Бишкек: Курман айтта мал базар иштеди

Анткен менен Бишкектеги мал базарга баргандардын аягы суюлган жок. 

Бул күнү көптөгөн адамдар муктаждарга мал союп, эт таратышат.

Мал базардын жанындагы касапкана. Бул жерде малдын эти бөлүштүрүлөт.

Быйыл Орозо айт намазы сыяктуу эле Курман айт намазы да мечиттерде жана аянттарда окулган жок.

 Бишкек шаарындагы эски аянт. 

Бишкек шаарындагы борбордук мечит. 31-июль, 2020-ж.

Муфтият элди үй кыдырып айттабоого чакырып, COVID-19 инфекциясынын жайылуу коркунучу бүтө элек экенин белгилеп, илдеттин мындан ары күчөп кетишине жол бербөөгө чакырган.

Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында коронавируска байланыштуу жарыяланган өзгөчө кырдаал режими алына элек. 

9-июлда муфтият өлкөдө коронавирус боюнча эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин жума намазын убактылуу токтоткон. Беш убак намаз мечиттерде санитардык талаптарды жана аралыкты сактоо менен окула берерин билдирген.