Бийлик жарандык коом тууралуу саясатын ачыктады

2020-жылдын октябрь айындагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондордун акцияларынын натыйжасында бийлик алмашкан. Бишкектин борбордук аянтындагы окуялардан бир көрүнүш.

Бишкекте 15-ноябрда жарандык коомдун өкүлдөрү менен кызматташтык талкууланган жыйында бийлик жарандык коом, бейөкмөт уюмдар боюнча позициясын билдирип, мындан аркы саясатын ачыктады.

Бийликтин жарандык коомго сунушу

Кыргызстандагы коомдук, бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүн жана бийлик менен кызматташуусун талкуулаган жыйында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бийликтин жарандык коом менен иштешүү планы тууралуу баяндама жасады. Ал азыркы кабинет демократиялык баалуулуктарды бекем сактайт деп убада берди.

"Жаңы Министрлер кабинети өлкөнүн демократиялык өнүгүүсүн, бардык конституциялык укуктарды жана эркиндикти, сөз эркиндиги менен биригүү эркиндигин бекем сактарын белгилеп кетким келет. Биздин өкмөт кызматташууга ачык. Аткаруу бийлиги коомчулуктун жана Жогорку Кеңештин тыкыр көзөмөлүндө турат".

Дагы караңыз Байсалов талкуу жараткан сөзү туура эмес чечмеленип жатканын айтты

Өкмөт өкүлү жарандык уюмдардын чыгымын жаап берүү үчүн бийлик мүмкүнчүлүккө жараша жыл сайын көбүрөөк каражат бөлүп берүүгө ниеттенип жатканын белгиледи.

Анын айтымында, мыйзам жарандык уюмду түз каржылаганга жол бербегендиктен ар кандай кызмат көрсөтүү үчүн сынак жарыяланып турат.

Эдил Байсалов

"Албетте, мамлекеттен көз каранды болгубуз келбейт деген адамдар менен уюмдар чыгары алдын-ала белгилүү. Аларга бөлөк мамлекеттен көз каранды болгон кызыктуу. Анткени ал мамлекеттер акчасы кантип коротулуп жатканы менен иши жок. Бирок эгемендүүлүктүн отузунчу жылында сырткы күчтөрдүн биздин жарандык жана коомдук уюмдарды көзөмөлсүз каржылоосуна чекит койчу мезгил келгенин эскертким келет. Ал алыскы Америкабы же Жакынкы Чыгышпы, анын ортосубу же айланасыбы айырмасы жок. Кыргызда "жамандын үйүн коногу башкарат" дейт. Мындан ары коноктор бирөөлөрдү бузуп-бурмалап, башкаларга тымызын тукурган абал болбойт. Бардык бейөкмөт уюмдарды тыштан каржылоо мамлекеттик органдарга ачык жана көзөмөлдө болуш керек".

Ал ушул айда эле бир нече министрлик жана мекеме келерки жылга жаштардын жана аялдардын көйгөйлөрү, спортту жана маданиятты өнүктүрүү, мамлекеттик тилди колдоо, этникалык азчылыктардын кызыкчылыктарын коргоо боюнча сынак жарыялай турганын убада кылды.

Ошондой эле, өкмөт жалпыга маалымдоо каражаттарына мамлекеттен акча бөлө турганын, сапаттуу журналистикага жана активдүү прессага бийлик кызыкдар экенин белгиледи.

Дагы караңыз Өкмөт жарандык уюмдардын чыгымын каржылоону убада кылды

Бийликтин жарандык коомго сыны

Байсалов жарандык коом, бейөкмөт уюмдардын ишиндеги кемчиликтер жөнүндө дагы айтып, айрым бейөкмөт уюмдарды, укук коргоочу клиникаларды сынга алды.

"Бийлик органдары менен кызматташууну максат кылган бейөкмөт уюмдар эң ириде конфронтациялык маанайдан баш тартышы керек. Эгер кимге "хайп" жана жеңил атак керек болсо, жарандык коомдун атын жамынбай түз саясатка баргыла. Эгер кызматташуу керек болсо, ал узак мөөнөттүү, талыкпаган, сабырдуу жана компетенттүү иштин негизинде жүрүшү керек".

Байсаловдун айтуусунда, жарандык коомдун өкүлдөрү Жогорку Кеңеш кабыл алып жаткан мыйзамдарды талкуулоого активдүү катышпай, качан гана мыйзамдар кабыл алынып, президентке кол коюуга жөнөтүлгөн учурда көңүл бурууда.

Ал ошондой эле, Кыргызстандагы жарандык коом өткөргөн эсепсиз талкуулар дүйнөнүн башка бир дагы мамлекетинде өтпөсүн, мындан ары терең анализи бар, коомдогу көйгөй тууралуу изилдөөнү талкуулаган иш-чара болбосо мамлекеттик кызматкерлер тегерек үстөлдүн баарына катыша бербей турганын билдирди.

Дагы караңыз Өкмөт түзгөн "бейөкмөт уюмдар"

Жарандык коом эмне дейт?

Иш-чараны уюштурган "Бир дүйнө Кыргызстан" уюмунун төрайымы Төлөйкан Исмаилова жарандык коомдун ролу жана бийликтин сунушу тууралуу буларга токтолду.

