Лукашенко өзбек президентин мактады

Александр Лукашенко менен Шавкат Мирзиёев документтерге кол коюу аземинен кийин, Ташкент шаары, 13-сентябрь 2018-жыл.

Беларус президенти соңку 24 жыл ичинде биринчи жолу расмий сапары менен Ташкентке келип кетти. Александр Лукашенконун 12-14-сентябрдагы Өзбекстандагы сапары маалында эки тарап 15тен ашык документке кол коюшту. Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев Беларус менен товар жүгүртүүнүн көлөмүн 1 миллиард долларга чейин чыгарууну убада кылды. Мурдагы өзбек президенти Ислам Каримовдун тушунда беларус-өзбек алакасы кескин начарлап, керек болсо Минскиде өзбек элчилиги ачылбай келген.

Ардактуу кароол, аскердик оркестр жана камера алдындагы кол алышмай сыяктуу протоколдук иш-чаралардан кийин Шавкат Мирзиёев менен Александр Лукашенко үч саат бою тынбай сүйлөштү.

Беларус президенти соңку эки жыл ичинде эле эки өлкөнүн мамилесин мурда болуп көрбөгөндөй жаңы деңгээлге чыгарды деп, Шавкат Мирзиёевди мактады. “Эгер Ислам [Каримов] тирүү болсо, бул протоколдук эле визит болмок” деп белгиледи.

Ал түгүл Лукашенко Мирзиёевдин башка өлкөлөр менен дипломатиялык алакасын жакшыртканына да токтолду:

- Биз сиздер кылып жаткан иштерге абдан жакындан көз салып жатабыз. Силер үчүн кубанып турабыз. Өзгөчө коңшуларыңыз менен мамилени жакшыртканыңыз маанилүү болду. Сиздердин коңшуларыңыздын дээрлик баарына барып келгем. Акыркы жолу өзүмдүн досум, Рахмон менен жолуккам. Ал өлкөлөрдүн элитасынын арасында сиздин саясатыңыз тууралуу укмуш сөздөр айтылып жатат. Суктанарлык. Өзбекстандын чыныгы багытын аныктай алганыңыз үчүн сизди куттуктайбыз.

Лукашенконун Ташкенттеги сапарында 15тен ашуун документке кол коюлду. Эки лидер айыл чарба, машина куроо, текстиль тармактарында бир катар конкреттүү келишимдер кабыл алынганын бир ооздон айтышты.

Ошондой эки тарап аскердик-техникалык кызматташтыкты бекемдөөнү да макулдашканын беларус президентинин басма сөз кызматы кабарлады. Маселен, расмий Минск Өзбекстандын аскердик техникаларын, учактарын, бронетехникаларын ондоп-түзөөгө, жаңылоого жардам берерин убада кылды.

Александр Лукашенко менен Шавкат Мирзиёев, Ташкент шаары, 13-сентябрь 2018-жыл.

Шавкат Мирзиёев соңку эки жыл ичинде эки өлкө ортосундагы соода алакасы болуп көрбөгөндөй көбөйгөнүн, товар жүгүртүүнү 1 миллиард долларга чейин көтөрсө болорун айтты.

- Товар жүгүртүү тууралуу сөз кылсак, эки өлкө ортосундагы мындай соода алакасы тарыхта болуп көргөн эмес. 2018-жылдын алгачкы алты айында товар жүгүртүүнүн көлөмү төрт эсе көбөйдү. Биздин экономикалар бири-бирин толуктап турат. Бул абдан маанилүү. Регион жетекчилери бири-бири менен жолугушуп, кездешип, маселелерди чечип турушу керек.

Советтер Союзу ыдырагандан кийин көз карандысыздыгын жарыялаган Өзбекстан менен Беларустун ортосундагы дипломатиялык алака 1993-жылдын башында түзүлгөн. Беларустун Өзбекстандагы элчилиги 1994-жылдын февраль айында ачылып, ошол эле жылдын декабрь айында Александр Лукашенко биринчи жолу Ислам Каримов жетектеп турган Өзбекстанга расмий сапар менен келген. Андан бери эки өлкөнүн лидери ар кыл регионалдык уюмдардын алкагында жолукканы менен өзбек-беларус дипломатиялык алакасы барган сайын солгундай берген.

Ислам Каримов көз жумгандан кийин беларус президенти Самарканд шаарына келип, өзбек элине көңүл айтып кеткен. Шавкат Мирзиёев Каримовдун ордун баскандан бери өзбек-беларус алакасы кайра жанданып, 2017-жылы Беларуста өзбек элчилигин ачуу чечими кабыл алынган.

Беларустун саясий баяндамачысы Валерий Карбалаевич маркум Каримов мене Лукашенконун жеке мамилеси эки өлкө ортосундагы байланышка көлөкөсүн түшүргөнүн айтты:

- Каримов менен Лукашенконун ортосунда жакшы мамиле түзүлгөн жок. Өз ара алакасы ушунчалык начар болгондуктан алар эл алдында да ачык эле бири-биринин дарегине сын айтканга чейин жетишкен. Мындай окуялар бир нече жолу болгон. Лукашенко Москвадагы саммиттердин биринде Каримов аны сындаганын өзү айтып берген. Каримов Лукашенконун постсоветтик чөлкөмдөгү интеграция тууралуу позициясын да сындап чыкканы белгилүү. Лукашенко Өзбекстандын Жамааттык кызматташтык келишими уюмуна кирип-чыгып жатканын айыптаган. Керек болсо Өзбекстандын Беларуста элчилиги да болгон эмес.

Лукашенконун Ташкенттеги сапарын улай 300гө чукул өзбек-беларус ишкерлери катышкан бизнес-форум өттү. Анда 230 миллион доллардык жаңы бизнес келишимдерине кол коюлганы белгилүү болду.

Беларус президенти Александр Лукашенко менен мурдагы өзбек президенти Ислам Каримовдун Минскиде өткөн КМШ саммитинин алкагындагы кездешүүсү, 10-октябрь 2014-жыл.

Саясий баяндамачы Валерий Карбалаевич эки өлкө алакасы акыры жакшырса да, экономикалык карым-катнаш жаңы деңгээлге чыгарынан күмөн санайт.

- Себеби эки тараптын бири-бири менен соода кылуу мүмкүнчүлүгү кыйла чектелүү. Балким Беларус Өзбекстанга айыл чарба техникаларын жөнөтө алат. Өзбекстандан балким пахта сатып алышы мүмкүн. Ошентсе да мен мындай расмий визиттер маалында айтылган укмуштуудай чоң товар жүгүртүү тууралуу убадаларга толук ишенбейм. Себеби мүмкүнчүлүк бар болсо, бизнесмендер жана айыл чарба субъекттери президенттердин жардамысыз эле макулдашып алышмак.

Кантсе да эки тарап тең Лукашенконун дээрлик чейрек кылымдан кийинки Ташкенттеги сапарын ийгиликтүү деп мүнөздөп жатат. Беларус менен алаканын жакшырышы Шавкат Мирзиёевдин дипломатия дүйнөсүндөгү Каримовдун тушундагы музду эриткен кезектеги жүрүшү катары да мүнөздөлүп жатат. Лукашенконун Ташкенттен кетип жатып, Мирзиёевди Минскиге чакырганы белгилүү болду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.