Беларус бийлиги кууп кутулбаган оппозиционер

Мария Колесникова. Минск, 2-сентябрь, 2020-жыл.

Беларус оппозициясынын лидерлеринин бири, Координациялык кеңештин президиум мүчөсү Мария Колесникова өзүн күчтөп өлкөдөн чыгарууга жол бербей, Украина менен чек арада кармалды. Бул тууралуу украин расмий органдары жана беларус оппозициясындагы булактар билдиришти. 

Мунун алдында БелТА агенттиги оппозиционер Украина менен чек арада кармалганын кабарлаган. Маалыматка караганда, Колесникова жана кеңештин дагы эки мүчөсү Антон Родненков менен Иван Кравцов Беларус аймагынан мыйзамсыз чыгып кетүүгө аракеттенишкен. Колесникова кармалган, калган экөө азыр Украинада жүрөт.

Мамлекеттик чек ара комитетинин расмий өкүлү Антон Бычковский бул маалыматты бышыктап, үчөө чындап эле беларус-украин чек арасындагы «Александровка» пунктунан өтүшкөнүн билдирди.

«Интерфакс» маалымат агенттиги беларус атайын кызматтары Колесникованы, Родненковду жана Кравцовду Украина менен чек арага изолятордон алып келишкенин жазды. Агенттиктин булактары Колесникованы чек арадан өтүп жатканда кармашканын билдиришти.

БелТАнын «Телеграм» каналы Кравцовдун «биз Беларустан бир нече убакытка кетүүнү чечтик» деп айтканы тартылган видео тасманы чыгарды.

Колесникованы 7-сентябрда белгисиз бирөөлөр Минскинин борборунан уурдап кетишкен. Күбөлөр беткапчан адамдар аны чакан автобуска күчтөп салышканын айтып беришкен. Кийин Родненков жана Кравцов да байланышка чыкпай калышкан.

Милиция жана Тергөө комитети Колесникованын кармалышы тууралуу кабардар эмес экенин билдиришти. Коопсуздук комитети оппозиционердин дайынсыз болуп жатышына комментарий берген эмес.

Колесникова - президенттикке талапкер, камакта отурган Виктор Бабариконун шайлоо штабынын өкүлү. 9-августтагы шайлоо алдында катталбаган талапкер Валерий Цепкалонун жубайы Вероника Цепкало жана президенттикке талапкер Светлана Тихановская менен бирдиктүү үгүт жүргүзүп келген. Ал бул үчилтиктин өз өлкөсүндө калган акыркы мүчөсү болчу.

Өткөн жекшембиде Колесникова президент Александр Лукашенкого каршы кезектеги массалык жүрүшкө катышкан.

Митингдер менен демонстрациялар Беларуста шайлоодон кийин башталып, дээрлик бир айдан бери тынбай өтүп жатат. Көчөгө чыккандар өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келаткан Лукашенко жеңди деген шайлоо жыйынтыгы бурмаланган деп эсептешет. Көптөгөн катышуучулар кармалып, күч органдарынын зомбулугуна туш болуп келатышат.

Буга чейин Тихановскаянын ишенимдүү өкүлү Ольга Ковалькова аны коопсуздук комитетинин кызматкерлери башына мүшөк кийгизип өлкөдөн чыгарып жиберишкенин айткан. 3-сентябрда сот Ковалькованын уруксат берилбеген акцияга катышкандыгы үчүн камакка алуу мөөнөтүн узарткан жана ал камакта болчу.

Бийликти өткөрүү боюнча Координациялык кеңеш Тихановскаянын демилгеси менен түзүлгөн. «Бийликти басып алуу» беренесине ылайык козголгон кылмыш ишинин алкагында анын улам бир мүчөсүн суракка чакырып келатышат.

Ал арада Тихановская Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясында чыгып сүйлөдү:

«Менин өлкөм, улутум, элим жардамга муктаж. Эл аралык коомчулук режимге, бийликке жармашып жаткан кишиге басым жасаса бизге жардам болмок. Эл аралык нормаларды жана адам укуктарын бузган кылмыштуу буйруктарды чыгарган жана аткарган адамдарга санкцияларды киргизиш керек, бардык саясий туткундар бошотулуп, өлкөнүн алга жылышы үчүн маданияттуу диалог баштоо зарыл».

Евробиримдиктин тышкы саясатынын жетекчиси Йозеп Боррел:

«Европа биримдиги беларус бийлиги шайлоодон кийин кармалгандарды коё берет деп күтөт», - деди.

Расмий Минск 6-сентябрдагы нааразылык акциясынан кийин 633 киши кармалганын моюнга алган.