Жогорку Кеңештин спикери башында турган расмий делегациянын Беларустагы сапары учурунда депутат Элмурза Сатыбалдиев мурдагы президент Курманбек Бакиев менен жолугушкан. Бул маалыматты эл өкүлү "Азаттыкка" өзү ырастады. Ал Бакиевдин тушунда чоң кызматтарды аркалап, Апрель окуясынан кийин “кызмат абалынын пайдаланган” деп 10 жылга кесилип, мунапыс менен чыккан.
"Көңүл айтуу үчүн жолуктум"
Беларуста баш калкалаган Бакиев сыртынан 30 жылга соттолуп, ага оор беренелер менен айып тагылган. Буга чейин аны өлкөгө алып келип, жоопко тартуу маселеси бир канча жолу көтөрүлүп, ишке ашкан эмес.
Минскиде Элмурза Сатыбалдиев "өз демилгеси" менен мурдагы президент Курманбек Бакиевге жолугуп, бир саат сүйлөшкөнүн ырастады. "Келинчеги кайтыш болду, ошого жолугуп, көңүл айтып коёюн деп өзүм демилге көтөрүп, жолуктум” деди ал.
Бул маалымат коомчулукта эл өкүлү расмий иш сапарды эмне үчүн жеке кызыкчылыгына пайдаланат деген суроо жаратты. Суроого Сатыбалдиев жолугушууга "бош убактысында" барганын айтып, жооп берди:
"Расмий иш сапар менен барганда "кечке мейманканада жат" деген сөз жок. Ал жерде ар бир күнү бош убакыт деген бар. Ал убакта адам базарга, мончого барса болот. Мен ошол бош эки саат убакыттын эсебинен барып, Курманбек Салиевичке жолуктум. Моралдык укугум десеңер, мамлекетке акча карыз болуп калдым десеңер, анда мен төлөп берем. Анда баары "силер мамлекеттин эсебинен барып базарда жүрөсүңөр" деп айтабы? Анда мени сотко бергиле, мамлекеттин каражатынан барыптыр, Бакиевге барган акчасын өндүрүп алгыла деп".
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик расмий делегация өткөн аптада расмий сапар менен Беларустун борбору Минскиге барып, ал өлкөнүн саясий жетекчилери менен жолугушкан.
Делегациянын курамында депутаттар Элмурза Сатыбалдиев, Улугбек Ормонов, Медербек Саккараев, Бактыбек Сыдыков, Мурадил Сыдыков, Бахридин Шабазов жана Арсланбек Малиев болгон.
Беларустагы жолугушууларда Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевди Минскиден экстрадициялоо маселеси көтөрүлөрү же көтөрүлбөшү кабарланган эмес. Буга чейин аны өлкөгө алып келип, жоопко тартуу керектиги бир канча жолу айтылган.
Минскиге барган жети депутаттын бири Бахридин Шабазов сапар учурунда Бакиевдерди экстрадициялоо тууралуу сөз болбогонун билдирди.
"Биз Беларустагы депутат кесиптештерибиз менен жолугуп, парламенттер аралык кызматташтыкты сүйлөштүк. Бакиевди экстрадициялоо тууралуу сөз болгон жок. Мен ал кишини тааныбайм дагы. Ал эми Нурланбек Тургунбекович өлкө президенти менен расмий жолугушуу өткөрдү. Ага биз катышкан жокпуз".
Интернетте тараган маалымат
Көп узабай интернетте парламент төрагасы Шакиев баштаган бир катар депутаттар Бакиевдин сыйлуу коногу болгону тууралуу маалыматтар тарады. Спикердин басма сөз катчысы Алтынбек Деркембаев аны кескин четке какты:
“Бул жалган маалымат. Мен да көрдүм өзүн блогер деп эсептеген адамдар жеке баракчасына ушундай калп маалымат жайгаштырып, бөлүшүп жатканын. Өлкө жетекчилеринин мындай расмий сапарлар программасы алдын ала макулдашылып, эки өлкөнүн протоколдук, күзөт кызматтары биргеликте иштешет, ошондуктан жолугушуулар ачык-айкын өткөрүлөт. Төраганы баарыбыз коштоп жүрдүк, менден башка элчиликтин да кызматкерлери жолугушууларга катышып жүрдүк. Курманбек Бакиев менен жолугушуу болгон эмес”, - деди Деркембаев.
“Ата-Журт” фракциянын жетекчиси, депутат Бактыбек Сыдыков дагы Бакиев менен жолугушуу болбогонун айтып чыкты.
Жарандык активист Айбек Теңизбаев - расмий сапарда жүргөн эл өкүлүнүн мекенинде оор кылмыштарга айыпталып, сыртынан кесилген мурдагы президент менен жолугушканын сындагандардын бири:
“Мамлекеттик делегация катарында, мамлекет эсебинен барып, протоколдон чыгып, жеке ишин бүтүргөнү туура эмес. Экинчи жагынан, соттолгон адам менен жолукканы - бул чоң жаңылыштык жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айтсак болот”.
Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ишенбай Кадырбеков Сатыбалдиевдин моралдык жоопкерчилиги парламентте талкууланышы керек деп эсептейт.
"Мамлекеттин башчысы болуп турган кезде өз жарандарын кырган адамга барып жолуккан депутаттар моралдык жактан элге эмне деп жооп берет, түшүнбөй турам. Мүмкүн, мурда мамилеси болгондур, бирок азыр элдик депутат болгондон кийин ким менен эмнеге жолугуп жатканын ойлонушу керек. Ага барбаган депутаттар суроо коюшу керек, "эмнеге ага бардыңар?" деп. Эгер биздин убактагы депутат ушундай кылганда, жазалайт элек. Булар протоколду каалагандай жазып алып чыгып жатышпайбы”, - деди экс-депутат Кадырбеков.
