банктык карталары менен чет жакта төлөм жүргүзө албай, ошол эле маалда эл аралык карталарды өлкө ичинде колдоно албай калышты.
Ушундай шартта орусиялыктар санкцияны буйтаган жол таап, КМШ мамлекеттерине, Түркияга жана башка өлкөлөргө барып банктык карта алып жатканы айтылган. “Карта туризминин” популярдуу багыты катары Борбор Азия өлкөлөрү аталган.
Украинанын Улуттук банкы орусиялык “Мир” төлөм карталары менен ар кандай транзакцияларды жүргүзүүнү токтотууга чакырып, кайрылууну Борбор Азия чөлкөмүндөгү өлкөлөрдүн, Түркиянын жана Вьетнамдын Улуттук банктарына жөнөткөн.
Асланбек Кененбаев буга Орусиянын реакциясы тууралуу кепти улантты:
“Орус бийлиги да муну түшүнүү менен кабыл алат. Ал тургай Крымды аннексиялап алгандан кийин Орусиянын ири Сбербанкы Крымда филиалын ачпады, анткени, эл аралык санкциялардын эрежелерин бузгусу келбеди. Орусиянын өзүнүн банктары санкция эрежелерин сактап жаткандан кийин биздикилер жөнүндө кеп кылбаса да болот”, - деген адис орус-украин жаңжалына байланыштуу эл аралык каржы системасындагы талаптардан улам Кыргызстандын банктарынын кирешеси бир канча эсе көбөйгөнүн кошумчалады.
Казакстандык экономист Максат Калык бул чектөөлөрдүн айрым зыяндарына токтолду:
"Мунун баары албетте, Орусия үчүн жагымсыз. Орусия менен кызматташкан мекеме-уюмдар үчүн да ыңгайсыз. Мисалы, Казакстанды алсак, Орусиядан товар алып келген же ошол жака сатып иштеген компаниялар бир топ кыйынчылыктарга дуушар болуп турат. Анткени, каражат алды-бердисинде кыйынчылыктар туулду. Бул жагынан алганда “Мир” картасына байланыштуу чектөөлөрдүн терс таасири бар”.
Максат Калык Орусия эл аралык каржы капасынан чыгуунун жолун издеп жатканын айтып, буга Евразия экономикалык биримдигинин орток электрондук эсебин түзүү демилгесин мисал кылып көрсөттү:
“Европа биримдигиндеги сыяктуу мындай ыкма адашпасам, бул уюмдун жакында Кыргызстанда өткөн жыйынында айтылды. Бирок бул жерде да маселе жаралат. Мисалы, былтыркы эсепти алсак, Казакстан менен Орусиянын товар алмашуусу былтыр 24 миллиард долларды түзгөн. Анын ичинде Казакстан Орусиядан импорту 18 миллиард доллар, ал жака экспорт 6 миллиардды түздү. Айырмасын көрүп жатасызбы? Эгер электрондук орток эсеби ачылса, ортодогу айырма кантип толукталат? Мындай учурда Орусияга кандай шарт коюлат. Ошондуктан, орток эсепти ишке түшүрүүнүн да кажети жок болуп турат”.
Орусия Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында еврого окшош бирдиктүү рубль зонасын түзүүнү алга сүрөп келатканы менен аймактык уюмдун башка мүчөлөрү муну толук колдогон эмес.
“Мир” картасын тейлөөнү токтотуу темасына кайтып, өзбекстандык финансисттин пикирине орун берели. Ал ушул тапта Орусияда иштеп, жашагандыктан аты-жөнүн ашкере кылууну каалабады:
“Орусияга болгон мамиле жөнүндө кеп кылсак, азыр айрым мамлекеттер Москванын саясий режимин террордук режим катары да тааный баштады. Мындай шартта Орусияга байланыштуу системалар менен кызматташуу – терроризмди колдоо катары кабыл алынышы мүмкүн. Айрыкча, банк системасында тараптардын ким менен кызматташып жатканына көңүл бурулат, текшерет, талаптарды коёт. Эгер Өзбекстанда “Мир” карталары же башка системалар менен кызматташуу уланып жаткан болсо, эл аралык өнөктөштөр буга терс баа берет жана өзбек банктары менен мамилени токтотуп коюшу мүмкүн”.
Дагы караңыз Акчаны электрондоштуруу: Кыргызстандагы секирикAmerican Express, Visa жана Mastercard төлөм системалары Украинадагы согушка байланыштуу орус банктары менен иштөөнү токтоторун жарыялаган. Бул системалардын орусиялык карталары чет өлкөдө иштебейт, ал эми чет өлкөлүк карталарды Орусияда колдонууга болбойт.
Орусиянын банктары өлкөнүн ичиндеги төлөмдөрдү Улуттук төлөм карталар системасы аркылуу ишке ашырат. Чет өлкөдө орусиялыктар альтернативдүү системалардын карталарын иштетиши керек - мисалы, орусиялык "Мир" же кытайлык China UnionPay.
"Мир" картасы дүйнөнүн 10 өлкөсүндө жана Грузиядагы жикчил аймактарда кабыл алынчу. Unionpay 150 мамлекеттин чекене соода түйүндөрүндө жана банкоматтарында иштейт.
Батыш мамлекеттери санкцияга кабылган орусиялык банктарды SWIFT аттуу банктар арасындагы акча которууну камсыз кылган глобалдык системасынан да өчүргөн.