Биринчи коңгуроо салтанатсыз өттү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

1-сентябрда Кыргызстанда 156 миң бала мектеп босогосун аттады. Бирок коронавирус пандемиясынан улам «Биринчи коңгуроо» жыйыны уюштурулбай эле сабактар башталды. Быйылкы окуу жылында 1-класска барган окуучулар менчиктин түрүнө карабастан мектепке каттап окуйт. Калган класстардын баары биринчи чейректе онлайн режимде билим алат.