Асел: "Манастагы" обсервациянын шартына нааразыбыз

Обсервациядагы мекендештер тамактанып жатышат (Аселдин жиберген сүрөттөрү)

Германияда жашаган журтташыбыз Асел 13-марттын таңында Кыргызстанга Түркия аркылуу учуп келген. Аны менен кошо чет өлкөлөрдөн келген кырктай кыргызстандыкты коронавируска байланыштуу обсервацияга жаткырышкан. Асел ал жактагы шарттын начардыгын айтып, “Азаттыкка” байланышка чыкты.

Азаттык”: Сиз учурда "Манас" аэропортуна караштуу обсервацияда экенсиз. Кайсы мамлекеттен келдиниз? Качан обсервацияга жаткырылдыңыз?

Асел: Мен Германиянын Мюнхен шаарынан 13-марттын таңында келдим. Биз менен чогуу бир учакта Испаниядан, Италиядан, Грекиядан келгендер болду. Алардын ичинен кыргыз паспорттору барларды чек арадан киргизишти. Ал эми чет өлкөнүн паспортторун көтөргөн журтташтарыбызды кайра артка депортация кылышты.

Учактан чыгарбай туруп биздин дене табыбызды текшеришти. Эч кимден эч кандай белги табылган жок. Аэропортко киргенден кийин дагы бир жолу текшеришти. Бирок биз менен чогуу бир учакта Түркиядан келгендер да болду. Аларды коё беришти. Бизди мурдагы АКШ базасы жайгашкан жерге обсервацияга жаткырышты. Бул жерде эч кандай шарт жок экен.

Азаттык”: Ошол жайды сүрөттөп бересизби? Шарты кандай экен?

Асел: Казармадай болгон эле эски темирден жасалган конструкция. Жуунчу жайлары, ванналары дат баскан. Ар бир бөлмөдө темирден жасалган эки-үч керебет турат. Дааратканада кагаз жок болчу. Эптеп суранып атып алдырттык. Колду тазалап турганга дезинфекциялоочу каражаттар жок. Кол аарчы кагазды алып келип беришти. Бул жакта иштегендер биздин сураганыбыздын баарын аткарганга аракет кылып жатышат. Таңкы жетиде келгенбиз, кечки тогуз жарымда гана араң анализ алышты. Бир күн кечке күттүк. Азырынча арабыздагыларда оорунун эч кандай белгилери жок.

Обсервациянын аймагы

Биз менен чогуу учуп келген кыз ушул жердеги шартты видеого тартып, Интернетке чыгарып жиберди эле, эки-үч киши келип, аны менен сүйлөшүп, «ал аэропортто анализ тапшырган» деген жүйө менен шаардагы жугуштуу илдеттерди дарылаган ооруканалардын бирине алып кетишти. Бирок ал кыз да биз менен учуп келген, кечке биз менен чогуу бир имаратта болду. Анын жанындагы эжени дагы алып кетишти. Биз чогуу учуп келсек, эмнеге ар кимибизге ар башка мамиле кылышат? Ошого нааразыбыз.

Обсервацияда жаткандар үчүн даараткана

Азаттык”: Обсервацияда жалпы канча адам бар экен?

Асел: Кырктай адам бар. Үч-төрт корпус бар экен. Маалыматтарга караганда бүгүн дагы отуздай киши кошулушу мүмкүн. Ар бир корпуста он чактыдан киши жайгашкан. Биз менен Түркиядан бери чогуу учуп келгендерди эмнеге шаарга киргизип жиберишет? Эгерде бизде вирус болсо аларга деле жугушу толук мүмкүн да. Алар Түркиянын аэропортунда дагы канча саат жүрүштү. Эми эки жума ушул жерде болот экенбиз.

Обсервацияда жаткандар үчүн керебет

Азаттык”: Тамак-аш, жуунучу каражаттар жетиштүүбү?

Асел: Сүлгү сыяктуу бет аарчый турган эч нерсе жок. Тамак-ашты желим идиштерге салып берип атышат. Кытайдан келгендерди дагы бизге кошушат экен. Биз ошого да нааразыбыз. Угушума караганда, өкмөт ушул обсервацияга бир топ каражат бөлгөн экен. Эгер ошондой болсо шарттар кана? Өкмөттүн өкүлдөрү өздөрү да өз көздөрү менен көрүп, бир түнөп кетишсе жакшы болор эле.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​