Кыргызстанда акыркы жумада чоң базарларда соода кылгандар Көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) колдонууга каршы нааразылык акциясын өткөрүп, айрымдары иш таштап жатат. Бүгүн, 1-декабрда борбордогу Аламүдүн жана Оштогу, Таластагы, Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы базарлардын сатуучулары митингге чыгышты.
Ал арада милиция өкмөткө талабын айткан айрым сатуучуларды кармап кеткени маалым болду.
Алар өкмөттүн жаңы салык саясатына каршы экенин билдирип, патент системасын калтыруу талабын коюп жатышат.
1-декабрда Бишкектеги Аламүдүн базарынын соодагерлери көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга каршы экенин билдирип, митингге чыгышты. Алар Министрлер кабинетинен патент системасын калтырууну жана ККМди жокко чыгарууну талап кылып жатышат.
Ишкерлер өкмөттүн Бишкектеги “Дордой” жана Оштогу Кара-Суу базарларын 2024-жылдын 1-январынан тартып базардын ичинде көзөмөл-кассалык машинелерин (ККМ), товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрүн (ЭТТН) жана электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) колдонуудан бошоткон чечими туура эмес экенин айтышууда. Алар бардык соодагерлерге бирдей шарт түзүлүшү керектигин билдиришти.
Ушундай эле талап менен Ош шаарындагы “Бостон”, “Бексултан” жана “Тешик таш” базарларында иштеген 100гө чукул соодагер да митингге чыкты.
"ККМди түшүнбөйбүз, патент калсын". Таластагы митинг
Таласта Атай Огомбаев атындагы музыкалык мектептин алдына чогулган бир топ соодагер патент системасын калтыруу талабын коюшту.
"Базарда эч кандай шарт жок. Үстүбүздөн муз эрип, агып турат. Өкмөт "келе-келе" дегенден башканы билбейт. Экиден насыясы барлар бар. Биз ККМге өтө албайбыз. Эч кандай ишкана жок. Акчаны ата-энесине алыста тентип, чоң машине айдап жүргөн балдар салып атат. Биздин "Талас өнүгүп атат" деп өйдө жакка айткыңар келет. Бирок андай эмес", - деди Таластагы митингге чыккандардын бири.
Таластагы базарда иштеген Алтын Турдалиева аттуу пенсионер буларды айтты:
"Пенсиябыз бир кап унга жетпейт. Мен го пенсия алат экем. Жаштардын экиден кредити бар. Базарда жумуш ар кандай. Бирөөнүн отурган аянты кичине, 200-300 миңге эле иштейт. Бирөөнүкү андан чоң 500-600 миң сом болот. Миллионго жетсе жетет, жетпейт. 10-20 прцентке иштейбиз. Атаандаштык күч. Союз убагында кассада иштеген киши акча жетпей калса өз эсебинен төлөчү. Азыр биз орунду өзүбүз сатып алсак, товарды өзүбүз алып келсек, анан мамлекет эсептегенде сумма чыкпай калса, бизге айып салганга кандай акылары бар? Ал биздин жеке менчигибиз да. Өзүмдүн керектөөмө акчаны кассадан алам да. Анча айыпты төлөгөнгө биздин чамабыз жетпейт. Акылбек Жапаровго мен нааразымын. ККМ өтө оор процедура. Бирөө түшүнөт, көбү түшүнбөйт. Мен бухгалтер болсом да мээм жетпей жатат. Биз товарды карызга беребиз, күзгө чейин беребиз. Патентти көбөйсө деле мейлибиз, бирок аны жойбосун".
Патентти жойбош керек деген пикирин Таластагы кичи ишкерлердин профсоюзунун төрайымы Роза Исаева мындайча негиздеди.
"Бул митинг айыппулдан чыгып атат. Салык кызматынын балдары келгенде бирөө чек бербей койгон экен, айып салыптыр. Ал төлөбөй прокуратурага өтүп кетиптир. Миллиондор айланган"Дордой" менен Кара-Суудан ККМди алып салып, мындай майда базарларга калтырганы адилетсиздик. Патенттин баасын көтөрсө көтөрсүн, бирок калсын. Бул жерде отургандардын кирешеси 8 миллионго жетпейт".
