"Бажыда монополист болуп алды". Жүк ташуучулар нааразылык билдирүүдө

Нарын-Торугарт жолу.

Кыргызстанда айрым жүк ташуучулар бажыда “Милан” фирмасына артыкчылык берилип, ал монополистке айланганын айтып даттанышууда.

Буга чейин бул компаниянын маселеси парламентте дагы көтөрүлгөн. Ири жүк ташуучу “Милан” фирмасы дооматтарды четке какты.

Монополист фирманын артында ким турат?

Кытайдан жүк ташып иштеген жеке компаниянын жетекчиси Аскарбек Эркебаев үч-төрт айдан бери бизнеси жүрбөй калганын айтууда. Жеке ишкер өлкөгө сырттан жүк ташууда “Милан” фирмасы монополистке айланганын, анын артында таасирдүү адам турарын айтууда.

“Биз жүктү Кыргызстанга 0,35 коэффициент төлөм менен жеткиребиз деп жарнама беребиз. Булар (ред: “Милан” компаниясы) 0,30дан жеткиребиз деп жатышат. Ошентип арзан айтып жүк чогултушат. Мамлекет өзү 0,35 коэффициент коюп берип жатсе, кантип 0,30дан төлөйт? Бул жагы келесоого деле белгилүү, бажыдан 5-10 цент аз төлөп, калганын бөлүшүп алышат. Ким менен бөлүшөрүн айтып берет элек. Эми ага жеткирбей эсине келер деп жатабыз. Эгерде ушундай улана берсе аттарын, ким, канча алганын ачык айтып чыгабыз. Биринчиден төрт айдан бери жумушсуз калдык, экинчиден казынага акча түшпөй жатпайбы”, - деди ишкер.

Жатык тил менен түшүндүргөндө, ишкер айтып жаткан 0,35 коэффициент - Кыргызстанга 1 тонна кездеме алып келсеңиз, анын бажы төлөмү 350 доллар дегенди түшүндүрөт. Эркебаев жүк ташууда “Миландан” бөлөк компанияларга жасалма тоскоолдуктар болуп жатканын кошумчалады.

Сөз болуп жаткан “Милан” – бажы артыкчылыктары каралган “ыйгарым укуктуу экономикалык оператор” макамы бар жалгыз ишкана. Бул макамды алуу үчүн Бажы кызматына 1 млн. евро күрөө коюлат. Ал макам товар ташып келүүдө фирмага бажы төлөмдөрүн дароо эмес, 40 күндүн ичинде өткөрүүгө убакыт берилет. Бул жүк ташуучу ишкана үчүн бир топ жеңилдик.

Текстил-өнөр жай тармагында жүк ташыган компаниялардын адвокаты Шердор Абдыкапаров “Милан” бул макамды ашкере пайдаланып жатат деп эсептейт.

“1 млн. долларга бажыдан экономикалык оператор макамын аласыз. Бул расмий берилет. Муну менен Кытайдан, Орусиядан жүк алып келсеңиз, бажы төлөмүн бербей эле кампаңызга түз алып келсеңиз болот. Жүктү эч ким ачып карабайт. Документтериңизди кийин бүтүрөсүз. Андыктан кандай товар болбосун, бажы төлөмү арзан ширеңке алып келдик деп документ бүтүрүп койсоң болот. Бул макамды башкалар ала албай жатат”, - деди ал.

Бир топ жүк ташуучулар 11-апрелде Бишкекте Мамлекеттик бажы кызматынын алдында дал ушул маселени айтып, акцияга чыгышкан. Алар президент Садыр Жапаров менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевге жүк ташуу жана бажы төлөмдөр тармагында адилеттикти талап кылып кайрылышты.

“Миландын” жообу

Анткен менен “Милан” компаниясы жогорудагы дооматтарды толук четке какты. Фирманын бажы боюнча өкүлү Сулейман Саттаров жүк ташууда ири компаниялардын бири экенин жашырбайт. Саттаров “Милан” логистика тармагында жыйырма жылдан бери иштеп жатканын, баары мыйзам чегинде экенин айтты.

