Болот Шердин саясий сапары Кыргызстандын эгемендиги менен дээрлик чогуу башталган. Алгачкы саясий кыймыл - КДКдан бөлүнүп чыккан «Эркин Кыргызстан», «Ата Мекен» саясий партияларынын түптөлүшүнө, улуттук кайра жаралуу процессине омоктуу салым кошкондордун бири.
Чоң саясатка 2000-жылы келген. Ошол жылдын февраль айында Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынына, 2005-жылы Жогорку Кеңештин үчүнчү чакырылышына, «Ата Мекен» партиясынын тизмеси менен 2010-жылы бешинчи чакырылышына депутат болгон. Үчүнчү чакырылыштын депутаты кезинде төраганын орун басары болуп иштеген.
Болот Шер 2015-жылкы шайлоого талапкер катары катышуудан баш тартып, бирок «Ата Мекендин» шайлоо штабын башкарган. Анын шайлоодо парламентке өткөн алты партиянын бири - «Ата Мекендин» жеңишине кошкон салымы зор экенин үзөңгүлөштөрү айтып келатышат.
«Ата Мекен» социалисттик партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин баамында, Болот Шер элдин эсинде мекенчил, кайраттуу саясатчы, мыйзамдуулук, адилеттүүлүк үчүн күрөшкөн атуул катары калды:
«Акыркы 20 жылда жеке бийликкке, мыйзамсыздыкка, зомбулукка, адилетсиздикке каршы чарчабай күрөшүп жүрдү. Бүгүн биз, демократиялык кыймыл, граждандык активдүү позициясы бар жарандар орду толгус чоң жоготууга учурадык. Болот жакындарынын эле эмес, бүтүндөй Кыргызстандын да сыймыгы».
Болот Шер чынында эле саясий ишмердүүлүгүнүн бардык мезгилдеринде прогрессивдүү көз караштагы күчтөрдүн катарында туруп, бийликтин акыйкатсыздыгына каршы тартынбай күрөшкөн курч саясатчы болгон. 2005-жылы ошол кездеги президент Аскар Акаевдин жеке басар бийлигине каршы Роза Отунбаева менен Дооронбек Садырбаев түзгөн «Ата-Журт» оппозициялык кыймылына мүчө болгон. Март ыңкылабына чейин жеткен саясий күрөштөрдө моралдык басымдарга, чагымчыл күчтөрдүн чабуулуна кабылып, жабыркаган.
Болот Шер менен «Ата-Журт» саясий кыймылынын курамында үзөңгүлөш болгон саясатчы Исхак Масалиев аны кыргыздын чыныгы патриот уулу деп баалады:
«Кыргыздын чыныгы патриотторунун бири. Кыргыз эли үчүн ак эмгектенип, күйүп-жанган кишилердин бири. Ал эми мамлекеттик ишмер катары Убактылуу өкмөттө иштеп турган кезине ар бир саясатчы өзүнчө баа берет, бирок тапшырма берилген бөлүгүндө ийгиликтүү эле аткарды болуш керек».
Болот Шер - мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк, туугандык башкаруу саясатына каршы аёосуз күрөшкөн саясатчылардын бири. 2010-жылдын 6-7-апрелинде Бакиевдин бийлигин кулатуу, андан кийинки июнь окуясы менен коштолгон чоң сыноолордун мезгилинде Убактылуу өкмөттө ички иштер министри кызматын аркалап турду.
Дагы бир саясий үзөңгүлөшү, Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев акыйкаттык, мыйзамдуулук үчүн күрөштө саясатчы ден соолугун да аяган жок дейт:
«Болот Шердин акыркы 20 жылы акыйкаттык, элдик бийлик орнотуу үчүн кетти. Жүрөгү ооруганы да, Бокенин кан басымы көтөрүлгөнү да ошол саясаттан болду окшойт... Бүт өмүрүн элге арнап салган жигиттердин бири. Боке болбосо 7-апрель болот беле, болбойт беле? Бирок 7-апрелге өмүрүн арнаган балдардын тилек-кыялы орундалбай калганына көп кейип-кепчип жүрдү. Текебаев камалганда өзү ооруп жатса да, кышында жылуулук иштебеген штабда отурду. Ошондо Бокенин көктүгүнө таң калдым».
Болот Шер "Ата Мекендин" лидери Текебаев камакка алынгандан кийин партиялык уюштуруу иштери, анын лидерине байланышкан маселелерди чечүү менен алектенген. Соттук отурумдардын биринде саясатчы журналисттерге минтип айтканы бар:
«Бул өтчү нерсе. Ошол соттордун күчүн колдонуп, «Ата Мекенди» талкалайм деген ою барлар жаңылышат. Соттун күчү менен «Ата Мекенди» талкалоо колунан келбейт».
Дагы караңыз "Батукаев иши" Жогорку Кеңеш элегинде
Болот Шер курч билдирүүлөрү, оппоненттерине карата кескин сыны менен да белгилүү. Депутат болуп турган жылдары «Кумтөргө», чек арага байланышкан маселелер боюнча өкмөттү байма-бай сындаган. 2013-жылы кримавторитет Азиз Батукаевдин бошотулушунун мыйзамдуулугун териштирген депутаттык комиссияны жетектеген.
Өмүрбек Текебаев партиялашынын эң өзөктүү эмгеги деп мамлекеттүүлүктүн, улуттун өзүн-өзү таануу түшүнүктөрүн, руханий баалуулуктарды кыргыз элине сиңирүү үчүн күрөшүн белгиледи.
Болот Шер «Көк бөрү» федерациясын түптөгөн. 1998-жылдан баштап бир топ жыл ошол федерацияны жетектеп турган. «Улуттук спорт жөнүндө» мыйзамды иштеп чыккан. Экс-премьер-министр Темир Сариев Болот Шер кыргыз маданиятына жана спортуна кошкон салымын жогору баалайт:
«Көк бөрүнү адегенде республикалык, андан кийин дүйнөлүк деңгээлге көтөрүп чыгып, Болот Шамшиев өңдүү залкар адамдар менен бүт эрежесин жазып, оюнду бүгүнкү шартка ылайыкташтырып, «Көк бөрүнүн» башында турду. Бул абдан чоң из».
"Азаттыктын" архивинен: 2008-жылы 26-апрелде Каркыра жайлоосунун жана төрт пансионаттын Казакстанга берилишине каршы оппозиция Ысык-Көлдүн Түп районунда митинг өткөргөн.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, коомдук ишмер Болот Шер (Болотбек Шерниязов) 1959-жылы 1-майда Талас облусунун Манас районунда төрөлгөн. 1982-жылы Москвада техникалык окуу жайын, 1988-жылы СССРдин Ички иштер министрлигинин Фрунзе шаарындагы атайын милиция мектебин бүтүргөн.
Саясатка аралашканга чейин ички иштер органдарында иштеп, маданият, спорт тармагын көтөрүп, жеке ишкердик менен алектенген.
2010-жылы биринчи жолу инсульт алган. 2020-жылдын 12-июнунда кайрадан инсульт кармап, 21-июнда ооруканада каза болду.
Маркумдун сөөгү өзүнүн керээзи боюнча кичи мекени Чоң-Капка айылындагы көрүстөнгө коюлат. Бул тууралуу маркумдун бир тууганы, Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.
"Азаттыктын" архивинен: Болот Шер Бабановго ок салынган кат жөнөттү
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.