Бишкек: Калың кар, тыгын жана аялдама

Жолдордогу тыгын жүргүнчүлөргө ашыкча түйшүк жаратты. Шаар тургундары коомдук транспортту узак убакыт бою күтүп турушат. 12-декабрь, 2023-жыл. Бишкек 

Синоптиктер 12-14-декабрда абанын температурасы төмөндөп, түнкүсүн Чүй, Талас өрөөндөрүндө -15…-20°, Нарын облусунда -19…-24°,  бийик тоолуу райондордо -30…-35° суук болорун эскертти.

Бишкекте калың кар эмес, кыламык жааса деле жолдордо узун тыгын пайда болушу адатка айланган. 

Бишкек шаары. 

Курьер болуп иштеген жаран. Бишкек 

Бишкектеги борбордук "Панфилов" паркы. 12-декабрь, 2023-жыл 

Ала-Тоо аянты. Кар күрөп жаткан "Тазалык" муниципалдык ишканасынын жумушчулары. Калың карда алардын иши ого бетер көбөйдү. Аталган мекеме 27 автоунаа, 10догон атайын техника менен жолдорду тазалап жатканын маалымдады. 
 

“Кыргыз автожол” ишканасы айдоочуларга кышкы дөңгөлөк салууну, чынжыр тагууну жана тыгын жаратпоо үчүн каршы тилкеге чыкпоону эскертет.

Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында башкы балатыны кооздоо иштери жүрүп жатат. 

"Тазалыктын" жумушчулары иш учурунда 

Аялдамада автобус күткөн жарандар. Бишкек мэриясы коомдук транспорт эртең мененки саат 5:00дөн кечки 23:00гө чейин иштеп жатканын билдирди. 

Күндүн суугуна карабай Ош базарда соода кызуу. 12-декабрь, 2023-жыл  

 

 Бишкектеги башкы балаты.