“Силер Бажы кызматына барып, бажы төлөмдөрүн канчадан кылабыз, декларациябызды сурасаңар болот. Эсептеп чыксаңар алар айтып жаткан сандар жок. Экономикалык оператор алганыбызга жети жыл болду. Ал Евразия экономикалык биримдигинен берилет. ЕАЭБ бул макамды мыйзамдуу иштеген, салыктарды төккөн компанияга берет. Бул макамды алган жалгыз ишканабыз. Бул макам бажыдан эмне укук берет? Банкта 1 млн. евро каражатыбыз Бажы кызматы үчүн күрөөдө турат. Кимде экономикалык оператор макамы болсо, товарды дароо бажы төлөмдөрүнөн өткөрбөй койгонго укугу бар. Бир айдын ичинде өткөрсө болот. Мындан улам ири жүк ташып келген кардарга төлөмдү жүргүзүүгө 10 күн убакыт берүүгө мыйзам жол берет. Ошол убакытта товарын сатып, акчасын чогултуп келип бажы төлөмдөрүн өткөрсө болот. Ушундан улам башка компаниялар нааразы болушат. Бирок, биз мыйзам чегинде иш кылып жатабыз. Башка компаниялар деле макамды алганга аракет кылып көрсүн. Бажыдагы күрөө "биз товарды бажы төлөмүсүз качып кетпейбиз" деген кепилдик үчүн коюлат. “Милан” жыйырма жылдан бери мыйзам чегинде иштейт. Биз ири салык төккөн 100 ишкананын бирине киребиз. Өткөн жылы болжол менен 22 млрд. сомдой төктүк. Бизди таасирдүү бирөө калкаласа, салык төкмөк эмеспиз да”, - деди аталган фирманын өкүлү Саттаров. Ал аткезчилик менен алектенет деген дооматтарды дагы чекте какты.

Бажыда “көмүскө кардинал” пайда болдубу?

Жүк ташуудагы монополия боюнча Бажы кызматына байланышканыбызда такталгандан кийин маалымат берилерин билдирди. “Милан” фирмасы жөнүндө буга чейин Жогорку Кеңеште бир катар депутаттар дагы маселе көтөргөн. Жыл башында эл өкүлү Шайлообек Атазов укук коргоо органдарын териштирүүгө чакырган.

“Рахим Саттаров монополия кылып Кытайдан, Түркиядан келген фураларды өзү аркылуу өткөрүп жатыптыр. Айрым ишкерлер Казакстанга кетебиз деп жатат. Ошондуктан териштирип берсеңиздер. Бул жакта тиешелүү документтер бар”, - деген болчу.

Ошол кезде Бажы кызматы депутаттын айтканы боюнча билдирүү таратып, “Милан” фирмасы мыйзам чегинде иш алып барарын кабарлаган. Өткөн жылдын декабрь айында парламенттин дагы бир депутаты Улан Бакасов дагы ушул маселени көтөрүп, бажыда “көмүскө кардинал” пайда болгонун айткан.

“Көптөгөн жүк ташуучулар жумушсуз калыптыр. Себеби монополия башталыптыр. Мен факты менен айтып жатам. Ишенбесеңиздер комиссия түзөлү. Кантта “Милан” деген фирма бар экен. Анын жүгүн эч ким текшербейт. Бажынын жетекчилери “жол ачып” берет экен”, - деген анда Бакасов.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков эч кимге артыкчылык берилбегенин айтып, “Милан” фирма жөнүндө буларды билдирген.

“Бир дагы фирмага сиз айткандай “жол ачылып” берилбейт. Баары мыйзамдын алкагында иш алып барат. Ал эми “Милан” компаниясы “экономикалык оператор” деген ыйгарым укуктуу макамы бар. Ошол себептен бул ишкана жүктөрүн бир айдын ичинде бажы төлөмүн жүргүзөт. Бул жерде сиздин кызыкчылыгыңыз барбы билбейм, бизди кызыкчылык жок”, - деп жооп берген.

Депутат Улан Бакасов анын эч кандай кызыкчылыгы жок экенин, Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Улан Кимсанов бажыда “көмүскө кардиналга” айланганын айтып сындаган. Кимсанов депутаттын дооматына жооп берген эмес.

Юстиция министрлигин расмий сайтында бул компаниянын ээси катары Саттаров Рахимжан Шарипович деген киши көрсөтүлгөн. Ал өткөн парламенттик шайлоодо “Ынтымак” партиясы менен шайлоого барганы белгилүү.

Кыргызстандын бажы тармагындагы коррупция тууралуу өлкө эгемендик алгандан бери эле айтылып келет. Буга өзгөчө Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы соода статистикасындагы чоң айырмачылыктардан көрсө болот.

2018-2019-жылдары “Азаттык” радиосу жана бир нече эл аралык медианын журналисттери кыргыз бажысындагы миллиондогон каражатты кымырган схемалардын бетин ачышкан.

2020-жылы Кыргызстанда бийлик алмашкандан кийин иликтөөлөрдө аты аталган бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов камалып, күнөөсүн моюнуна алып, мамлекеттке 2 млрд. сом төгүп берип, эркиндикке чыккан.