Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров кызматынан бошотулду. Президенттик администрация ал коюлган милдеттерди аткара албаганы үчүн иштен алынганын жарыялады. Бекназаров эки күн мурун бийликтин Кумтөр боюнча чечимин кескин сындап чыккан эле.
"Милдетти аткара албаганы үчүн кызматтан алынды"
Азимбек Бекназаровду элчиликтен кызматтан бошотуу боюнча президенттин жарлыгы 5-августта жарыяланды. Президенттик администрация тараткан маалыматта "мындай чечим Азимбек Бекназаровдун алдыга коюлган тышкы саясий милдеттерди, анын ичинде Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы саясий диалогду бекемдөөнү аткара албагандыгына байланыштуу кабыл алынганы" айтылган. Президенттин мындай чечими боюнча экс-элчи комментарий бере элек.
Бирок ал эки күн мурун жергиликтүү сайттардын бирине маек куруп, бийликтин бир катар чечимдерин сынга алган. Анда Бекназаров Кумтөр боюнча соңку келишимди туура эмес деп баалап, Кыргызстан утулду деген пикирин билдирген.
"Кыргызстан "Центеррага" же башка кимдир бирөөгө, "Кумтөрдөгү коррупциялык схемалар" боюнча эч кандай күнөө коё алган жок! Кылмышкер жокпу? Демек, кылмыш жок, болгон эмес. Жок дегенде "кустурулганы" да жок. Экинчиден, Кыргызстан экологиялык доодон баш тарттыбы? Демек, экологиялык зыян болгон эмес. Үчүнчүдөн, "Центеррадагы" 24% акцияны да албай турган болдукпу? Демек, Кыргызстандын үлүшү баштапкы 67%, 13,5%, анан 24% туура түшүрүлгөн. Демек, келишим "коррупциялык" эмес. Төртүнчүдөн, 2009-жылдан берки "Центарранын" башка өлкөлөрдөгү объектилериндеги биздин 24% акциянын ээлери, Кыргызстан болгон эмес. Болсо аны доолайт элек да. Биз 30 жыл бою "Камекодо", "Центеррада" жөн эле "акциябыз бар" деп жүрүптүрбүз", - деп айткан эле.
Мындан сырткары маегинде саясатчы бийликтин мурдагы президент Аскар Акаевдин кызматташышын да кескин сындаган.
Мындан улам Бекназаровдун кызматтан алынышы кыргыз коомчулугунда бийликтин эки күн мурунку маегине жообу катары кабыл алынды.
Кыргызстандын Пакистандагы мурдагы элчиси, учурдагы оппозициячыл саясатчы Бектур Асановдун айтымында, Азимбек Бекназаровдун кызматтан алынышы соңку кырдаалда күтүлгөн эле жагдай болчу.
"Элчинин иши өтө абстрактуу иш. Анын үстүнөн соңку эки жылда пандемияга байланыштуу элчилердин иши өтө кыйын болуп кетти. Экинчиден, Бекназаровдун Кумтөр боюнча маегине чейин ага, анын ишине эч кандай доомат жок эле. Бирок сындап маек берген соң бийликтин саясатын колдобогонуна реакция болду. Бир эки күндүн ичинде Бекназаровдун уулу да кызматтан алынышы мүмкүн".
Асанов Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров тууралуу айтып жатат. Ал бир ай мурун Бишкектин Свердлов районунун акиминин орун басары болуп дайындалган.
Ал эми саясат таанучу Марс Сариев Бекназаровдун кызматтан алынышы туура чечим болгон дейт. Анын айтымында, чет өлкөдөгү дипломатиялык миссияны жетектеген элчинин жогорку бийликтин чечимдерин сынга алышы мамлекеттик кызматкердин этикасын жатпаган көрүнүш.
"Бул бийликтин адекваттуу реакциясы болду. Өзү дипломат болуп бийликке, мамлекеттик саясаттын линиясына каршы билдирүүлөрдү жасаса, кызматтан алышат. Элчи деген мамлекеттин, президенттин сырттагы өкүлү болуп жатпайбы. Ал дипломаттын этикасына да жатпаган билдирүүлөрдү жасады".
Кыргызстан быйыл өлкөдөгү эң ири алтын кен Кумтөрдү канадалык "Центерра голд" компаниясынын мамлекеттин ээлигине өткөрүп алды. Бул боюнча соңку келишим өткөн айда күчүнө кирди. Бул ишти бийлик жана коомчулуктун бир бөлүгү учурдагы президенттин эң башкы жетишкендиги жана Кыргызстандын жеңиши катары сыпаттап жатат.
