2022-жыл Борбордук Азияда кан төгүүлөр жана чыр-чатактар менен өттү. Авторитардык системалар олуттуу кыйынчылыктарга туш болуп, бирок саясий көйгөйлөрдү эски ыкмалар менен чечип, жасалгалуу шайлоолорду өткөрүштү да, элди баягы эле “дүңгүрөк” ураандар, аткарылбас убадалар менен алаксытышты.
Казакстандагы Январь окуялары
2022-жыл Казакстанда жапырт нааразылык акциялары менен башталды. Буга өлкөнүн батышында суюлтулган газдын баасы жогорулатылганы себеп болгон. Бир нече күн аралыгында каршылык кыймылы башка аймактарды жана шаарларды да кучагына алды.
Нааразылык акциялар 2-январдан 7-январга чейин созулуп, кан төгүү менен аяктады. Өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланды, президент коопсуздук күчтөрүнө эскертүүсүз ок атууну буйруду. Расмий маалыматтарга караганда, кеминде 238 адам каза болуп, бир нече миң адам жаракат алды.
Январь окуялары курчуп чегине жеткенде президент Касым-Жоомарт Токаев Коопсуздук Кеңешинин төрагалык кызматын ээледи. Нурсултан Назарбаев президенттик бийликтен кеткенден кийин да атайын кабыл алынган мыйзамга ылайык бул орунду колунан чыгарбай келген эле.
Жогорку даражалуу бир катар адамдар кызматынан кетип, Аскар Мамин жетектеген өкмөт отставкага айдалды. Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Карим Масимов “бийликти күч менен басып алууга аракеттенген” жана “мамлекетке чыккынчылык кылган” деп шектелип камакка алынды. Орусия үстөмдүк кылган Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун аскерлери өлкөгө биринчи жолу киргизилди.
Кыйын күндөрдөгү кайрылууларынын биринде Казакстандын президенти “бир эле Алматыга 20 миң бандит кол салганын” айтты. Кийинчерээк мамлекеттик каналга берген маегинде Касым-Жоомарт Токаев бул окуяны “кылдаттык менен пландаштырылган террордук операция” деп атады. Тынч митингдерден кийин аянтты бандиттер жана талап-тоноочулар басып алган эле деди.
“Борбор Азиядагы бир шаардан жумуш издеген болуп келген согушкерлер” чек ара өткөөлдөрү аркылуу шаарга тоскоолдуксуз өтүп, операцияга жетекчилик кылышы үчүн Алматы аэропорту “басып алынды”, “террорчулар болсо көпчүлүккө аралашып кетишти” деп айткан маек учурунда Токаев.
Бирок ал согушкерлер Борбор Азиядагы кайсы шаардан келгенин тактап атаган эмес. Бийликтегилер болгон Январь окуясында курман болгондордун расмий тизмесин август айында жарыялады.
Ошол кезде кармалгандар изолятордо жана полиция бөлүмдөрүндө кыйноого кабылышканын, кеминде алты адам кыйнап өлтүрүлгөнүн билдиришти.
Казак бийлиги окуяларды эл аралык деңгээлде иликтөөгө каршы чыккан. Азыркыга чейин уланып жаткан расмий тергөө ишинин жыйынтыктары жөнүндө дагы эле маалымат бериле элек. Президенттик шайлоонун алдында бийлик “оор” кылмыш жасабагандарга мунапыс жарыялады.
Эл аралык "Хьюман Райтс Вотч" (HRW) билдиргендей, Январь окуяларында казак бийликтери адамдардын курман болгонуна жана башка адам укуктарынын бузулушуна байланыштуу натыйжалуу тергөөнү дагы эле жүргүзө элек.
Трагедиядан кийин Казакстандын бийлиги бир катар реформаларды жүргүзөбүз деп жарыялады. Январь окуяларына чейин эле көп айтылып келген “элдин үнүн уккан мамлекет” концепциясы эми “жаңы Казакстан”, “адилеттүү Казакстан” концепциясы менен айкалышта айтыла баштады. Бирок, чындыгында бардыгы, анын ичинде өлкөнү башкаруу стили да өзгөрүүсүз кала берди.
Июнь айында президент Токаев Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум өткөрдү. Баш мыйзамдан биринчи президент жөнүндөгү сөздөрдүн баары алып салынды. Сентябрь айында Конституцияга дагы бир жолу өзгөртүүлөр киргизилди.
Ноябрда “тактеке” талапкерлер катышкан шайлоодо Токаев кайрадан шайланып, жети жыл бою башкарууга мандат алды.
Дагы караңыз Орусия Борбор Азия өзүнөн алыстаса, кесепети оор болорун эскерттиАвтономдуу макамын жоюуга каршы чыккан Каракалпакстан
2022-жылы Өзбекстанда Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум өткөрүүнү мерчемдешти. Добуш берүү 8-декабрга – Конституция күнүнө белгиленди. Эксперттердин айтымында, өзгөрүүлөр биринчи кезекте учурдагы президент Шавкат Мирзиёевдин башкаруу мөөнөтүн узартууга багытталган.