Таластагы митингге чыккандардын талабын угуу үчүн президенттин аймактагы өкүлүнүн биринчи орун басары Талант Эдилов барган. Өкүлчүлүктүн басма сөз катчысы Нуржанат Жакшылыков учурда эл тарап кеткенин билдирди.
"Өкүлчүлүктөн биринчи орун басар Талант Эдилов жолукту. Азыр президенттин администрациясына элдин суроо-талабы жазылган кат дайындалып жатат. Акцияга базардагы соодагерлер, жалпы эле ишкерлер чыгышты. Алардын талабы мурдагы эле патент системасын калсын, ККМ менен иштей албайбыз, түшүнбөйбүз, баасы болсо 12 миң сом турат деп жатышат. Өкүлдүн орун басары чыгып, маселени жогорку бийлик өкүлдөрүнө жеткирээрин айтты. Эл тарап кетти".
Экономика жана коммерция министринин орун басары Данияр Амангелдиев өкмөт бүгүнкү митингдерде "Дордой" менен Кара-Суу базарына берилген жеңилдик баарына берилсин" деген талапты аткарбай турганын билдирди.
"Азыр башка базарлар да "бизге өзгөчө салык режимин киргизип бергиле" деп жатышат. Биз андайга бара албайбыз. Анткени "Дордой" менен Кара-Суу эки чоң логистикалык борбор. Товарлар эң биринчи ошол жакка келип, Кыргызстанга тарап жатат. Бул өзгөчө режим ошол үчүн аныкталган. Дүң жана чекене соода жөнүндө сөз болуп жатат. Чекене соода үчүн да отчетторду жокко чыгарып, бир гана ККМ менен чыгарып бергиле деп жатабыз. Анткени көмүскө базарды ачыкка чыгарууну максат койгонбуз. Муну ишке ашырбасак, өнүгүү жолунда түшө албайбыз. Өкмөт биздин чөнтөгүбүзгө чейин кирип, салыктарды көбөйтүп жатат деп айткандар бар. Андай эмес. Чоң соода кылгандардын көлөмүн көрүшүбүз керек. Баягыдай 5 миң сомдук патент менен мурдагыдай миллион, миллиард сомдук соода жасай албай жатышат. Нааразылык да ушундан чыгууда. Бул кандайдыр бир уюштурулган акция болуп жатат. Бир учурда базарлардын баарын көтөрүү өтө кыйын нерсе".
Эске сала кетсек, буга чейин Жогору Кеңеште өкмөттүн дарегине элге жаңы салык эрежелери тууралуу түшүндүрүлбөй жатат деген сын айтылган.
29-ноябрда Оштогу Кара-Суу базарында иштегендер көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга каршы экенин билдирип, Кара-Суу районунун администрациясынын алдына акцияга чыгышкан. Бул окуядан кийин Салык кызматы Кыргызстанда стратегиялык объектилерге кирген базарлардагы ишкерлер өзгөчө салык режими менен иштей аларын билдирген. Ушул тапта стратегиялык объектилерге “Дордой” жана Оштогу “Тураталы эл базары” (ред: Кара-Суу) базарлары кирет.
30-ноябрда жаңы салык саясатына каршы Бишкектеги “Дордой”, “Орто-Сай” базарларынын соодагерлери да нааразылык акция өткөрүп, “Мадина” базарында иштегендер иш таштаган. Аймактардагы жана борборлордогу базарларда иштегендер патент системасын жойбоону суранышууда.
Патент эмнеге жоюлат?
Салык кызматынын маалыматында, 2023-жылдын он айында 1,7 млрд сомго 780 миңден ашык электрондук патент берилген. Бул ишкер субъектилердин саны эмес, эсептин ичинде патентти бир жолу алып, ошол бойдон токтоп калгандары да болсо, улам-улам узартып жаткандары да бар. Узарткан сайын эсепке кошула берет. Анын ичинен 413 миңи ишкердиктин учурда жоюлуп жаткан 12 түрүнө таандык.
