Борбордо көмүр тартыш жана кымбат

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Октябрь айында күндүн кескин сууп кетиши көмүр тартыштыгын жаратып, анын баасы да өскөнү байкалды. Буга байланыштуу Жогорку Кеңештин 7-октябрдагы жыйынында бир катар депутаттар Министрлер кабинетинин күз-кыш мезгилине карата даярдыгын сындады. Бишкек шаарында көмүрдүн тоннасы өткөн жылга салыштырмалуу 1400 сомго чейин кымбаттады. Учурда бир тоннасы 5 миң сомдун айланасында сатылууда.