Бишкектеги бир мандаттуу №26 Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дамира Ниязалиева менен анын үгүтчүсүнүн сүйлөшүүсү деген аудиодон улам 30-майда эки кишини кармап, камакка алды. Милиция аларды Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренеси – “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” боюнча айыптап жатат. Экөө тең тергөө менен кызматташып жатканы белгилүү болду.
30-майга караган түнү милиция Ниязалиеванын штабында тинтүү иштерин жүргүзүп, эшигин жаап, мөөр басып кеткен. Тартип коргоо кызматкерлери кылмыш иши интернетте тараган аудиого байланыштуу козголгонун билдиришкен.
"Эки-үч баланы кармашкан..."
Дамира Ниязалиеванын өзү 30-майда шаардык милицияга суракка чакырылганын билдирди.
"Дагы 2-3 баланы кармашкан. Алар ким экенин билбейм. Кармалганына эки сутканын жүзү болуп калды. Сурак берип жатышат", - деди ал.
Айрым басылмалар кармалгандар шайлоодо Ниязалиева менен иштешкен Али-Аскар Абдыралиев менен Роман Уметбеков экенин жазып жатышат.
30-майга караган түнү Ниязалиеванын шайлоо штабында милиция тинтүү жүргүзгөн. Штабдын алдынан өзүн Али-Аскар Абдыралиев деп тааныштырган адамды милиция кызматкерлери кармап кеткен. Ал "Азаттыкка" "штабга тиешеси жоктугун, досу менен турган жеринен аны милиция кармап кеткенин" айткан.
БШКнын сайтындагы маалыматка караганда, Ниязалиеванын шайлоо фондуна акча которгондордун арасында Али-Аскар Абдыралиев деген фамилия кездешет. Ал 28-апрелде фондго 200 000 сом которгону жазылып турат. Саясатчы айым бул боюнча комментарий бере элек.
Талапкердин адвокаты Эркин Ирискулбеков тергөөчүлөр кеңседен үч ноутбук жана штабдын ишине байланыштуу 30 барак документтерди алып кетишкенин айтты.
Ниязалиева муну "оппоненттеринин басымы" катары баалаган.
"Менин добуштарымды жокко чыгаруу аракеттери болууда. Муну менин оппоненттерим жасап жатат деп ойлойм. Алар менин ордума депутат болуп калам деп ойлоп атышат окшойт. Бирок, алардын тилегине каршы, менин добуштарым 30 пайыздан жогору. Мыйзамда жазылып тургандай, эгерде берилген добуштардын 30 пайызы жокко чыкса, анда жаңы шайлоо болот".
29-майда интернетте Ниязалиеванын добушуна окшош аялдын шайлоо штабынын кызматкери делген адам менен сүйлөшүүсү тараган. Алар кишилерди ташып келүү, акча берүү жана башка темаларды сүйлөшкөн. Ниязалиева ал видеодогу сөздөр чындыкка дал келбей турганын “Азаттыкка” берген комментарийинде билдирип, аудиону "монтаж" деп сыпаттады.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Шайлоо жыйынтыгы жокко чыгабы?
Жекшембиде ушул эле округдан шайлоого аттанган дагы бир талапкер Эртай Искаков Фейсбуктагы баракчасына бир нече адамдын акча санап отурган видеосун таратып, "алар Ниязалиеванын тарапташтары" экенин билдирген.
БШКнын маалыматына караганда, эреже бузуулар боюнча тогуз арыз түшүп, алты кайрылууда айтылган маалыматтар тастыкталган эмес. Ал эми анын үчөө боюнча укук коргоо органдары териштирүү жүргүзүүдө.
28-майда мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгып калышы да мүмкүн.
"Азыр бул факты боюнча тергөө жүрүп жатат. Ошол иш-аракеттердин жыйынтыгын күтө туралы. Мен ойлойм, алар ыкчам тергөө жүргүзүп, жакын арада жыйынтыгын жаярыялашат. Эгерде талапкердин кылмышка тиешеси бар болсо, биз анын каттоосун жокко чыгарабыз. Ал эми шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу үчүн олуттуу негиз болушу шарт. Мисалы, мыйзам боюнча, шайлоо тилкелеринин же добуш берүүчүлөрдүн үчтөн биринин добуштары жокко чыгышы керек".