Учурдагы мыйзамга ылайык, президент беш жылдык мөөнөткө эки ирет шайланышы мүмкүн. 2021-жылкы шайлоодо Шавкат Мирзиёев экинчи мөөнөткө шайланган эле.
Мынча ирет шайлана алат деген чектөөлөр бар экенине карабастан, биринчи президент Ислам Каримов 1991-жылдан 2016-жылга чейин, өмүрүнүн акырына чейин өлкөнү башкарып келген эле. Каримовдон айырмаланып Мирзиёев мыйзамды кайра карап чыгууга жана өзүнүн бийликте кала берүүсүн мыйзамдаштырууга аракет кылып жаткандай сезилет. Эгер сунуш кылынган өзгөртүүлөр кабыл алынса, Мирзиёев 2026-жылы азыркы мөөнөтү аяктагандан кийин деле 2040-жылга чейин президент бойдон кала алат.
Июль айында Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөрдүн долбоору жарыяланган. Өзбекстандын Баш мыйзамынын жаңы редакциясында Каракалпакстандын автономдуу макамын жана Өзбекстандын курамынан “референдум аркылуу чыгуу укугун” алып салуу сунушталган эле. Каракалпакстандыктар буга каршы турушту. Нааразылык акциялары тополоңго айланды.
Өзбек бийлиги Нукустагы жана башка шаарлардагы массалык нааразылык акцияларын күч менен токтотту. Расмий маалыматтарга караганда, нааразылык акциясынын жүрүшүндө 18 адам каза болуп, 516 адам жаракат алды.
HRW эл аралык уюму Нукуста бийлик тарабынан күч колдонулгандыгын айыптап, көз карандысыз иликтөөлөрдү жүргүзүүгө чакырды. Ушул окуялардан кийин президент Мирзиёев Конституцияда Каракалпакстандын макамы жөнүндө беренелер өзгөрүүсүз кала берет деп билдирди.
Конституциянын беш беренесинде Каракалпакстан өзүнчө Конституциясы бар эгемен республика экендиги, Өзбекстандын курамынан референдум аркылуу чыгып кете ала тургандыгы, аны менен Өзбекстандын ортосундагы мамилелер макулдашуулардын негизинде аныкталары айтылган.
Каргашалуу окуялардан соң референдум кийинкиге жылдырылды. Добуш берүү 2023-жылдын жазында өтүшү мүмкүн деп айтылат.
Чек арада аккан кан
Казакстандыкындай эле, Өзбекстандын бийлик башындагылар да ички көйгөйлөргө “тышкы душмандарды” айыптады. Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусундагы жаңжал учурунда тажик бийликтери деле ушундай сөздөрдү айтып турду.
Тоолуу Бадахшандагы 16 адам каза болгон нааразылык акциясынын катышуучуларын бийлик ички туруксуздукту жаратуу үчүн сырттан буйрук алган кылмыштуу топтун мүчөлөрү деп атады. Өкмөт нааразылык акцияларын күч менен басып салды да, бул иш-аракетин “антитеррордук операция” деп койду.
2022-жылы Кыргызстан менен Тажикстандын чырдуу чек арасында кайрадан жаңжал чыгып, кан төгүүгө айланды. Сентябрь айынын башында Ворух анклавынын жанынан ок атылып, тараптар бири-бирин оор техниканы колдонуу менен кол салды деп айыптады. Кыргызстандын 63 жараны курман болуп, 206 киши ар кандай жараат алды.
Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 41 жараны каза тапканын, 200гө чукулу жараат алганын билдирген. Расмий эмес маалыматтарга караганда, каза болгондордун саны мындан көп болушу мүмкүн. “Озоди” өз булактарына таянып, каза тапкан 80ден ашык кишинин тизмесин жарыялаган.
Дагы караңыз 2022-жыл: чек ара, жапырт камоолор, парламентке басымОкуяга байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыяланып, чек арага жакын айылдардын тургундары эвакуацияланды. Тараптар ок атышууну токтотууга макул болушса да, кайра эле бири-бирин мунаса шартын бузду деп айыптап турушту.
Ушул жаңжалдан кийин октябрь айында Кыргызстандын бийлиги “Азаттыктын” кыргыз редакциясынын веб-сайтына бөгөт койду. Андан кийин “Азаттыктын” кыргыз редакциясынын банк эсептери тоӊдуруп салынды. Кыргызстанда башка маалымат каражаттарына кысым күчөдү.
2022-жылы Кыргызстанда Өзбекстанга Кемпирабад суу сактагычынын жээгиндеги жерлерди өткөрүп берүү, суу сактагычты биргелешип башкаруу жөнүндө келишимге кол коюлушу да коомчулукта катуу талаш-тартыштарга себепкер болду. Октябрь айында Бишкекте бул суу сактагычтын өткөрүп берилишине каршы чыккан 30га жакын саясатчылар жана активисттер камакка алынды. Алар “тополоң уюштурууга аракет кылган” деп айыпталды. Кармалгандардын айрымдары бийликтин иш-аракеттерине нааразычылык билдирип, ачкачылык жарыялашты.
