Февралдагы Бишкектин маанайы

Үйүн жылуулап жаткан жигит. Бишкек. 

Лев Толстой көчөсүндө жумуш күтүп отурган аялдар. Бишкектеги Лев Толстой көчөсүнүн Логвиненко көчөсүнөн баштап, Жаш Гвардия бульварына чейинки бөлүгүнө күн сайын 500дөн ашык жаран жумуш издеп көчөгө чыгышат. Алар жалданып иштеп, бир күндүк кызматы үчүн 100 сомдон 500 сомго чейин акы алышат. Бул жер Бишкектеги акысы арзан эмгек биржасы деп аталат.

Мында мектепти жаңы бүткөн жаш жигиттерден тартып, жашы улгайгандарды да кезиктирүүгө болот. Акыркы учурда алардын катарына аялдар да көбүрөөк кошула баштады.

2021-жылдын январь айында америкалык валюта кайрадан көтөрүлдү. Февралда доллар 50 тыйынга арзандап, ушул күндөрү анын расмий наркы 84 сом 40-51 тыйындын тегерегинде кармалып турат.

Коомдук транспортто беткапчан отурган киши. Кыргызстанда коронавирустун эпкини тарай элек. Саламаттык сактоо министрлиги коомдук жайларда беткап кийип жүрүүгө чакырганы менен көпчүлүк жүргүнчүлөр аны аткарбайт. 

Маршруттук таксиде бара жаткан киши.

Манас проспектиси. 

Жол кайгуул кызматынын кызмакерлери күзөт учурунда. 

Бишкектин четиндеги Теңдик жаңы конушу. 

Ала-Тоо аянты. 

Аялдамада отурган кыз. 

2021-жылы февраль айында  Бишкекте кээ бир күндөрү кар жаап, айрым учурда күн чайыттай ачык болду. 

Автобус күтүп турган аялдар. 

Январь айында Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочулары кайрадан жол кире акысын көтөрүүнү талап кылышты. Алардын пикиринде, жол акысын 15 сомго жогорулатуу зарыл.