Билим берүү тармагына кандай реформа керек?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Билим берүү жана илим министри кайрадан алмашып, Каныбек Иманалиев соңку үч жылдагы төртүнчү жетекчи болуп келди. Ал кызматка киришип жатып реформа баштай турганын, билим берүүгө ваучердик система киргизүүгө убакыт келгенин айтты.

Негизи буга чейинки министрлер да билим берүүнүн сапатын жогорулатууга аракет көрүп келишкен. Бирок тармакта чоң өзгөрүү болбогондугу айтылып келет. "Эксперттер талдайт" берүүсүндө билим берүү тармагынын айланасында талкуу болду.