Өкмөт окуучуларды мектептен окутууну чечти

1-сентябрда 1-класстар гана мектепке барышкан.

6-октябрдан тартып 1-класстан 6-класска чейинки окуучулар кадимкидей эле мектепке барып окуй баштайт. Бул чечим 30-сентябрда Республикалык ыкчам штабдын отурумунда кабыл алынды.

Мектептер коронавирус коркунучунан улам быйыл мартта карантинге жабылып, жаңы окуу жылы да аралыктан башталган. Пандемия шартында мектептерде окуу кандай тартипте жүрөт?

Премьер-министр Кубатбек Боронов 5-октябрда шайлоодон кийин мектептер толук дезинфекция болуп, 6-октябрдан тарта 2-6-класстын окуучулары да окуй баштарын билдирди.

Ал мугалимдер жана окуучулар санитардык талаптарды сактоого милдеттендирилип, айрым сабактарды таза абада өткөрүү сунушталганын айтты:

«Сабак өтүүдө бир топ өзгөчөлүктөр болот. Климаттык шарттарды эске алуу менен турмуш-тиричилик коопсуздугу, мекен таануу, адеп, дене тарбия сабактарын таза абада өткөрүү сунушталат. Бир нече тыюу салуулар бар, мектептерде ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө уруксат берилбейт, ата-энелер менен башка адамдарга мектепке кирүүгө болбойт. Мектептерге, класстарга жана окуу процессине аралашкан бардык жайларга тазалоо иштери боюнча бир нече талаптар коюлду. Бөлмөнү убагында желдетип туруу, дезинфекциялоочу каражаттар менен күнүгө эки ирет классты жууп чыгуу сыяктуу иштер».


Жаңы белгиленген нормаларга ылайык эгер мектепте окуучулардын саны 200гө чейин болсо, план боюнча бекитилген жүгүртмөгө (расписание) ылайык кадимки режимде окуу процесси уюштурулат.

Ал эми балдардын саны 350гө чейин жетсе, ийкемдүү жүгүртмө боюнча (мисалы: сабактардын башталышы жана тыныгуулар ар кандай убакытта, мисалы, 1-2-класстарда сабактын башталышы 8.00дө, 3-4-класстарда 8.30.да ж.б.), 500гө чейин болсо, кезектешүү (сменалык) негизде (мисалы, 1,2,3- класстар – 1-кезметте 4,5,6-класстар 2-кезметте окушат. Ашканада тамактануу процесси да кезек-кезек менен) уюштурулат.

Кошумча орундар даярдалып, дары-дармектер алынууда

Саламаттык сактоо министрлиги акыркы учурда ооруканаларга кайрылып жаткан балдар көбөйүп жатканын, бирок коронавирустан өрчүгөн оорулар катталбаганын маалымдады. Балдарды өлкө боюнча беш оорукана кабыл алууда, жалпы 2356 орун даярдалган.

Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун директору Камчыбек Узакбаев мектеп окуучуларынын саламаттыгына багытталган даярдыктар тууралуу буларды айтты:

«Кээ бир региондордо ооругандар көбөйүп, эпидемиологиялык кырдаал курчуп кетсе, анда мектептерди кайра жабуу маселеси каралмакчы. Азыркы тапта биз бардык райондордо кошумча орундарды даярдап бүткөнү калдык. Кокус балдар ооруп калса, даяр бололу деп дары-дармектерди акырындан алып жатабыз. Ошондой эле мектепте коргоочу каражаттарды алып берүүгө, балдар ооруканасында тиешелүү инфекциялык көзөмөлдү сактоо аракетиндебиз», - деди.

Дагы караңыз Ибраева: Кыргызстанда коронавирус 1 200дөн ашык баладан табылды

Ата-энелердин көпчүлүгү мектептин ачылышын күткөнү менен балдардын ден соолугу жана санитардык коопсуздуктан чочулагандар да жок эмес. Айрымдары оору күчөп турган маалда кыргызстандык мектептердин ачылышы абалды курчутуп, ата-энелерге кошумча түйшүк жараларынан чочулашат.

Англис тили мугалими Бактыгүл Белекованын эки баласы башталгыч класста:

«Эгерде Саламаттык сактоо министрлиги күнүгө оору күчөп жатканын кабарлабаса, мен бул жаңылыкка чындап эле сүйүнмөкмүн. Эмнеге Билим берүү жана илим министрлиги балдардын өмүрүн, саламаттыгын тобокелге салып, мектепти ачып жатат, түшүнгөн жокмун. Мындан тышкары, мектепти ар дайым эле ата-энелер камсыздап келген. Окуу башталса баланын санитардык коопсуздугу үчүн беткап, санитайзер, нымдуу салфетка керек деп, кайра эле баланын ата-энеси кыйналат. Мектепке бор, сүлгүсүнөн бери ансыз деле алып берип жаттык эле, эми кошумча чыгымга да учурайбыз деген ойдомун».

"Шайлоодон кийин дароо ачылышы кызык"

Март айынын акырынан бери аралыктан окутуу жүргүзгөн кыргыз билим берүү системасы үчүн 1-класстан 6-класска чейинки балдардын мектепке барышы жеңилдик болгону менен окуу жылын салттуу түрдө сентябрда эле баштабай, шайлоодон кийин дароо мектептердин ачылганын айрым эксперттер сындап жатат.

Чоробек Саданбек

Мугалимдерге онлайн окутууну үйрөтүп жүргөн Чоробек Саданбек өкмөттүн бул чечимине карата төмөндөгүдөй ойдо.

«Шайлоо болот деп элдин баары бул өнөктүккө катышып жүрдүк. Ушундан улам вирусту бири-бирибизге болушунча эле жугузганыбыз баарына эле маалым да. Оору ушунча чоң аймакка, адамдарга жайылгандан кийин эртеси эле балдарды окута баштайбыз дегени менимче туура эмес. Санитардык эрежелерди сактабай жолугушууларда, чогулуштарда жүргөндөр эле вирусту канчалык деңгээлде жугузду? Анын натыйжасы кандай болот, жалпы элдин саламаттыгына эпкини тиеби? Ушул жагдайларды байкап көрүп анан балдарды кайсы учурда окутарыбызды тактап алганыбыз оң болчу».

1-октябрга карата Кыргызстанда коронавирус дагы 147 кишиден жаңы аныкталды. Бир бейтап каза болду. Жалпы көз жумгандар ушуну менен 1065ке жетти. Вирусту жугузган балдардын эсеби 1200дөн ашканы айтылууда.