Ал эми саясат талдоочу Алмаз Тажыбай дүйнөлүк тажрыйбада саясатчылар мындай кадамы үчүн жоокерчиликке тартылган окуяларды эске салды:
"Демократия өнүккөн мамлекеттерде саясатчылар кылмышкер менен учурашып койгону үчүн эле отставкага кетиши мүмкүн же оппозициячыл саясатчылар чуу салат. Мисалы, Түштүк Кореянын мурдагы президентин курбусу менен бизнес компанияларынан акча өндүргөн деп импичмент жарыялап, соттоп салышкан. АКШнын президенти Жо Байдендин баласы салык төлөгөн эмес деп конгресс импичмент жарыялап жатат. Бизде болсо криминал менен, кылмышкерлер менен достошуп жүрсө да эч кандай реакция жок".
Минскиге барган эл өкүлдөрү
Элмурза Сатыбалдиев Бакиевдин бийлиги тушунда бир катар чоң кызматтарды аркалап, 2007-2009-жылы башкы прокурор, 2009-2010-жылы президенттин кеңешчиси болуп иштеген.
Апрель окуясынан кийин 2014-жылы “кызмат абалынан кыянат пайдаланган” деп 10 жылга кесилип, 2016-жылы мунапыс менен абактан чыккан. 2019-жылы анын соттуулугу жоюлган.
Сатыбалдиев 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо №12 Өзгөн бир мандаттуу шайлоо округунан депутат болуп шайланган, азыр "Мекенчил" депутаттык тобун жетектейт.
Быйыл май айында спикер Шакиевдин башкы прокурор Курманкул Зулушевге жазган каты деген сүрөт тараган. Анда “мурдагы президент Курманбек Бакиев жөнүндөгү маалыматтарды мамлекеттик мекемелердин, анын ичинен сот органдарынын сайтынан алып салуу жана маалымат ресурстарында Бакиевдин ар-намысына шек келтирген маалыматтардын таркатылышына бөгөт коюу” өңдүү өтүнүч болгон.
Дагы караңыз "ПолитКлиника" Шакиевдин каты деген маалыматты сайтынан убактылуу өчүрдүСпикердин басма сөз катчысы Алтынбек Деркембаев кат жасалма экенин билдирген. Ал Фейсбуктагы баракчасына мындай маалымат төраганы "жаманатты кылуу үчүн" таратылып жатканын жазган.
Шакиев Бакиев бийликте турганда анын басма сөз катчысы болуп иштеген жана ага кеңешчи дагы болгон.
“Ата-Журт” фракциянын жетекчиси, депутат Бактыбек Сыдыков Бакиевдин учурунда "Манас" аэропортунда директорлук кызматты аркалаган. Ал эми анын атасы Үсөн Сыдыков президент Бакиевдин администрациясын жетектеп, кийин кеңешчи болгон.
Ал токсонго жакын адамдын өмүрүн алган Апрель окуясынан кийин 2010-жылдын май айында өлкөнүн түштүгүндө контрреволюциялык аракеттерди уюштурууга шектүү катары кармалып, кийин үй камагына чыгарылган.
Ал эми Улукбек Ормонов "Ак Жол" партиясынын парламенттик фракциясынын лидери болгон.
2010-жылы өлкөдөн качып чыккан Бакиевдерди Башкы прокуратура Кыргызстанга экстрадиция кылуу аракети көрүлүп жатканын билдиргени менен, майнап чыга элек.
Бакиевди актоо аракетиби?
Апрель окуясынын катышуучусу, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Мээрбек Мискенбаев соңку кездери мурдагы президент Бакиев менен кыргыз саясатчыларынын жолугушуулары көндүм көрүнүшкө айланып, аны актоо аракети жүрүп жатканын белгиледи:
"Беларуска барып жолугуп келгенине таң калыштын кереги жок. Себеби азыркы спикер Бакиевдин басма сөз катчысы болгон, Бакиевди алып келгенге эки көзү төрт болуп жүрөт. Алар буга чейин деле барып жүрүшкөн. Мындан кийин деле бара берет. Азыр биз ким кылмышкер же кылмышкер эмес экенин билбей деле калдык. Башаламан болуп калды. Президент деле, башкасы деле жолугуп жүрөт. Бул жолугушуу коомдо терс пикир жаратса да, азыркы бийликтегилер элдин ою менен эсептешпей калбадыбы".
Дагы караңыз Чуулгандуу маек: Апрелчилер Кошалиевге каршы чыктыУшул жылдын май айында Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасы Кадыр Кошалиевдин Минск шаарына барып, Бакиевден алган маеги интернетте тараган. Коомчулуктагы курч сын-пикирлерден кийин Кошалиев алгач Улуттук телеканалдан, көп өтпөй курултайдагы кызматынан кетүүгө аргасыз болгон.
Февраль айында Дубайда Кыргызстандын азыркы жана мурдагы президенттердин жолугушуусуна Курманбек Бакиевдин катышканы талаш-талкуу жараткан.
Дагы караңыз Дубайдагы жолугушуу Бакиевдин маселесин көтөрдү2010-жылы 7-апрелде Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыккандарга Ала-Тоо аянтында ок атылып, 80ден ашуун киши набыт болгон. Ал өзү соттун чечими менен 30 жылга, кенже уулу Максим Бакиев, иниси Жаныш Бакиев, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов сырттан өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев сырттан 30 жылга соттолгон.