Сергек жашоону корейлерден үйрөнөлү

Эрмек Исмаилов иш үстүндө. Сеул. 17-ноябрь, 2018-жыл.

Дарыгер болуп иштеп жатканыма толук беш жыл болуптур, ушул убакыт арасында көп ооруларды жана бейтаптарды көрдүм. Ачыгын айтканда биз ден соолуктун кадырын билбейбиз. Дарт өтүшүп кеткен учурда гана ооруканага барып, дарыгерлерге таарынабыз.

Дарыгер болуп иштей баштагандан бери "Биздин элибиз эле ушундайбы же башка мамлекетте жашагандар деле ден соолугуна кайдыгерби?" деген суроо мени көп түйшөлтчү.

Акыры ага да жооп таптым окшойт. Тагдыр буюруп, күз айында жумуш сапары менен Түштүк Кореяга, Сеул шаарына барып калдым. “Seoul Medical Center” аттуу мамлекеттик клиникада ооруканалардын ортосундагы келишимге ылайык, эки ай хирургия боюнча билимимди жогорулатып келдим.

Сеулга үч хирург, бир травматолог бардык. "Seoul Medical" клиникасы көп тармактуу, 620 адамга кызмат көрсөтүүгө ылайыкталган, дүйнөдөгү эң акыркы жабдуулар менен камсыз болгон, заманбап бейтапканалардын бири экен. Бизге ал жактан абдан жакшы шарт түзүп беришти.

Биздин Кыргызстандан өзгөчөлөнүп, Сеулдагы клиникадагы операциялардын баары заманбап эндоскопиялык жабдуулар менен гана жасалып жатты.

Ишемби жана жекшембидеги эс алуу күндөрүбүздө клиникадагы дарыгерлер менен Сеулдун кооз жана тарыхый жерлеринде сейилдеп жаттык.

Эрмек Исмаилов (оңдон төртүнчү) кыргыз жана корей кесиптештери менен.

Түштүк Кореянын элин, жашоо шартын көрүп оюм 180 градуска өзгөрдү. Хангук (корейлер өзүлөрүн ушинтип аташат) элинен үйрөнө турган нерселерибиз абдан көп экен. Жашоо деңгээли, бири-бирине кылган мамилеси, аң-сезими кыйла эле бийик экенине баа бердим.

Айрымдарына токтоло кетсем:

Тамактануу

Корейлердин тамактанганы мага аябай жакты. Деңиз азыктарына, чөп-чарга, сөзсүз витаминге бай азыктарга басым жасашат. Ашканаларда ар бир тамактын калориясы саналган. Статистикага таянсак, аларда жүрөк жана инсульт оорулары сейрек кездешет. Бизге окшоп түн ортосунда майлуу манты, лагман, палоону нан менен жеп, кант кошулган ысык чай ичип отурбайт.

Алардын өз курагынан жаш көрүнгөнү, арык чырай келишинин себеби - косметиканын күчү эмес, туура тамактанууда десем аша чаппайм. Корейлердин аялдары орто эсеп менен 84-85ке чейин жашаса, эркектери –77-78ге чейин өмүр сүрөт экен.

Корей тамагы.

Тарбия

Сеул шаарына барганыбыздан баштап кайра узатканга чейин корей элинин кичипейил мамилеси жүрөк жылытты, бир туугандай болуп калдык.

Бир да жолу чет өлкөлүк болгонубуз үчүн кодулап же орой мамилеге туш болгон жокпуз. Автобус, метро күтүп жатканда сөзсүз кезекке турушат. Түртүшүп, алдыга жулунуп, “мен биринчи кирем”, “алдыңкы орунду ээлейм” деген киши жок. Калып кеткен деле адам жок, баары батат. Окуу учурунда, кайсы жерде болбосун, өзүбүздү Кыргызстанда жүргөндөй эле эркин сезип жүрдүк.

Урматтуу окурман, буларды жазып жатканымдын себеби - өз элибизди кемсинтүү эмес, элибиз жакшы болсун, ден соолугуна кайдыгер мамиле кылбасын деген эле ой. Сөз чынынан бузулбайт. Бири-бирибизди каралабай, кемсинтпей, улууга сый, кичүүгө ызаат көрсөтүп жашасак кемип кетпейбиз.

“Кыргызчылык” деп ден соолугубузга кайдыгер мамиле кылып, 60 жашка караганда эле “картайдым, эч нерсеге жарабайм” деп өзүбүз шылтоо, себеп издеп, саламатыкка кайдыгер карап, жашоого болгон үмүттү өчүрүп салган болбойт.

Корейлердин жашоосу 60тан кийин башталат экен, алардан бизден эмнебиз кем?

Оорубайлы!

Эрмек Исмаилов, дарыгер, "Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасы” мамлекеттик мекемесинин хирургу

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.