Колбашчылар Бирманын хунтасын зомбулугу үчүн айыптады

Оппозициялык "Демократия үчүн улуттук лига" уюмунун желегин көтөргөн демонстрант. Янгон шаары, Бирма. 2021-жылдын 27-марты.

12 мамлекеттин колбашчылары өз элине каршы ыдык көрсөткөн Бирманын хунтасын 27-марттагы жана ага чейинки зомбулугу үчүн терең айыптады.

Дүйнөдөгү 12 өлкөнүн жогорку аскер башчылары 27-мартта жарыялаган биргелешкен билдирүүсүндө дал ушул күнү 90дон ашуун кишинин набыт болушуна алып келген зомбулук аракеттери үчүн Бирманын аскердик жетекчилигин айыпташты.

1-февралда Бирмадагы жарандык өкмөттү күч менен таркаткан соң, жалпы элдин кутумга каршы нааразылыгына кабылып жаткан хунтанын демонстранттарды ырайымсыздык менен жазалоосунун туу чокусу ишембиде болду.

Мандалай шаарындагы тирешүүнүн бир көрүнүшү. Бирма. 2021-жылдын 27-марты.


Колбашчылардын биргелешкен билдирүүсүнө Австралия, АКШ, Германия, Грекия, Дания, Жаңы Зеландия, Жапония, Италия, Канада, Нидерланддар, Түштүк Корея жана Улуу Британиянын өкүлдөрү кол коюшкан. Кол койгондордун арасында НАТОнун бир катар мүчө өлкөлөрү да болду.

Бул билдирүүдө Бирмадагы армия өз элинин ишенимин жоготту деп айтылат.

«Франс Пресс» кабар агенттиги жарыялаган бул билдирүүдө: "Кесипкөй аскер күчтөрү жүрүм-турум эрежелеринин эл аралык стандарттарын карманат жана армия өзү кызмат кылган элге зыян келтирүүгө эмес – бул элди коргоого милдеттүү", - деп айтылат.

Жакынынан айрылган эненин көз жашы. Янгон, Бирма. 2021-жылдын 27-марты.


“Рөйтерс” кабар агенттигинин маалымдашынча, бул биргелешкен билдирүүдө, ошондой эле куралсыз калайыкка каршы өлүмгө алып келүүчү курал-жарак колдонулгандыгы терең айыпталган.

Билдирүүдө Бирманын аскер күчтөрүнө "зордук-зомбулукту дароо токтотуп, өзүнүн иш-аракеттери менен жоготуп алган сый-урматты жана ишенимди Бирма элинин жүрөгүндө калыбына келтирүү үчүн иш алып барууга" чакырык жасалган.

Катаал жазалоодон кийин... Янгон шаарынын чет жакасы. 2021-жылдын 27-марты.

Билдирүү ошол эле өлкөлөрдүн көптөгөн дипломаттары зомбулукту терең айыптоосунан кийин жарыяланды.

27-марттагы зомбулук аракеттерди Бирмадагы хунта өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн күнүнө карата ири кубатты шардана кылган аскердик парадды уюштуруу менен эриш-аркак жүзөгө ашырган.

Аскерлердин калайыкка ок атуусу ыктымалдыгы жөнүндө эскертүүлөрүнө карабастан, хунтанын төңкөрүшүнө каршы нааразылык чараларына чыккан демонстранттар ишембиде Янгон, Мандалай жана башка шаарлардын көчөлөрүн толтурушту.

“Саясий туткундарга жардам берүү жамааты” (AAPP) аттуу жергиликтүү укук коргоо уюму 27-мартта 90го жакын киши набыт болгонун кабарлады, ал эми “Myanmar Now” интернеттик кабар барагы ишембиде өлкөдө 114 киши коопсуздук күчтөрү тарабынан өлтүрүлгөн деп маалымдады.

БУУнун маалыматы боюнча, хунтанын бийлигине каршы нааразылык чаралары башталгандан берки эң кандуу күнү набыт болгондордун арасында жашы жете элек балдар дагы бар.

Бирманын хунта башчысы, улук генерал Мин Аунг Хлайн Орусиянын коргоо министринин орун басары Александр Фоминге медал тагууда. Найпидо шаары, Бирма. 2021-жылдын 26-марты.


Бул кыргындан бир күн мурда (жума күнү) Орусиянын коргоо министринин орун басары Александр Фомин хунта башчысы, улук генерал Мин Аунг Хлайн менен жолуккан. Ишембиде болсо Фомин Куралдуу күчтөрдүн аскердик парадына катышты.

Дагы караңыз Орусия Бирмадагы хунтаны колдоду

Бирманын учурда өкүм жүргүзүп жаткан аскердик хунтасынын жолбашчысы өлкөдөгү Куралдуу Күчтөр күнүн майрамдоо маалындагы салтанаттуу сөзүндө Орусияны "чыныгы дос" деп атады.

Эл аралык коомчулук жергиликтүү бирмалыктардын талаптарын ырааттуу колдоп, Бирмадагы хунтаны мыйзамдуу шайланган жарандык бийликти тез арада калыбына келтирүүгө үндөп келет.