Билим чөйрөсүнүн мыктылары кетти...

Жанкороз Каниметов.

Педагогика илимдеринин доктору, коомдук ишмер Жанкороз Каниметов дүйнөдөн кайтты. Пандемия башталгандан бери бир нече мугалим каза болду.

Каракол шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Саламат Медеровдун айтымында, белгилүү педагог Жанкороз Каниметов пневмония оорусунан каза тапкан.

"Өлүмдүн себеби пневмония экени айтылды. Сөөгүн Түптүн Токтоян айылына коюу чечими кабыл алынды. Эртең жерге берилет. Ушул тапта мэр Адылбек Каниметов агай кайгыга батып турган маалы", - деп билдирди ал.

Белгилүү болгондой, Каракол шаарынын мэри Жанкороз Каниметовдун уулу.

Коомдук ишмер Мурат Жетимишбаев маркум реформатор болгонун, Кыргызстандын билим берүү тармагы чоң жоготууга учураганын белгиледи.

"Кыргыз билим берүүсүнө эң жогорку эмгек сиңирген ишмер, реформатор эле. Ал киши баарыбызды ойготкон. Өзү акырын сүйлөгөн, бирок тоодой иш бүтүргөн адам эле. Азыр жаным күйүп атат. Кыргызстандын билим берүүсү зор жоготууга учурады. Жанкороз Каниметов жасап кеткен иштер көп. Мугалимдердин макамы тууралуу мыйзамды кабыл алууда салымы чоң. Бул киши айылдык мектепте директор болуп андан эң жогорку баскычка чейин барган. Айылдагы карапайым Каниет атанын баласы ошол даражага эч кандай жөлөк-таягы жок, өзүнүн эмгеги менен жеткен".

Жанкороз Каниметов 1950-жылдын 30-мартында Ысык-Көл облусунун Түп районунун Токтоян айылында туулган.

Ал Караколдогу мамлекеттик педагогикалык институтун жана Кыргыз улуттук университетин аяктаган.

Эмгек жолун Ысык-Көл облусунда мектеп директорлугунан баштаган, билим берүү тармагындагы жогорку кызматтарды аркалаган. 2007-жылы билим берүү жана илим министринин орун басары болуп эмгектенген.

Жангороз Каниметов 1995-жылдан тарта Жогорку Кеңештин үч жолку чакырылышында депутат болгон. «Мугалимдин статусу жөнүндөгү», «Билим берүү жөнүндөгү», «Жалпы орто билим берүү жөнүндөгү» мыйзамдардын автору. Ага «Даңк» медалы, "Кыргыз республикасынын эмгек сиңирген мугалими" мамлекеттик наамы ыйгарылган.

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев Жангороз Каниметов эл өкүлү болгон чакта билим берүү тармагы үчүн керектүү мыйзамдар кабыл алынганын айтты:

“Мындан беш ай мурун эле агайдын 70 жаш мааракесине чакыруу алдым эле. Пандемия шартында ал өтпөй калган. Жылуу сөздөр, куттуктоолор тилекке каршы айтылбай калды. Мен Жанкороз Каниметовду 20 жылдан бери тааныйм. Чыныгы агартуучу, чыныгы педагог болчу. Бүт өмүрүн Кыргызстандын агартуу системасына арнады. Убагында Жогорку Кеңештин социалдык комитетинин төрагасы болгон. Ошол учурда билим берүүгө байланыштуу мыкты мыйзамдар кабыл алынган. Ал окуучуларды гана эмес, мыкты уул-кыздарды да тарбиялай алды. Өзүнүн балдары жөнүндө сыймыктанып айтып калаар эле. Балдары айлыгын топтоп, ага үй салып бергенин айтып кубанганы эсимде. Агайдын өзүнүн балдары мамлекеттик, агартуучулук, саламаттык сактоо тармагында иштеп жатышат”.

Пандемияга байланыштуу кырдаал курчугандан бери билим берүү жаатында эмгектенген адамдар да ооруп, жашоо менен кош айтышкан учурлар каттала баштады.

Алсак, 14-июлда Кыргызстанда бир суткада эки мектеп директору оорунун айынан каза тапты.

Бири - Бишкектин Көлмө конушундагы №78 гимназия мектебинин директору Элнура Музаева.

Жакындарынын айтымында, 12-июлда Музаеванын күйөөсү Уранбек Кубатбеков өпкөсү сезгенип, мурдагы “Ганси” базасындагы стационарда көз жумган.

Музаева ошондон кийин инсульт алып, шейшембиге караган түнү реанимациядан үзүлгөн. Өпкөсүн рентгенге тарттырганда 80% пневмония экени аныкталган.

Бишкек мэриясынын көңүл айтуу катында Элнура Музаеванын мыкты жетекчи болгонуна басым жасалган.

