Беткап жана гигиенага бурулган бизнес

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстанда тигүү цехтери беткап тигип, ишканалар гигиеналык каражат өндүрө баштады. Учурда социалдык тармактарда дарыканаларда медициналык беткап калбай калганы, кымбат сатылып жатканы байма-бай жазылууда. Өкмөт күнүгө 70 миң беткап тигилип жатканын жана элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды. "Азаттыктын" кабарчысы Бишкектеги беткап, коргонуу каражаттарын чыгарган ишканаларды кыдырды.