Төлөйкан Исмаилова

"Биз - жарандык коом эркин өнүгүп келгенбиз. Сын-пикирди жарандардан болобу, өкмөттөн болобу кабыл алабыз. Жаңы өкмөт жарандык коом боюнча стратегиясын айтты. Бейөкмөт уюмдарды каржылайбыз, кризистик борборлорго каражат бөлөбүз деп жатат. Жарандык коом менен өкмөттүн иштешүүсүнүн Финландия, Эстонияда жакшы мисалы бар. Бийликтин бирге иштешели деген сунушун колдойбуз. Адам укугун, сөз эркиндигин сактоого кепилдик беребиз, бирок өзүңөрдүн ишиңерди дагы оңдогула деди. Биз былтыр түрмөлөргө киргенде көп көйгөй көрдүк. Болбосо түрмөлөргө мониторинг жасаган бир топ уюм бар. Баткен ыйлап атканда эч ким барган жок, болбосо жарандык коомдун миссиясы адам ыйлап жатканда барып жардам бериш керек. Кээ бир учурда популизм менен алектенгендер дагы бар. Аны оңдогонго аракет кылабыз".

Уштуруучулардын айтымында, иш-чарага бейөкмөт уюмдардын 100дөй өкүлү жана жергиликтүү лидерлери чакырылган. Ага "Бир дүйнө - Кыргызстан" уюмунда иштеген 67 жергиликтүү лидерлер катышты.

Иш-чарага барган саясат талдоочу Эмил Жороев бийликтин жарандык коомду каржылоо ниети Кыргызстан үчүн жаңылык экенин айтууда.

Эмил Жороев

"Мамлекет жарандык уюмдар менен иштешебиз дегени Кыргызстанда болуп көрө элек нерсе. Мунун себеби буга чейинки өкмөттөрдүн дараметинен болчу. Экинчиден, жарандык коомду тилектеш эмес, сынчы топ катары көргөн маанай калыптанган болчу. Эгер ушундай кызматташуу бардык тарап үчүн тең, бюджети, шарттары, ачык-айкын болсо, андайга баруу зарыл. Жарандык активдүүлүк чет мамлекеттен келген жардамдын көзүн карап отурган туура эмес. Бирок биздеги саясий кырдаалга жараша мамлекет каржылаган жарандык коом көз карандысыздыгын жоготот деген коркунуч жана негиз дагы бар. Эгер ошондой коркунучка бөгөт коюлуп, кепилдик берилсе, андайга баруу - өнүгүүнүн бир талабы".

Дагы караңыз Бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзамдын тобокелчилиги

Ал эми жарандык активист Нурсултан Акылбек Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын жарандык коомго сынын басым деп эсептейт.

Нурсултан Акылбек

"Байсаловдун айтканы менин оюмча жарандык коомго басым кылуу аракети. Мамлекет менен иштешип, бирок өз позициясын ачык айткан уюмдар көп. Ошолорго түздөн-түз "унчукпагыла", "сындабагыла" деп басым кылуу аракети деп ойлойм. Жарандык коом бийлик аша чаппашы, диктатурага кетип калбашы үчүн активдүү жарандар тарабынан түзүлөт. Мамлекеттин атынан жарандык коом мындай болуш керек, мындай гана маселеде силер менен кызматташабыз деген диктаторлук өлкөнүн министринин сөзү болуп калды".

Ал эми “Адилет” укуктук клиникасы 16-ноябрда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун бийликтин бейөкмөт уюмдар менен мамилеси жана кызматташтыгы тууралуу айткандары боюнча билдирүү жасады. Анда Байсаловдун “жогорку даражадагы мамлекеттик кызматкер катары айткан сөздөрү кооптонуу жаратып жатканы”, анын “кесиптик компетенциясынын төмөндүгү”, “объективдүү маалыматты таптакыр билбей турганы” белгиленген.

Жарандык коом өкүлдөрү жаңы Баш мыйзамды жазган конституциялык кеңешменин курамында иштегенин, 350дөн ашуун негизги мыйзам анализделип жаткан инвентаризация ишине активдүү катышып жатканын, алар бийлик үчүн аналитикалык документтерди иштеп чыгуу боюнча жогорку квалификациялуу изилдөөлөрдү дайыма уюштуруп турушарын белгилеген клиника Байсалов “чындыкка дал келбеген маалымат таратып”, “кызматтык этиканы жана моралдык-нравалык жүрүм-турум нормаларын бузуп жатканын” кошумчалады.

“Адилет” Байсалов менен 2007-жылы (шайлоо бюллетенинин сүрөтү Интернетке жарыяланып, мамлекетке 11 миллион сомдук зыян келтирилгени айтылган) жана 2017-жылы (тынчтык маршындагы чагым) иштешип, жардам берген тажрыйбасын да эске салды.

Жалпысынан 2002-жылдан бери 68 миң юридикалык колдоо, кеңеш бергенин билдирген клиника жардамын акысыз негизде калктын бардык категорияларына көрсөтүп келе жатканын кошумчалады.

Кыргызстанда канча бейөкмөт уюм бар экени тууралуу расмий маалымат жок, алар 10 миңдин тегерегинде экени айтылып жүрөт.

2020-жылы октябрь окуяларында бийлик алмашкандан кийин мурдагы бийликтердин тушунда кабыл алынбай келген бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзам кабыл алынып, президент кол койгон.

Жергиликтүү активисттер жана бир катар эл аралык уюмдар бул мыйзам жарандык коомду, бийликти сындагандарды кысымга алуу амалы экенин айтышкан.

Президент Садыр Жапаров мурдагы бийлик тушунда кол коюлбаган "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү" талаштуу мыйзамга дагы кол койгон. Мыйзамды бир нече эл аралык уюмдар сындап, сөз эркиндиги, элдин эркин оюн билдирүү сыяктуу укуктары чектелерин белгилешкен.