Бишкек: тургундар гараждардын алынышына нааразы

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкек мэриясы муниципалдык жерде турат делген №12 гараж кооперативинин жерин бошотуу иштерин баштады. Ал жерге унаасын токтотуп келген 200дөн ашык гараждын ээлери 50 жыл колдонгон жерди алуу мыйзамсыз экенин айтып, нааразы болушууда. Мэрия бул жерге көп кабаттуу унаа токтотуучу жайды, спорт комплекстерин курууну убада кылып жатат.