Бишкекте Украинаны колдогон акция өттү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкектеги Максим Горький атындагы гүлбакта Украинага тилектештик акциясы өтүп, ага 50дөн ашык адам катышты. Арасында бир катар жарандык активист, укук коргоочулар жана журналисттер бар. Акцияда сөз сүйлөгөндөр кыргыз бийлигинен туура саясат жүргүзүүнү, Орусия үчүн маанилүү уюмдардан чыгууну талап кылышты.