Бишкекте арзан көмүр талашка түштү

Арзан көмүр саткан кампадагы кардарлар. Бишкек. 17-ноябрь, 2021-жыл.

Бишкектеги эки кампада тоннасы 3 миң сомдон сатылып жаткан арзан көмүргө узун кезек жаралды. Арасында кары-картаңдар, жаш балалуулар бар. Бул аралыкта көмүр ташыган автоунаалардын айдоочулары бааны арзандатууга каршылыгын билдирип чыкты.

"Кечээ 731-болуп кезекке жазылып кеткем..."

Бишкектин батыш тарабындагы арзан көмүр сатылып жаткан кампада эки күндөн бери ызы-чуу. Бир күн мурун эле миңден ашуун киши көмүр алууга кезекке турган. Бирок кечке алардын үчтөн биринин гана кезеги жетиптир.

Замирбек Акматалиев, Бишкектин тургуну

"Кечээ 731-кезекке жазылып кеткем. Бүгүн ал тизме жок. Балам экөөбүз келип, жазылып кеттик эле. Бүгүн жаңы тизме бар имиш, эми ага жазылыш үчүн дагы кезек күтүш керек. Айлам кетип, кете берсемби деп турам," -деди Бишкектин тургуну Замирбек Акматалиев.

Бишкектин дагы бир тургуну кезек акырындык менен болсо да жылып жатканына шүгүр кылып, күтүп олтурат.

Кемелбек Кыдыралиев, бишкектик тургун

"Башка көмүр сатылуучу жайларда кымбат сатылууда. Ошондуктан кечке чейин болсо да күтүп алып кетели деп отурабыз. Президентибиз арзандатып берди, ыраазыбыз. Буйрук кучүндө турса дагы алабыз да",-дейт Кемелбек Кыдыралиев.

"Бир кишиге эки гана тонна"

Шаар четиндеги Ак-Ордо конушунун тургуну Бегимай Каныбек кызы кечээ ата-энеси 3 миң сомдук көмүрдү кечке күтүп олтуруп, сатып келишкенин айтып берди.

"Атам менен апам экөөсү тең пенсионер. Кечке күтүп отуруп, 2 тонна көмүр алып келишти. Анткени, андан көп сатпай жатыптыр, талаш болуп жатат дейт. Үйдө кичинекей балдар болгондуктан отту үзбөй жагып жатабыз. Ошондуктан кийинчерээк дагы 2 тонна алабыз го. Азыр эми анча суук боло элек да, катуу суук болсо мындан да көп жагылат".

Арзан көмүр саткан кампада кезек күткөн кардарлар. Бишкек. 17-ноябрь, 2021-жыл.

“Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы көмүр тартыштыгы болбойт деп ишендирүүдө. Мекеменин басма сөз катчысы Жийде Зоотбекова "Азаттыкка" ырастагандай, 16-ноябрда Кара-Кече көмүр кенинен 50 автоунаа менен Бишкекти көздөй көмүр жүктөлдү.

"Бүгүн түндө 50 машине кенден чыкты. Ага чейин 100 машине көмүр Бишкекке алып келинген. Эки базада үч миң сомдон сатылып жатат. Учурда шаардын башка жактарына жана аймактарга да арзан көмүрлөрдү жеткирүүнү уюштурабыз".

Көмүр ташыган айдоочулар нааразы

Бул аралыкта Кара-Кечеден көмүр ташыган айдоочулардын нааразылыгы тартылган тасма соцтармактарга тарады. Алар өкмөттүн көмүр баасын 3 миң сомго түшүрүү демилгесине каршылыгын билдирген.

"Үч миң сом деген бир дагы айдоочуга жаккан жок. Өкмөт арзандатчу болсо, эртерээк эскертип, алдын ала график түзүүгө тийиш эле. Өкмөттүн машиналары алып бүткөнчө биз үйүбүздө эле жатмакпыз. Ансыз деле бул жерде бир нече суткалап кезек күтүүгө туура келет. Тамак-аш эмес, суу жок болуп калат кээде. Биздин да чыгашабыз бар, унаалардын бир эле дөңгөлөгү 22 миң сом турат. Үй-бүлө, бала-бакыра деген бар",-дейт айдоочулардын бири.

