Бишкекте шаардык милициянын башчысы Азамат Ногойбаевдин кызматтан кетишин талап кылган акция өттү. Укук коргоочулар Ногойбаев өткөн жумадагы маеги учурунда өспүрүм кыздарды зордуктагандарды актаган деп күнөөлөп жатышат. Коомчулуктун мындай нааразылыгынан кийин ал туура эмес сүйлөгөнүн моюнга алып, элден кечирим сурады.
Өткөн аптанын соңунда Азамат Ногобаев Фейсбуктагы түз эфир учурунда социалдык тармактын колдонуучуларынын суроолоруна жооп берип жатып сексуалдык зомбулукка кабылган 13 жаштагы кыздын окуясын мисал келтирген. Ал өспүрүм кыз өз макулдугу менен бул ишке барган деген таризде айткан. Мындай билдирүү коомчулуктун, активисттердин катуу сынына кабылды.
3-апрелде укук коргоочулар, активисттер шаардык милициянын алдына чыгып, Ногойбаевдин кызматтан кетишин талап кылышты.
Акцияда “Балдардын укугун коргоочулар лигасынын” жетекчиси Назгүл Турдубекова президент Садыр Жапаров менен ички иштер министри Улан Ниязбековго кайрылды:
“Кыргызстанда зордуктоо фактылары мурдагы жылдарга караганда эки эсе көбөйдү. Бул абдан коркунучтуу. Буга укук коргоо органдарында таза иштебеген кызматкерлер да күнөөлүү. Ошондуктан Ногойбаев кызматтан кетсин! Бишкекте жакшы иштеген, балдардын кызыкчылыгын коргогон адам иштеши керек”.
Азамат Ногойбаев Фейсбукта айтып жаткан 13 жаштагы кыздын окуясы 2021-жылдын ноябрында катталган. Бирок, секелекти зордуктоого шектүү кармалбай, укук коргоо органдары ишти жаап коюшкан. 2022-жылдын апрель айында өспүрүм өз жанын кыйганы белгилүү болгон.
Зордуктоо фактысы боюнча ишти Башкы прокуратура кайра козгоп, шектүү ушул жылдын 23-январында кармалган. Ленин райондук милициясынын эки кызматкери жана соттук медициналык экспертиза жүргүзгөн адиске "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "Далилдерди бурмалоо" беренелеринин негизинде айып тагылган. Аталган үч кызматкер да азыр камакта.
Акцияга катышкандардын бири Азамат кыздарынын келечеги үчүн кооптонуп жатканын, ар бир кыз коопсуз чөйрөдө чоңоюуга укуктуу экенин белгиледи.
"Мен корком, кыздарымды кантип коргойм деп ойлоном. Себеби, алардын жанында 24 саат бою жүрө албайм да, дайыма көзөмөлдөп, коопсуздугун камсыздай албайм. Мисалы, 13 жаштагы кыз "бирөө менен жыныстык мамиле түзө калайын, күйөөгө тийе калайын" деп ойлобосо керек. Бул жерде зордуктоо болуп атат, бирок ал кылмышкерлерди кое берип салганы кандай? Мамлекетке, милицияга ким ишенет анан? Алар бизди коргошу керек эле да. Эртеңки күнүбүз кандай болот?".
Ногойбаевдин өзү акцияга чыккандарга окуянын чоо-жайын түшүндүрүү аракетин көрүп, милициянын имаратынын ичине чакырды. Бирок чогулгандар ал менен сүйлөшүүдөн баш тартышты.
Журналисттерге маек берип жатып Азамат Ногойбаев туура эмес сүйлөп алганын моюнга алды. Ошол эле учурда кызматын тапшыруу тууралуу суроого түз жооп берген жок.