"Дал ушундай кырдаалда бул келишимге сын айтуу менен Бекназаров кызматтан кетерин алдын ала билген", - дейт Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Рыскелди Момбеков.
"Бул күтүлгөн эле нерсе болчу. Азимбек Бекназаров өзү арыз жазып, "азыркы бийликтин саясаты менен макул эмесмин деп" кетсе деле болмок. Ал антпей, атайын билдирүү жасап, мени кетиргиле деди. Менимче, Азикең (ред: - Азимбек Бекназаров) ыңгайлуу учурду күтүп турган. Ал буга чейин "Унчукпай коюуга укугум жок" деген китеп жазган. Ошол кырдаал келип калды. Ал Акаевдин, Ширшовдун келишине нааразы болуп араң турган. Ушундай кырдаалда бийликке мени кызматтан ал деп өзү кайрылгандай болду".
Дагы караңыз Бекназаров: Акаев "академиялык арамзалык" кылып жататБекназаровдун саясий жолу
66 жаштагы Азимбек Бекназаров кыргыз саясатында 2000-жылдардын башынан бери жүрөт. Кесиптик ишмердигинде бир нече жыл прокуратура тармагында иштеген Бекназаров 2002-жылы Жогорку Кеңеште депутат кезинде кылмышка шектелип камакка алынган. Бул оппозиция жана саясатчынын Аксыдагы тарапкерлеринин нааразылыгын жаратып, Бекназаровду бошотуу талабы менен акциялардын биринде жайкын тургундарга ок атылган.
Алты адамдын өмүрүн алган бул "Аксы окуясы" деген аталыш менен белгилүү болгон. Мындан соң эркиндикке чыгарылган Азимбек Бекназаров ал кездеги президент Аскар Акаевге каршы оппозициянын лидерлеринин бирине айланган.
2005-жылдагы Жоогазын ыңкылабынан соң Бекназаров Башкы прокурорлукка бекиген. Бул кызматта бир нече ай иштеген соң кызматтан алынып, оппозицияга кеткен. 2010-жылдагы Апрель ыңкылабынан соң Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгон. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бийликте турган кезде ага каршы оппозицияда болуп келген. Андан кийинки президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда, 2019-жылы Малайзияга элчиликке дайындалган эле. Ал кезде дипломатиялык тажрыйбасы жок, чет тилдерди билбеген Бекназаровдун бул кызматка дайындалышы ал кездеги бийлик менен соодалашуу катары бааланган.
Саясатчы кыска убакытта малай тилин үйрөнөрүн жана элчи катары жыйынтык көрсөтүүнү убада кылган. Андан бери үч жылга жакын убакыттан бери Бекназаров элчилик кызматты аркалады.
Кыргызстанда төбөсү көрүнгөн саясатчыларды дипломатиялык кызматка дайындоо практикасы эгемендиктин алгачкы жылдарынын бери колдонулуп келет. Акыркы жылдары мындай "саясий негизде дайындалгандардын" катарын Азимбек Бекназаров, Германиядагы элчи Өмүрбек Текебаев толуктады.
Саясатчы-элчилер аягына чыкпаган Малайзия
Кыргызстан менен Малайзиянын дипломатиялык алакасы 1992-жылы башталган. 1997-жылы Кыргызстан бул өлкөдө элчилигин ачкан болчу. Бул жылдар аралыгында Азияда тез өнүккөн бул өлкө менен Кыргызстан соода-экономикалык байланышты күчөтүш керектигин айтып келет.
Элчилик ачылгандан тарта Малайзияда кесипкөй дипломаттарга караганда саясий негизде дайындалган элчилер басымдуулук кылат. Атап айтканда, алгачкы элчи катары саясатчы Мамбетжунус Абылов иштесе, кийинчерээк Равшан Жээнбеков, Турсунбай Бакир улуу, Кылычбек Султанов болгон. Ал эми дипломаттардан Жээнбек Кулубаев, Аскар Бешимов Кыргызстандын элчиси катары кызмат кылган.
Кызыгы, Малайзияда элчиликке дайындалган саясатчылардын дээрлик көпчүлүгү мөөнөтүнүн аягына чейин турбай, өз каалоосу менен кызматтан кеткен. Алардын катарын Азимбек Бекназаров толуктады.