Дагы караңыз ЕАЭБ: Москванын кызыкчылыгы, Борбор Азиянын суверендүү интеграциясыБорбор Азияда бийлик атадан балага өтүүдө
2022-жылы Гурбангулы Бердимухамедовдун ордуна анын уулу Сердар Бердимухамедов Түркмөнстандын Президенти болуп калды. Буга чейин пост-советтик мейкиндикте бийлик ушундай жол менен Азербайжанда алмашып, президенттик кызмат Гейдар Алиевден Илхам Алиевге өткөн эле. Андан кийин Илхам Алиев жубайы Мехрибан Алиеваны биринчи вице-президент кылып дайындады.
2022-жылы февраль айында Түркмөнстандын авторитардык лидери Гурбангулы Бердимухамедов “жаштарга жол ачуу” ниетинде экенин билдиргенден кийин, анын уулу мөөнөтүнөн мурда өткөрүлө турган президенттик шайлоодо жеңип чыгат деп баары эле болжолдошкон.
Акыркы жылдары Түркмөнстанда Г. Бердимухамедов уулун президенттикке даярдап жатат деп көп айтышчу. 40 жаштагы Сердар Бердымухамедов Борбор Азиядагы эң жаш президент болуп калды. Бирок ал бийликке келген соң аялдарга карата басмырлоо күчөгөнү эч кимди таң калтырбайт.
Борбор Азияда - Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан жөнүндө бийликтин атадан балага өтүшүнө шарт түзгөн өлкөлөр жөнүндө көп айтышчу. Өзбекстанда Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримов, Казакстанда Нурсултан Назарбаевдин кызы Дарига Назарбаева аталарынын бийлигин мурастап калат дешчү. Бирок Каримовдун көзү тирүүсүндө эле кызы Гүлнара атасынын каарына калып, мал-мүлкүнөн жана саясий таасиринен кол жууган. Январь окуяларынан кийин Д. Назарбаева парламентке кайтып келбестен, кызматынан кетти да, элге көрүнбөй калды.
Ал эми Тажикстанда бийликтин атадан балага өткөрүп берилишине юридикалык түрдө “жол ачып” коюлган. Азыр президент Эмомали Рахмондун уулу Рустам Эмомали – өлкөнүн бийлик иерархиясындагы экинчи адам, парламенттин жогорку палатасынын төрагасы. Белгилей кетсек, 2019-жылы Казакстанда Нурсултан Назарбаев президенттик кызматтан кетерин жарыялаган кезде, анын улуу кызы Сенаттын төрагасы кызматын ээлеп, аны бир жылдан ашык убакыт башкарып турган.
Карама-каршылыктуу кездешүүлөр
2022-жылы Орто Азияда эл аралык жана регионалдык уюмдардын саммиттери көп болду. Астана шаарында КМШ лидерлеринин жолугушуусу жана Орусиянын – Борбор Азия форматындагы саммит уюштурулду. Самаркандда Шанхай кызматташтык уюмунун өлкө башчыларынын жолугушуусу, андан кийин Түрк өлкөлөрү уюмуна кирген өлкөлөрдүн лидерлеринин саммити болуп өттү.
Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн башчыларынын консультативдик жолугушуусу болуп, ал эми Бишкек шаарында Евразия экономикалык бирлигинин Жогорку экономикалык кеңешинин саммити уюштурулду. Алтынчы Каспий саммити Ашхабад шаарында өттү.
Борбор Азия лидерлеринин консультативдик жолугушуусунда Чолпон-Ата, Тажикстан жана Түркмөнстан достук, коңшулук жана кызматташтык келишимине кол коюшкан жок.
Бул жолугушууларда уюмдардын мүчөлөрүнүн ортосунда пикир келишпестиктер күчөгөнү байкалды. Ушул жылдын февраль айында Орусиянын Украинага басып киргенине байланыштуу жана ага каршы эл аралык санкциялар киргизилгенден кийин, Москва менен тыгыз мамиледе болгон Борбор Азия өлкөлөрү оор абалга туш болушту.
Борбор Азия туш-туштан камоого алынган Орусиянын Президенти Владимир Путин быйыл эң көп визит менен барган аймак болуп калды.
Украинада согушка адамдарды жиберүү үчүн мобилизация жарыялангандан кийин жүз миңдеген орустар Борбор Азия өлкөлөрүнө (Түркмөнстандан башка) агылды.
2022-жылы Орусияга каршы киргизилген эл аралык санкциялар Борбор Азия өлкөлөрүн энергия ташуунун альтернативдүү жолдорун издөөгө мажбурлай баштады.
“Азаттыктын” казак кызматынын “Шайхана” блогунун автору Куанышбек Каринин макаласы. Түп нускасы бул жерде.