«Демократия аралынын» ойго салган абалы

Бишкек, 6-октябрь, 2020-жыл.

"The Dipolomat" басылмасы 3-марттагы макаласын Кыргызстандын дүйнөлүк рейтингде “эркин эмес” өлкө деп таанылганына кеңири токтолду.

"Freedom House" уюмунун жылдык докладында Кыргызстан 11 сапка ылдый түшүп, региондогу калган жумурияттардын катарын толуктаган.

Макаланын автору Кэтрин Пуц жалпы докладдын урунттуу жерлерине токтолуп, дүйнөдө 2020-жылы “демократиянын коргоочулары авторитаризм менен күрөштө жоготууларга туш болушту, эл аралык алкакта тараза ташы зулумдукка ооп баратат” деп шилтеме келтирет.

Ал эми Кыргызстандагы абалды талдап, журналист рейтингдеги төмөндөө өлкөгө байкоо салгандар үчүн таңкалычтуу эмес болду деген пикирин ортого салат. Журналист былтыркы парламенттик шайлоо бурмаланганын, андан кийинки нааразылык акциялары, саясий олку-солку зомбулук, коркутуп-үркүтүүлөр менен коштолгонун баяндайт. Андан тышкары “мандаты аягына чыккан парламент популисттик маанайдагы президенттин камтама жараткан жаңы Конституциясын сүрөөнгө алды” деп белгилейт.

Автор глобалдык тенденцияларды Кыргызстандын мисалында байкаса болорун жазат. Алсак, "Freedom House" дүйнөлүк алкакта авторитардык нормалар демократиялык эмес системалардын артыкчылыктарын жана чабал демократиялардын алсыздыгын пайдаланып кулач жайганын аныктаган. “Кыргызстандагы демократиянын чабалдыгы 2020-жылдын октябрында даана байкалды”, – деп улантат Пуц.

Дагы караңыз Кыргызстан «эркин эмес» өлкөлөрдүн катарына кошулду

Макалада өлкөнүн негизги өнөктөштөрү да “эркин эмес” деген топко камтылганы баса белгиленет. Муну менен бирге региондогу өлкөлөр арасында Кыргызстандагы абал жакшыраак экени да айтылган.

Кыргызстан былтыр “эркин эмес” өлкөлөрдүн тобуна киргени менен саясий кырдаал турукташса, мыйзам үстөмдүгүн орнотуу аракети көрүлсө, дүйнөлүк рейтингдеги көрсөткүчтөрү жакшырышы мүмкүн деп улантат Путц.

Өлкө “жарандык эркиндиктер” субкатегориясында салыштырмалуу жакшы упай топтогон. Буга кайра эле салыштырмалуу, эркин маалымат каражаттары, академиялык эркиндиктер, жарандардын өз оюн эркин билдирүү мүмкүнчүлүгү салым кошкон.

Макала “жаңы өкмөт сокку уруунун ордуна ушул жетишкендиктерди баалап, коргосо гана жылыш болот” деген ой менен жыйынтыкталат.

"Eurasianet" 4-марттагы санында Кыргызстан менен Кытайдын чек арасынан даярдалган материалын сунуш кылды. Данил Усманов өткөн декабрда Эркечтам ашуусуна барып, айдоочулардын турмушу менен таанышып келген.

“Кыргызстан: Кытай чек арасындагы күтүү жана жек көрүү” деп аталган макала жеринен тартылган сүрөттөр менен коштолгон. Кабарчы чек аранын аркы жагында Кыргызстандан барган жүк ташуучу машиналарды дезинфекциялачу чоң ангар көрүнүп турганын, чек арадан өтөрдүн алдында айдоочулар машинелерин жакшылап жууп тазалабаса, аларды артка кайтарып салышарын жазат.

"Айдоочулар айтып бергендей, коронавируска байланыштуу чек ара жабыла электе күнүнө 50-60 машинени өткөрүшчү, кийин 20-30, азыр болсо онго жетпеген машине гана өтө алат. Бир машинени дезинфекциялап, айдоочудан анализ алгыча бир жарым сааттай кетет экен. Кээде 4-5 күнгө чейин кезекте турат".

Дагы караңыз 8-март: Пандемия гендердик теңсиздикти күчөттү

Журналист андан ары айдоочулардын чек ара өткөөлүндөгү күнүмдүк турмушун сүрөттөп берген.

"Кээ бирлери машинелерин оңдосо, башкалары сейилдешет, дагы бирөөлөр убакыт тез өтсүн деп укташат. Кечинде вагончиктердин биринде жайгашкан кафеде ичип алып мушташкан учурлар да кезигет.

Эртең менен саат 7де ойгонуп машинелерин от алдырышат. Чек арадан өтө албагандар кайтып келип кафеге жөнөшөт. Кытайга оор машинелер негизинен бош барып, ал жактан жүк тартып келишет. Иш жүзүндө айдоочулар Кытайдын аймагына барышпайт", - деп жазат кабарчы.

"Novastan сайтынын немис тилиндеги баракчасында жарык көргөн макалада швециялык "Spotify" аудио стриминг кызматы Борбор Азияга да жайылып, Кыргызстан менен Өзбекстанда иштей баштаганын жазды.

Интернет кызматы 22-февралда 80ден ашуун өлкөдөгү рынокко чыгып жатканын жарыялаган. Казакстандык компания Орусия жана Чыгыш Европага келгенде, былтыр июлда эле кызматынан пайдалана баштаган.

Дагы караңыз Көркөм дүйнөнүн көкөйүнө тийген плагиат

Тажикстан менен Түркмөнстанга "Spotify" жете элек. Макаланын автору Кыргызстан менен Өзбекстанда аудио стриминг платформалары бара-бара кеңейип жатканын, акыркы бир нече жылда "Apple Music", "Deezer", орусиялык "Yandex Music" жана BOOM кызматтары иштей баштаганын жана ырчы-обончулар өз чыгармаларын ошолор аркылуу жайылтканын баяндаган.

Материалда Борбор Азияда пираттык музыканы таратуу мурдатан бери өнөкөткө айланганы, музыканттар концерттерден, тойлордон, сейрек учурда рекламадан түшкөн акча менен жан сактап келгени айтылат.

Бул көз караштан алганда аудио стриминг платформалары автордук укуктарды коргоого жакшы өбөлгө түзмөкчү. Себеби "Spotify" жана "YouTube" обончу, аткаруучуларга музыка жана видео материалдарды пайдаланууга жараша акчаны түз төлөй алат. Андан тышкары региондогу артисттерге сырт жактардан жаңы аудиторияны тартууга шарт пайда болот.