29 талапкердин ичинен алдыга чыккан Ниязалиева 35%, же 6 242 добуш алган. Андан кийин Уран Сариев 2 070 добуш, Эртай Искаков 1 317 добуш менен үчүнчү орунга чыкты.
Конституциялык мыйзамга ылайык, 28-майда өткөн шайлоонун жыйынтыгы 11-июнга чейин жарыяланышы керек. Боршайкомдун маалыматына караганда, бул шайлоо өнөктүгүнө 18,5 миллион сом сарпталды. Эгер кайра шайлоо өткөрүлсө, бюджет үчүн дагы кошумча чыгым болот. Айрым талдоочулар, бир мандаттуу шайлоо системасы өзүн актабай жатканын айтууда.
"Бул өңдүү көйгөйлөр мурдагы пропорционалдык шайлоодо жеңил эле чечилип келген. Анткени кайсы бир талапкер өнөктүктөн четтетилсе, депутаттык мандат гендердик критерийди эске алуу менен партиянын тизмесиндеги кийинки адамга ыйгарылчу. Бирок пропорционалдык шайлоо таза өтөт деп айтуу кыйын. Анткени партиялык тизме менен шайлоого аттанган талапкерлер деле мажоритардык системадай эле өнөктүк жүргүзүшөт. Алар өз ара шайлоо округдарын бөлүшүп алып, жер-жерлерде иштеп, түрдүү механизмдерди колдонот. Анын ичинде добуш сатып алуу да бар экенине күбө болуп жүрөбүз. Таза шайлоо өткөрүү үчүн добуш сатып алгандарды колго чаап турган деле туура. Мындан тышкары, парламентке идеялуу, авторитеттүү депутаттар келсе эл да добушун сатпай, кызыктуу талапкерлерди шайламак деп ойлойм", - деди саясат талдоочу Медетбек Төлөгөнов.
Боршайкомдун маалыматы боюнча, учурда Мекемелер аралык жумушчу топ шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү үстүндө иштеп жатат. Бир мандаттуу шайлоо системасын өзгөртүү киргизип, эгер кайсы бир талапкер жарыштан четтетилсе, анын ордуна тизмедеги кийинки адамды алып келүү сунушу да каралып жатыптыр.
Солгун шайлоо: 86% шайлоочу добуш берүүгө келген жок
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматтарына ылайык, Бишкектеги №26 Ленин шайлоо округунда 125 миңдей шайлоочу катталган. Бирок 28-майдагы шайлоого анын 17 423ү гана катышты. Бул - Ленин округу боюнча тизмеге кирген жашоочуларынын 86% депутат тандоого көңүл кош мамиле кылып койду дегенди билдирет. Талдоочулар буга шайлоого ишеничтин жоктугу, анын үстүнө көрүнүктүү талапкер болбогону себеп экенин айтып жатышат.
"Элдин көбү саясий сабатсыз. Шайлоого ишенбестик да роль ойноп жатат. Бирок сен шайлоого ишенбесең да добуш берүүгө келип, жамандардын арасынан жакшыраагын тандашың керек да. Ал үчүн талапкерлердин программаларын изилдеп көрүш керек. Талапкерлерди анализдеп, бири-бирине салыштырып, жыйынтык чыгаруу керек. Шайлоолор болгон сайын элдин аң сезими да акырындан жогорулайт деп ойлойм", -дейт юрист Нурбек Токтакунов.
Буга чейинки "Азатыкка" курган маегинде БШКнын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев шайлоого катышуунун солгун болушун депутаттарга элдин ишеними азайганы менен байланыштырган.
“Бизде жарандардын көбү шайлоого кайдыгер, депутат болгусу келгендерге ишенич кеткен. Анын үстүнө шайлоодон тажап да калганбыз. Мындан тышкары талапкерлер үгүт кампаниясын начар жүргүзгөнү үчүн көрсөткүч ушундай эле болот. Буга чейин шайлоочуларды акча, ар кандай нерселер менен кызыктыруу бар болчу. Аларды ташып келгенге чейин барышчу. Азыр андай ыплас нерселер азайып, шайлоочулардын реалдуу саны чыга келди. Элибиздин шайлоого болгон мамилеси ушул”.
Кыргызстанда соңку парламенттик шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрында өткөн. Анда Ленин округунан 11 миңден ашык добуш алып Жаныбек Абиров депутаттыкка шайланган.
Быйыл мартта ал өзү аралашкан мушташтан улам мандатын тапшырып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо жарыяланган.