Бишкекте жол кире маселеси көтөрүлгөнү калды

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек мэриясы коомдук автоунаага байланыштуу жаңы кыйынчылыкка кабылды.

Жалпысынан 2900дөй эл ташыган маршруттук такси болсо, 700дөн көбү каттабай калды. Аларды кармап туруш үчүн мэрия жол кирени көтөрүүнү сунуш кылды. Жакын арада жаңы автобус же троллейбус сатып алууга шаардын казынасында акча жок. Ал арада баш калаанын депутаттары "автоунаа компанияларынын кожоюндары бул кырдаалды атайын түзүп жатышат" деп чыгышты.

Жайдын башында шаардагы элди 2850-2900дөй кичи автобус тейлеп жаткан. Азыркы тапта алардын саны 2140-2200дүн тегерегинде. Мэриядагы шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчиси Хасан Алимбеков "маршруттук таксилер жайкысын эле убактылуу токтоп калдыбы" деп ойлоп жаткан:

Хасан Алимбеков.

- Биз "бул кыйынчылык жайкы сезонго байланыштуу го" деп, "сентябрдын аягына чейин алар каттамдарга кайтып келеби" деп жатканбыз. Бул айдоочулардын жапырт иш таштоо акциясы эмес эле, бизди жарга такап жатышат. Эл ташуу азыр кирешелүү болбой калды. Менчик ээлери кыйналууда. Албетте, бул чоң маселе, ушундай улана берсе, келерки жылы элди ташыганга унаа калбай калат.

Деген менен акыркы жылдары мэрия көп сандагы троллейбустарды алганы кабарланган. Ошентсе да шаардын булуң-бурчун түрө кыдырган кичи автобустар токтосо жол кирени көбөйтүү керек болорун шаардын жетекчилиги айтып чыкты. Албетте, мындай сунуш шаар калкынын ачуусуна тийгени менен Алимбеков жол кирени жок дегенде 2 сомго көтөрүү учур талабы деген пикирде.

Шаардык кеңеш маселени карай элек

Жол кирени кымбаттатуу боюнча акыркы чечимди шаардык кеңеш чыгарат. Бирок депутаттар мэриянын бул сунушун колдоого ашыккан жок. "Республика - Ата Журт" фракциясынын мүчөсү Канат Музуралиев биринчи кезекте шаардыктардын чөнтөгүн караш керек деген ойдо.

- Жүргүнчү ташыган компаниялардын жетекчилеринин "жол кире кымбаттабаса иш таштайбыз" дегенин уккан жокмун. Биринчи шаардык кеңешке сунуш кылсын, анан биз карап чыгалы, - деди ал.

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Рысбай Аматов да бул пикирди колдоп, жүргүнчү ташыган секторго жаңы компанияларды киргизүүнү каалабаган компаниялар бар экенин, атаандаштык күчөсө бааны көтөрүү тууралуу сунуштар токтой тургандыгын айтты:

Рысбай Аматов.

- Ушинтип алар бизди опузалагысы келет. Шаар ачык болушу керек, жаңы компаниялар келгени дурус. Эл көп баткан, заманбап, ыңгайлуу техника киргени жакшы. Эмнеге биз бир нече компанияга эле көз каранды болушубуз керек? Тескерисинче, жаңы унаа алып келген компаниялардын жолун ачыш керек. Мисалы, мурдагы мэрге көп эле кайрылуулар болгону менен жүргүнчү ташуучулар шаар бийлигин сотко бергенинен улам кире албай жүрүшкөн.

Шаардын парламенти 2013-жылдан бери калаадагы каттамдарды ачык конкурстун негизинде жеке компанияларга берүүнүн тартибин киргизүүгө аракет кылган. Ага ылайык коопсуздук нормалары, унаага коюлган бир нече талаптар бар эле. Бирок дал ушул Рысбай Аматов айткан соттук териштирүүлөрдөн улам бул тартип алигиче кире элек.

Маршрутка айдагандар быйыл 2-апрелде жапырт иш таштап, жүргүнчүлөрдү ташууда алардын коопсуздугун камсыздандыруудан баш тартып чыгышкан. Ошондой эле айдоочулар жол эрежесин бузган учурдагы айыппулдун көлөмүн азайтууну, жол кирени көбөйтүүнү талап кылышкан. Аларга ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков бул талаптар аткарылбай турганын айтып, жаңы автобустарды сатып алууну тездетүүнү шаар бийлигинен талап кылган.

Мэр жол кирени кымбаттаттууну колдогон жок

Азиз Суракматов.

Өткөн жумада Бишкектин мэри Азиз Суракматов менен жолуккан айдоочулар жол кирени көтөрүү маселесин дагы бир сыйра козгошту. Шаар башчы "акчаны коё туруп, биринчи кезекте айдоочулар автоунаалардын санитардык, техникалык акыбалын оңдоп, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун сактап, жолдо жүрүү эрежелерин бузбай, жүргүнчү менен мамиле куруу маданиятын көтөрүшү керек" деген мааниде жооп кайтарган.

Кичи автобустардан тышкары Бишкекте 110 троллейбус жана 120 автобус жүргүнчү ташыйт. Чакан бустарды таптакыр жок кылыш үчүн 400 троллейбус, миңге жакын автобус керек.

Мэр Суракматов азыркы кызмат ордуна талапкер болуп турган кезинде "жаңы унааларды сатып алабыз" деп убада бергени менен анысы качан ишке ашары азырынча белгисиз. 2017-жылдын аягында 350 автобус сатып алыш үчүн шаардын жетекчилиги орусиялык "Газпромбанктан" 3,5 миллиард сом насыя алууну чечкен. Жаңы автобустар июлдун аягында келиши керек эле. Бирок бийлик карыз алуудан баш тартканы аныкталган.

Акыркы ирет Кытайдын "Hengtong" маркасындагы жаңы 12 автобус №35 каттам боюнча 2017-жылдын май айында жүрө баштаган. Быйыл февраль айында Орусия менен Белорусиядан 37 троллейбус алынып келген. Сентябрда №2 каттам боюнча 52 жаңы троллейбус келди. Аларды сатып алууга Европа реконструкция жана өнүгүү банкы Кыргызстанга 7,9 миллион евро насыя берген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.