Коронавирус кризиси өкүм сүрүп турганда медицина кызматкерлеринин жеке коргонуу каражаттары жетишсиз экени, транспорт менен камсыздалбагандыгы байма-бай айтылып жатат. Мындан бир аз мурда үй бүлөлүк дарыгер Бектур Апышев "Твиттерде" жетекчилиги берген сапатсыз беткаптын сүрөтүн жарыялаган. Көп өтпөй анын "Твиттер" аккаунту өчүрүлүп, 12-апрелде Бектурдун "жалган айтып койгом" деген видео кайрылуусу тарады. Ушул тапта соцтармактарда "Бектур өзүн жалганчы кылып көрсөтүүгө аргасыз болду” деген пикир басымдуулук кылууда. #БекТур деген хэштег пайда болду.
#БекТур - кечирим сураган дарыгер
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.