"Бийле, Бишкек". Кыймылда катылган жаштар үнү

Fusion Concept Festival деп аталган заманбап бий боюнча сынак быйыл Бишкекте үчүнчү жолу өтүп жатат. 

Мелдештин шарты боюнча бийчилер таптакыр бейтааныш музыканын коштоосунда бийлешет.  

Кыргызстандык бийчилер, эгиз бир туугандар Ома жана Ема жубу Freestyleдан Парижде өтө турган Дүйнө чемпионатына жолдомо алышты. (Сүрөттө Ома)

Казакстандан келген 14 жаштагы Элая жана Жамиля жубу Freestyleдан экинчи орунду ээлешти.

Бийчилердин өнөрүнө Франциядан жана Түштүк Кореядан келген калыстар баа беришти.

“Биз бул мелдешти үчүнчү жылы катары менен өткөрүп жатабыз. Үчүнчү жылы катары менен кыргызстандык бийчилер Ома жана Эма мелдешти утуп келе жатат. Бул кыргызстандык бийчилердин деңгээли өскөнүнөн кабар берет. Мисалы мелдеш үч турда өттү. 40тан ашык команданын ичинен тогуз жуп финалга чыкты. Алардын көпчүлүгү жергиликтүү спортчулар”, - деди мелдештин уюштуруучуларынын бири Александр Ли.

Мелдешке 10 жаштан 35 жашка чейинки бийчилер катышты. 

Мелдешти көрүү үчүн келген күйөрмандар. 

Заманбап бий – эркин бийлөө стили. Мында бийчи балет, жаз, хип-хоп жана башка стилдердин элементтерин айкалыштырып бийлейт. 

Акыркы жылдары Кыргызстанда заманбап бий жаштар арасында кеңири жайылууда. 

Заманбап бийде кыздар менен уландар аралашып же бири-бири менен атаандашып бийлейт. 

"Бий - биздин жашоо образыбыз. Атаандаштык, чеберчилик, бий майданындагы энергия менен алмашуу биз үчүн өтө маанилүү нерсе”, - деди Ома. 
 
“Биз Парижде өтө турган мелдеште жеңишке жетип, өлкөбүз, үй-бүлөбүз, жакындарыбыз, күйөрмандарыбыз үчүн тарых жараткыбыз келет”, - деди Ема. 

Заманбап бий 19-кылымдын аягында Европада жана АКШда пайда болгон. Ошол кездеги жаштар социалдык көйгөйлөрдү бий аркылуу коомчулукка жеткирүүгө аракет кылышкан.

Бишкекте заманбап бий боюнча Дүйнө чемпионатына тандоо мелдеши өттү. Fusion Concept Festival деп аталган мелдешке Орусиядан, Казакстандан, Өзбекстандан, Тажикстандан жана Кыргызстандан 100дөн ашык бийчилер катышты. Катышуучулар бийдин Hip-hop, Popping түрүнөн жалгыздан, Freestyle түрүнөн жуп-жуптан бийлешти. Жыйынтыгында кыргызстандык бийчилер, эгиз бир туугандар Ома жана Ема жубу бийдин Freestyle түрүнөн Парижде өтө турган дүйнө чемпионатына жолдомо алышты.