Хунтага каршы айбат кылган бирмалыктар

Хунтанын төңкөрүшүнө каршы чыккан демонстранттар жөө жүрүш учурунда "Биз аскердик төңкөрүштү кабыл албайбыз!" деген жазууларды кармап турушат. Мандалай шаары, Бирма. Жекшемби, 14-март, 2021-жыл.

Демонстранттар камактагы Аун Сан Су Чжинин сүрөтүнүн жанында. Янгон шаары, Бирма. 2021-жылдын 9-февралы.

Демонстранттар Янгон шаарынын чет жакасындагы Хлаингтая (Хлаинг Тхаряр) шаарчасында темир калкандарга жашырынып турушат. Бирма. 2021-жылдын 14-марты.

Аун Сан Су Чжинин католик тарапкерлери Янгон шаарындагы Кытай элчилигинин алдында аскердик төңкөрүшкө каршы нааразылык жыйынын өткөрүштү. Бирма. 2021-жылдын 21-февралы. 

Демонстранттар аскердик төңкөрүшкө каршы нааразылык жыйыны учурунда полиция аткан көздөн жаш агызган газдын айынан качууда. Мандалай шаары, Бирма. 2021-жылдын 20-февралы.

Демонстранттар "Биздин лидерлерибизди бошоткула!" деген ураанды көчөгө жазышты. Дрон аркылуу тартылган сүрөт.  Янгон шаары, Бирма. 2021-жылдын 20-февралы. 

Хунтага каршы нааразылык жыйыны маалында курулган баррикаданы жоокерлер ээлешти. Янгон шаарынын чети, Хлаинг Тхаряр шаарчасы, Бирма. 2021-жылдын 14-марты.

Демонстранттардын баррикадасы. Янгон шаарындагы Хлаинг Тхаряр шаарчасы. 2021-жылдын 14-марты.

Демонстранттардын баррикадасы ойрон кылынды. Янгон шаарындагы Хлаинг Тхаряр шаарчасы, Бирма. 2021-жылдын 14-марты.

Бирманын  жоокерлери аскердик төңкөрүшкө каршы нааразылык жыйыны учурунда көчөлөрдү көзөмөлдөөдө. Янгон шаары, Бирма. 2021-жылдын 28-февралы. 

Полиция демонстранттарды кууп таркатуу үчүн "суу замбирегин" колдонуп жатат. Мандалай шаары, Бирма. 2021-жылдын 9-февралы. 

Демонстранттарга каршы  көздөн жаш агызуучу газ колдонулду. Өрт өчүрүүчү зат да чачылды. Найпидо шаары, Бирма. 2021-жылдын 8-марты.

Аскердик төңкөрүшкө каршы нааразылык чарага чогулган калайыкка каршы туруу үчүн жоокерлер Борбордук банктын алдында турушат. Янгон шаары, Бирма. 2021-жылдын 15-февралы.

Демонстранттар аскердик төңкөрүшкө каршы нааразылык чарасы маалында Аун Сан Су Чжинин сүрөтү түшүрүлгөн плакаттарды кармап турушат. Найпидо шаары, Бирма.  2021-жылдын 15-февралы. 

Бир демонстрант көздөн жаш агызчу газга каршы өрт өчүргүч затты чачууда. Янгон шаары, Бирма. 2021-жылдын 28-февралы.

Демонстранттар тобу аскердик төңкөрүшкө каршы нааразылык жыйыны учурунда жаракат алган шеригин дарыгерге тез жеткирүү үчүн ашыгууда. Янгон шаарынын чет жакасында жайгашкан Хлаинг Тхаряр шаарчасы, Бирма. 2021-жылдын 14-марты.

Хунтага каршы жыйынга катышып жатканда, жоокерлердин огу тийген демонстрантты шериктери коопсуз жайга чыгарып кетүүгө ашыгууда. Янгон шаары, Бирма. 2021-жылдын 14-марты.

Демонстранттар курган баррикаданы жоокерлер өрттөп салган маалда, бир киши качып бара жатат. Янгон шаары, Бирма.  2021-жылдын 10-марты.

Демонстранттар 19-февралда каза болгон 20 жаштагы шериги Мя Тве Тве Хаингди АКШнын элчилигинин кеңсесинин маңдайында эскеришти . Янгон шаары, Бирма. 2021-жылдын 20-февралы. 

Бирманын демократиячыл күчтөрү 2021-жылы 1-февралда бийликти басып алган аскердик хунтага каршы нааразылык чараларын улантууда. 16-мартка чейинки сүрөттөр.