Президент Садыр Жапаров 3-октябрда дароо төрт министрди кызматтан алды. Алардын экөөнүн бошотулган себеби азырынча белгисиз, дагы экөөнө кылмыш иши козголгон.
Президенттин 3-октябрдагы жарлыгы менен маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, транспорт жана байланыш министри Эркинбек Осоев, билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев жана энергетика министри Доскул Бекмурзаевдер кызматынан алынды.
Жаманкулов менен Осоев өз каалоосу менен бошотулса, кылмыш иштеринин фигуранты болуп турган Бейшеналиев менен Бекмурзаев Баш мыйзамдын 70-беренесине ылайык ээлеген кызматынан президенттин демилгеси менен алынды.
Бошотулган министрлердин ордуна жаңы кадрлар убактылуу милдетин аткаруучу болуп дайындалышты. Ага ылайык, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин милдетин Алтынбек Максутов, транспорт жана байланыш министринин милдетин Тилек Текебаев, билим берүү жана илим министринин милдетин Уланбек Мамбетакунов, ал эми энергетика министринин милдетин Таалайбек Ибраев аткарат.
Өкмөттөгү мындай кадрдык чечимдердин себептери азырынча расмий айтыла элек.
13-сентябрда энергетика министри Доскул Бекмурзаевге кызмат абалынан кыянат пайдалануу боюнча эки кылмыш иши козголуп, кызматынан убактылуу четтетилген болчу.
Дагы караңыз Энергетика министрине эки кылмыш иши козголдуБекмурзаев кызматтан алынышы боюнча кыскача мындай жооп берди:
"Эчтеке айта албайм, аны чечим чыгарган кишилерден сураш керек. Мен ден соолук менен алек болуп жатам. Козголгон кымыш иши негизсиз, ал жерде эч нерсе жок. Азыр тергөө жүрүп жатат, тергөө бүткөндө дагы далилдерди көрөсүңөр".
Мындан көп өтпөй кызматтан алынган билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев 28-сентябрда укук коргоо органдары тарабынан кармалган. Ага ири көлөмдө пара алуу айыбы тагылып, сот 28-ноябрга чейин камакта кармоо чечимин чыгарган.
Буга чейин Бекмуразев менен Бейшеналиевден тышкары саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев дагы кылмыш иштери менен бошотулган болчу. Прокуратура ага жети кылмыш ишин козгоп, камакка алган. Көп өтпөй абактан чыгып, бирок кызматтан бошотулган.
Жогорку Кеңештин депутаты, парламенттеги Транспорт, байланыш, архитектура жана курулуш комитетинин мүчөсү Тазабек Икрамов кадр тандоодогу кемчиликтердин жоюлбай келатканын жана жумушта жасалган мыйзамсыз иштерден сабак алынбай жатканын негизги көйгөй катары эсептейт.
"Төрт министрди алмаштыруу жакшы көрүнүш эмес. Алдыда Энергетика министрлиги түздөн-түз жооп бере турган кыш келатат. Кандай кадр маселелери болуп жатканын билбейм, төрт министрди алмаштырып, ордуна азыр жаңы министрлерди койду. Мен мындай айтат элем, бардык кетип жаткан министрлер ар бир кылган иши боюнча отчет берип, туура эмес кылган иштери боюнча жоопкерчилик тартышы керек эле. Жөн гана жумуштан четтетилип, бир-эки жылдан кийин айланып кайра келип иштей бербей. Эл анын эмнеден улам кеткенин билиши керек. Албетте, кадрларды туура эмес тандоо болгон, өзүнүн тармагын жакшы билбеген, кесипкөй эмес адамды тандап алган себептен ушундай болууда. Барган жерде коррупция көп болуп, ишинде шалаакылыктарга жол берип койгон".
Дагы караңыз Алмазбек Бейшеналиев эки айга камакка алындыБийликтин кадр саясатын экспертик чөйрө ар кыл өңүттөн талдап келет.
Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору, саясат таануучу Алмазбек Акматалиев иштин кызыкчылыгы үчүн кадрлар алмашылып жатканы менен мамлекеттик башкаруунун системдүүлүгү сакталып турганын белгилейт.
