Акын жүрөгүнүн шыбыры

Бурулкан Сарыгулова Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кичи-Жаргылчак айылында туулган. 1983-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университеттин журналистика бөлүмүн бүтүргөн. 

Алгачкы ырлары мектеп курагында жазылып, райондук, облустук, республикалык гезит-журналдарга, альманахтарга жарыяланып келген. 

Кеченин коногу журналист Гүлзада Медералиева.

"Азаттыктын" кызматкери, журналист, маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты Бүбүкан Досалиева куттуктоо сөзүн сүйлөп жатат. 

Бурулкан Сарыгулова 1988-1990-жылдары “Токтогул”, “Алыкулдун ак боз ат” фестивалдарынын лауреаты болгон. 

Кече театрлаштырылып, жаштар акындын ырларын окушту. 

Кече театрлаштырылып, жаштар акындын ырларын окушту. 

Акын “Сыр сандык”, “Жетелешкен жылдар” ыр жыйнактарынын автору. Жаңы ырлар жана котормолор жыйнагы басмага даярдалууда.

Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров.

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы, “Эл агартуунун отличниги” сыйлыктарын алган.

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Тынара Абдразаева.

"Азаттыктын" интернет-редактору, журналист, публицист, тилчи жана котормочу Бекташ Шамшиев жана акын, журналист, КТРКнын алдындагы Кыргыз радиосунун баяндамачысы Элмира Ажыканова.

Бурулкан Сарыгулова көп жылдан бери “Азаттык Медиа” мекемесинин (“Азаттык” радиосунун) баш редактору кызматын аркалап келе жатат.

"Азаттык" радиосунун эмгек жамааты.