Кыш Бишкектин көркүн ачты

Бишкектеги “Тазалык” ишканасы түнкү саат төрттөн баштап борбор шаардын көчөлөрүндө күчөтүлгөн тартипте тазалоого киришти. “Тазалыктын” бөлүм башчысы Талант Казакбаев көчөлөрдө отузга чукул техника, 500дөн ашык адам кол менен кар күрөп жатканын айтты. Ал негизги тапшырма өкмөттүк маанидеги жолдор менен негизги чоң көчөлөрдү тазалоо экенин, жумуштар күнү-түнү токтобой уланарын кошумчалады.

Талант Казакбаевдин айтымында, кар тазалоочу машинелер жол чырактардын иштебей калганынан улам башка унаалар менен кошо тыгында калып, тийиштүү көлөмдү аткара албай калып жатат.

- Мындан башка ДЭУнун 40ка чукул кызматкери иштеп жатат. Таңкы саат төрттөн бери шаардын көчөлөрүнө 60 тонна кум, 7 тонна туз септик. Биздин планда Бишкек шаары боюнча 240 көчөнү карайбыз. Азыр алгачкы планда негизиги өкмөттүк жолдорду жана чоң көчөлөрдү тазалашыбыз керек. Бирок кар токтобой жаап жаткандыктан, бир тазалаган көчөнү бир нече сааттан кийин кайра тазалоого туура келип жатат,-деди Казакбаев.

Бишкек шаарынан тышкары Токмок шаарларынын, Чүй жана Талас облустарынын айрым аймактарында электр зымдары карды көтөрө албай үзүлгөн. Ушундан улам өлкөнүн түндүк аймагынын дээрлик жарымы учурда электр энергиясы жок калды.

Ал эми жол чырактардын иштебей калышына да түндө жааган кар себепкер экенин “Түндүкэлектр” ишканасынын маалымат катчысы Гуля Мураталиева“Азаттыкка” билдирди.

27-декабрга караган түнү жааган кардын кесепетинен Бишкек, Токмок шаарларынын, Чүй жана Талас облусунун айрым аймактарында электр линиялары үзгүлтүккө учурап, электр жарыгы өчкөн.

“Түндүкэлектр” авариялык абалда өчүрүп калган линияларды калыбына келтириш үчүн учурда 128 бригада оңдоо иштерин жүргүзүп жатканын маалымдады. 

Синоптиктер 29-декабрга чейин кар калың жаай турганын эскертишүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкү коркунучу көп тоолуу райондордо, Бишкек-Ош автоунаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Красная-Горка-Ак-Таш автоунаа жолдорунда айдоочуларды сак болууга, колдон келсе узак сапарга чыгуудан карманып турууга чакырууда.

27-декабрда Бишкекте жана өлкөнүн айрым аймактарында кар жаады. Жааган кар автоунаа, байланыш түйүндөрүн, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишине түйшүк жаратты.