"Менимче, маселе конкреттүү министрлерде эмес. Президент баштаган аткаруу бийлигиндеги терең реформалар, бюрократияга каршы ыкчам, туура чечимдерди кабыл алуу, бюджетти толтуруу, инновациялык өнүгүү сыяктуу абдан маанилүү маселелер бар. Бардык министрликтер ошол иштерди баштап койду. Министр кетеби, жаңы министр келеби – маселе конкреттүү адамда эмес, маселе ошол башталган иш аягына чейин кынтыксыз чыгыш керек. Мисалы, мен үчүн конкреттүү фигуралар маанилүү эмес, конкреттүү стратегиялык иштер ишке ашабы же ашпайбы. Укуктук жагын алсак, президент конституциялык укугунан пайдаланып сунуш кылып атат, Жогорку Кеңеш дагы министрлерди тандоодо катышууда".
Жакында эле Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов өз отставкасын жарыялап, өз чечимин жергиликтүү бийликке өз алдынчалыктын берилбегени, бардыгы борборго байланып калганы менен түшүндүргөн. Буга байланыштуу президенттик администрация билдирүү жарыялап, бир жылдан бери жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасын реформалоо иштери кылдат даярдалып жатканын билдирген.
Экономика илимдеринин доктору, транспорт жана логистика жаатындагы эксперт Акылбек Уметалиев Кыргызстанда башка бардык тармактардай эле транспорт тармагына да системдүү мамиле калыптанбагандыктан, кадр саясаты да чаржайыт жүрүп жатканын айтат.
"Мунун себеби бирөө эле болуп турат. Анткени Кыргызстанда министрлик болобу же мекеме болобу системалык түрдө мамиле кылуу жакшы жолго коюлбай жатат. Министрлик түзөрдө кайсы кызматты аткарат, кандай стратегиялык багытта иштейт, кандай пайда келтирет – биринчи кезекте ошол жасай турган иштерин аныктап туруп, андан кийин мекемени аныкташ керек. Ушул иштердин баарын кайсы мекеме, кайсы министрлик жасайт деп туруп, ошого жараша структура түзүлүш керек негизи. Бүт дүйнө жүзүндо алгоритм ушундай. Бирок бизде андай эмес. Министрликтерди түзөт дагы, андан кийин отуруп алып, ошолорго эмне жумуш кылат деп тапшырма берет. Аягынан башталып жатат. Иштин жүрбөй жатканы ошонун негизинде эле. Мына, дагы бир далили – бир дагы министр кармала элек, кээ бирөө мындай кызматтан алынат, кээ бирөө пара алып кызматтан алынат. Келген адам эң биринчи эмне жасарын билбей келсе албетте, жыйынтыгы ушундай болот да. Эгерде ушундай иштерди жасаш керек, аны жасай турган адамдар барбы деп, ошолорду тандап алып келип отургузса, ал тармакты билет, отуруп ошол тармактын тартибине, суроо-талабына жараша ишин аткарып кетмек".
Тарых илимдеринин доктору, саясат таануучу Табылды Акеров бийлик кыйын кырдаалда аракет кылып жатканын көрсөтүш үчүн айрым министрлерди садага чаап жатат деген пикирде.
"Мурунку бийликтер менен салыштырсак, учурда өтө кызыктуу адамдар келүүдө. Же Бакиевдин кадрлары болгон, же болбосо такыр эле эл тааныбаган, тарыхы күмөндүү адамдар келүүдө. Ошондуктан кадр саясаты акырындык менен кризиске кептелип баратат десек болот. Буга акыркы учурдагы камоолор мисал. Акаевдин, Бакиевдин, башкалардын учурунда деле президентке эң жакын киши коррупция менен алектенсе болот, көз жумуп коёт деген түшүнүк бар да. Мына ошондой түшүндүк менен аракет кылып жатышат. Бирок керек учурунда кармалып, камалып калып атышат. Бирок, өлкөдө өтө кыйын абал болууда. Кандайдыр бир иштерди көрсөтүш керек болуп турат. Ошол негизде бийлик кээ бир министрлерди акча алып жатканын аныктап, камоого дагы мажбур болуп атат. Антпесе болбойт, эл чыдай албайт".
Президент Садыр Жапаров 2021-жылдын башында "Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө" жарлык чыгарган. Анда мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга кадр тандоону жакшыртуу, бардык дайындоолорду сынак аркылуу жүргүзүү белгиленген.