"Мен "өздөрү" менен деген сөздү колдонуп койгонумду моюнга алам. Эгерде туура эмес айтып алган болсом кечирим сурайм. Мен юрист катары эмес, өз сөзүм менен сүйлөп алдым. Азыркы тапта мыйзамдын негизинде жашы жете элек балдардын укугун коргоо үчүн бардык аракеттер көрүлөт. Мен эч качан кылмышкерди актап, жашы жете элек кыздарды айыптай албайм. Эгер менин айткандарымда ката болсо, кечирип коюуну суранам".
Ногойбаевдин түз эфирде айткан сөзү боюнча Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Ички иликтөө кызматы да териштирүү жүргүзүүдө. Чогулгандар ички иликтөөнүн жыйынтыгы чыккандан кийин кийинки кадамдарын аныктай турганын айтышты.
"Кылым шамы" укук коргоо борборунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова мындай ою менен бөлүштү:
"Азамат Ногойбаев "бардык сексуалдык зомбулукка кабылгандар ушуну өздөрү каалайт" деп айтты. Жетекчинин, укук оргоо органын башкарып турган адамдын мындай сөздөрү кылмышкерге дароо жол ачып берип атпайбы. Алар дагы да кылмышка барат, зөөкүрлүгүн улантат. Мен Ногойбаев "кызматын тапшырсын, жумуштан кетсин" дебейм, бирок ал коомго таанымал адам болгондон кийин жоопкерчиликти сезе билиши керек. ИИМдин ички иликтөө кызматы бардык кызматкерлердин ишин карап турушу керек. Ногойбаевдин бул сөздөрү - алардын шалаакылыгы. Сиз өз айткандарыңыз менен зордукчуга жол ачып бердиңиз. Сиз бардык сексуалдык зомбулукка кабылгандар ушуну каалайт деп айттыңыз".
Жарандык активист Руслан Акматбек сот жана башка укук коргоо органдарын реформалап, кадр саясатын туура жүргүзүү керектигин айтты.
"Абдан зарыл учурларда милициянын кандай иштеп атканын көрүп атабыз. Алар кесипкөй деңгээлде иштеп атат. Ошондой кадрларды жетекчиликке алып келиш керек, милицияда баары эле начар иштебейт. Маселе жетекчиликтин мотивациясында. Акыркы 3-4 жылдын ичинде канчалаган резонанс жараткан иштер болду. Ички иштер министрлигинин жетекчилиги жоопкерчилик тарттыбы? Жок, тартылган жок. Алар "бийликке жагынсам, алардын иштерин аткарсам болду, калганы мага маанилүү эмес" деген принцип менен келе жатат. Биз негизги баалуулук катары адам укугун чыгарып, жөнөкөй жарандын укугун биринчи орунга чыгарганда гана өзгөрүү болот".
Дагы караңыз Секелектин зордукталышы: укук коргоочулар сот өкүмүн сындашты
Акыйкатчы Атыр Абдрахматова да Ногойбаевдин айткандарын айыптап, өспүрүмдү зордуктоо оор кылмыш экенин эскерткен.
Балдардын укугун коргогон Назгүл Турдубекованын айтымында, 2021-жылы 300гө жакын кыз зордукка учураса, 2022-жылы бул статистика эки эсеге көбөйгөн. Психолог, психиатрлардын, укук коргоочулардын көмөгүн сурап кайрылгандардын саны да көп.
Соңку жылдары кыз-келиндерге карата зомбулук күчөгөнүн бийлик өкүлдөрү да моюнга алган. Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте (WPS) Кыргызстан 2021-жылы кооптуу өлкөлөрдүн катарына кирген.
Ал эми ЮНИСЕФтин маалыматына караганда, Кыргызстанда ар бир төртүнчү бала жетишпеген турмушта жашап, бала чагынан оор жумуштарды жасоого аргасыз (Улуттук статистика комитетинин эсеби боюнча, учурда Кыргызстанда 18 жашка чейинки бала 2,5 миллиондон ашык бар). 14 жашка чейинки балдардын 70% зомбулуктун ар кайсы түрүнөн жапа чегип келет.