Бишкекте жапырт кармоого каршы жүрүш өттү

Жүрүштүн катышуучулары "Кемпир-Абад биздики!", "Куугунтукту токтоткула!", "Кемпир-Абаддан колуңду тарт!", "Сууну бербейбиз!" деген жазууларды көтөрүп чыгышты. 

Айрым катышуучулар 23-октябрда камалган активисттердин сүрөтүн көтөрүп чыгышты. 

Темир жол бекетинен Ала-Тоо аянтын көздөй жүрүшкө чыккандар Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга бербөөнү, бул жаатта пикирин эркин айтып чыккан саясатчыларды, активисттерди камактан бошотууга үндөштү.

Уюштуруучулар акцияга 500дөй киши катышканын билдиришти.

Жүрүштүн катышуучулары Эркиндик бульвары менен бара жатышат. 

Жарандык активист Улан Үсөйүн иш-чаранын талаптары менен анын башында тааныштырган:

"Бүгүнкү акциянын эки талабы бар: Биринчиси - Кемпир-Абад суу сактагычынын жери берилбесин! Бийлик элге суу сактагычы жана чек ара боюнча бардык документтерди ачыктасын. Эл чындыкты билсин! Экинчи талап - кечээ кармалгандардын баары бошотулсун! Садыр Жапаров президенттикке келерде куугунтук болбойт деп убада берген, бирок иш жүзүндө кандай болуп жатканын көрүп турабыз", - деди Үсөйүн.

23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашык оппозициялык саясатчылар менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган. Журналист Канышай Мамыркулова милицияга сурак берип чыккан.

Акыйкатчынын 23-октябрдын кечине карата берген маалыматына ылайык, төмөнкү активисттер жана саясатчылар 48 саатка камалды:
Таалай Мадеминов, Эрлан Бекчоро уулу, Асия Сасыкбаева, Рита Карасартова, Шабдан Али, Равшан Жээнбеков, Чыңгыз Капаров, Улукбек Маматаев, Нурлан Асанбаев, Гүлнара Журабаева, Азимбек Бекназаров, Бектур Асанов, Жеңиш Молдоакматов, Атай Бейшенбек, Клара Сооронкулова, Перизат Суранова, Кеңешбек Дүйшөбаев, Айданбек Акмат уулу, Айбек Бусурманкулов, Таалай Эшалиев Бишкектин жана Чүйдүн райондук милиция бөлүмдөрүнүн убактылуу камоочу жайларында камалып турат.

Бишкекте жапырт кармоолорго каршы 24-октябрда уюштурулган акциянын катышуучулары президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту.

Алар камалгандарды бошотууга чакырган кайрылууга Ала-Тоо аянтында кол коюп, андан соң тарап кетишти.

Бишкекте 24-октябрда оппозициялык саясатчы, активисттерди жапырт кармоого каршы жүрүш өттү. Уюштуруучулар 500гө жакын адам катышканын билдирди. Акцияга чыккандар темир жол бекетинин алдына чогулуп, Эркиндик бульвары менен Ала-Тоо аянтына чейин жөө барышты.