“Элнура Турдукуловнанын жетекчилиги менен Көлмө конушундагы мектеп аккредитациядан кийин гимназия макамын алган. Өтө жоопкерчиликтүү, ишин мыкты билген, даанышман, адамдык сапаты жогору жетекчи эле”.

Гүлнара Туташева жана Элнура Музаева.

54 жаштагы Музаева 1966-жылы Талас облусунда туулган. Эмгек жолун азыркы Бишкек мамлекеттик университетинин педагогика жана психология кафедрасында баштаган.

1995-жылдан бери борбор калаанын билим берүү тармагында эмгектенип келген. Орус тили жана адабиятынан сабак берчү. Жакындарынын айтымында, мурда Бишкектеги №5 гимназияны да жетектеген.

Каза тапкан дагы бир педагог - Ош шаарынын Киров атындагы №4 орто мектебинин директору, 61 жаштагы Гүлнара Туташева. Шаардык билим берүү башкармалыгынын маалыматына караганда, ал эки өпкөсүнөн пневмония болуп, ооруканада каза болду. Маркум буга чейин кант диабетинен жабыркап келген.

Туташева 1959-жылы Өзгөн районунда туулган. 1982-жылы Ош мамлекеттик педагогика институтунун филология факультетин аяктаган. Орус тили жана адабияты, кыргыз тили боюнча сабак берчү. Мектепке директор болуп 2010-жылы дайындалган. Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагынын отличниги болгон. Өлкө президентинин ыраазычылык каты, Ош мэринин Ардак грамоталары менен сыйланган.

14-июлда социалдык тармактын колдонуучулары №69 мектеп-гимназиясынын мугалими Айнура Мусаева да пневмониядан кайтыш болгонун жазышты.

12-июлда билим берүү министринин мурдагы орун басары, Бишкектеги “Илим” билим берүү комплексинин жетекчиси Гайша Ибрагимова 69 жаш курагында дүйнө салган. Ал пневмония болуп, бир нече күн ооруканада жаткан.

Ушул эле күнү Жайыл районунун Кара-Суу айылындагы орто мектептин директору Маруфат Насыранбекова да пневмониядан көз жумганы кабарланган.

Үч уул, бир кызды тарбиялап өстүргөн Насыранбекова үч неберенин чоң апасы болчу.

Маруфат Насыранбекова.

Маркумдун кенже кызы Акылай Алмаз кызы апасы өмүрүнүн аягына чейин мектепте иштегенин айтып берди:

“Апам ооруп калганын билгенде дароо бейтапканага барган. Дарыгерлер орун жоктугун айтып, дары-дармек жазып беришиптир. Үйдөн дарыланып жатып оорусун күчөтүп ийди окшойт. Бирок ооруп жатканына карабай мектебин таштаган жок. "Жай ичи оңдоп- түзөө иштерин бүтүрөйүн. Жакында текшерүү болот" деп күйпөлөктөп жүрдү. Ишин жакшы көрчү. Өмүрүнүн аягына чейин мектеп деп жүрүп өтүп кетти. "Неберелеримди өзүм окутам, мектепке алып барам" деген. Ал күнгө да жетпей калды”.

7-июнда Нарын шаарындагы Чкалов атындагы №2 орто мектептин директору 67 жаштагы Айчүрөк Самакова COVID-19 инфекциясынан көз жумган.

Билим берүү академиясынын президенти Алмаз Токтомамбетов каргашалуу илдет өлкөнүн билим берүү тармагына салым кошкон адамдарды алып кеткенине өкүнүп турганын жашырбады.

“Билим берүү тармагында аты белгилүү, өмүрүн элге кызмат кылууга арнаган адамдарды жоготтук. Биз ар бир суук кабарды оор кабыл алып жатабыз. Мен эки учурду мисал кыла кетейин, Гайша Ибрагимова кыйын педагог, билим берүү министринин орун басарына чейин жетип, бул тармакка опол тоодой салым кошкон. Жанкороз Каниметов адис катары да, адам катары да кыйын инсан эле. Ал канчалык чоң кызматтарга барбасын адамдык сапатты бийик тутуп, өзгөргөн жок. Баягыдай эле Жанкороз агай болуп жүрдү. Ушундай оор шартта аларды жоготуп, коштошуу зыйнатына барып, бир ууч топурак салбай калганыбызга аябай кейип турам”.

Кыргызстанда март айынан бери коронавирус 160, пневмония 571 адамдын өмүрүн алды.

Кыргызстандык илимпоздор эл аралык саламаттык сактоо уюмдарынын көрсөтмөсү менен өлкөдөгү пневмония оорусун COVID-19га кошуп эсептөөнү сунуштаганы менен ага Саламаттык сактоо министрлигинен жооп келе элек.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.