Дагы караңыз

“Кыргызкөмүр”: Кара-Кечеде абал тынч, көмүрдү арзан сатуу иши улана берет

“Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы айдоочулардын дооматтарын четке какты.

Жийде Зоотбекова.

"Себеби, алар буга чейин элге көмүрдүн тоннасын 6-7 миң сомдон сатып, 80 миң сомго чейин таза киреше таап турушкан. Бир рейсте 150 миң сом тапса, анын 80 миңи таза киреше болуп турган. Эми азыр ошол кирешеден ажырап калабыз деп нааразы болуп жатышат. Алардын Кара-Кече кенинде ызы-чуу болуп жатат дегендери да чындыкка дал келбеген маалыматтар",-дейт Жийде Зоотбекова.

Өкмөт быйылкы энергетикалык каатчылыктан чыгуу жана электр энергиясын үнөмдөө максатында көмүрдү арзан сатууда. Баанын кымбатташына ортомчулар себеп экенин "Кыргызкөмүр" ишканасынын директору Мирлан Жакыпов "Азаттыкка" билдирген. Анын айтымында, Кара-Кечеден чыккан көмүрдүн бир тоннасы 1330 сом. Айдоочулардын ортодогу чыгымын кошкондо ашып барса 2500 сом болот. Өкмөт үч миң сомдон сатылса, өзүн актайт деп айтууда.

Бирок буга айрым эксперттер макул эмес. Алар бааны жасалма түшүрүү менен өкмөт ишкерлерди чыгаша менен иштөөгө мажбурлап жатат деп эсептешет.

Экономист Азамат Акенеев мамлекет көмүрдү ишкерлерден кымбатыраак сатып алып, элге үч миң сомдон сатса болот деген пикирин "Твиттердеги" баракчасына жазды.

"3000 сомдон бир да ишкер сатпайт. Анткени, алар чыгашага иштебейт. Мамлекетте элдин баарын арзан көмүр менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү жок. Ал үчүн мамлекет ишкерлерден көмүрдү сатып алып, элге кайра арзан баада сатса болот. Күнүнө 200-300 тонна көмүр сатуу менен элдин суроо-талабын канааттандыра албайт. Кыргызстан жылына 1 млн. ашуун тонна көмүр пайдаланарын эске алсак, анда күнүнө 30 миң тонна сатылышы керек".

Кышка даярдык көрүлбөгөндөн улам быйыл көмүр кымбат болуп жатат дейт эксперт Расул Умбеталиев:

Расул Умбеталиев.

"3000 сом өзүн актабайт. Бул баа менен эч ким ташыбай коет. Эгер мамлекетте акча болсо, анда ишкерлерден кымбатыраак сатып алып, элге арзан сатса болот. Мен муну колдойт элем. Бирок бюджеттин тартыштыгы 21 млрд. сом болуп жаткан кезде бул ишке ашуусу кыйын. Өкмөт быйыл кышка камылганы кеч баштады. Биз былтыр эле көз карандысыз комиссиянын мүчөсү катары Кара-Кечеге барганда эскерткенбиз, ачык-айкын айтканбыз. Жылытуу сезону апрелде бүтсө, 1-сентябрга чейин даярдоо иштерин жүргүзүп, күйүүчү май менен камсыз кылуу керек болчу. Бирок аны ишке ашырышкан жок. Азыр кенде казылган даяр көмүр жок. Ошол үчүн айдоочулар ал жерде бир нече суткалап жатышат".

Дагы караңыз

Борбор Азиядагы энергетикалык кризистин себептери

Суук түшкөнү көмүр Бишкекте 6-7 миң, республиканын түштүк аймагында 8-10 миң сомдон сатыла баштаган. Азырынча борбор калаадан тышкары аймактарда арзан көмүр табуу кыйын. "Кыргызкөмүр" ишканасы аймактарга да жеткирилет деп билдирип жатканы менен, бул канчалык деңгээлде ишке ашары белгисиз.