Өкмөттүн маалыматында 2024-жылдын 1-январынан тарта соода кылгандар 1-январга чейин салык төлөөнүн жалпы же бирдиктүү режимдерине өтүшү керек.
Ага ылайык, жыл соңуна чейин патент менен иштеген ишкерлер катталган аймагындагы салык органдарына арыз менен кайрылууга тийиш. Салык кызматы учурда соода иши менен алектенген ишкерлерге жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.
Мамлекеттик салык кызматынын өкүлү Эркин Сазыков буга чейин "Азаттыкка" салык жыйноонун патенттик системасы эгемен Кыргызстандын экономикасынын өткөөл мезгилинде убактылуу колдонгон чара болгонун, ал система эскирип, жагдай санарип форматка өтүүнү талап кылып жатканын айткан.
“Арабачы болобу, дүкөндө отурган ишкерби – кирешеси 8 млн сомго чейин болсо, анда ал салыгын төлөбөй эле иштейт. Бирок, эң негизгиси, ККМди колдонушу керек. ККМдин дагы форматтары көп: онлайн ККМ бар – кол телефонуна эле орнотуп алат, кагаз түрүндөгү ККМ бар, азыр гибриддик ККМдер дагы пайда болду. Биз акырындык менен өсүшүбүз керек. Ар бири эле “менин мүмкүнчүлүгүм болбойт, кыла албайм” дебей, үйрөнүшү керек. Биз аларга ККМди сатып ал деп айткан жокпуз. “Ошол эле онлайн ККМди смартфонуңузга жүктөп алыңыз, ошол жерден эле берсеңиз болот” деп жатабыз. Азыр ар бир жарандын уюлдук аппаратында интернети бар. Онлайн-ККМ деген кичинекей, оңой эле программа. Анын электрондук түрдө чек берүү мүмкүнчүлүктөрү бар. Патенттин бир эле түрү – сатуу жаатындагылары эле жоюлуп жатат. Ал эми дагы жетиштүү эле түрү калып жатат”.
Митингден кийин кармалгандар
Ал арада Свердлов райондук ички иштер бөлүмү “Дордой” базарында нааразылык акция учурунда бир адамды жулмалап, денесине залал келтирген деген шек менен бир киши кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин билдирди.
Окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголду.
Буга "Дордой" базарынын сатуучулары акция өткөргөн учурунда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кеңешчиси Урмат Токтожумаев менен пикир келишпестик чыкканы себеп болгон. Токтожумаевди милиция элдин арасынан чыгарып кеткен.
"Дордой" базарында соода кылып, өкмөт чечимине каршы сын айткандардын бири Урмат Байматов митингден кийин өзүн милиция кармап, Свердлов РИИБне алып баратканын Фейсбук баракчасына жазган.
Байматовдун өзү менен байланышканда, ал өзүн кармап кеткенин Фейсбукка жазгандан кийин "Дордойдо" иштегендер чогулуп милиция бөлүмүнө барганын айтты:
"Акылбек Жапаровдун кеңешчисимин деген киши менен "Дордойдо" болгон пикир келишпестиктен кийин кол алышып, бири-бирибизге нааразылык жок деп тарап кеткенбиз. Биз ошол жерде турганда эле кандайдыр бир башаламандык уюштуруп, чагымга алдырып жиберели деген ой жок экенин жалпы чогулгандарга түшүндүргөнбүз. Экинчи күнү Акылбек Жапаров өзү келет деп тараганбыз. Үйдө жатсам милиция келип, салып кетти. Менден сырткары дагы бир нече адам сурак берип атканын айтышты, мен аларды көргөн жокмун, себеби ар бирибизди өзүнчө сурады. Кеңешчи менин үстүмөн арыз жазган экен, "кол көтөрдү" деп. Бирок чынында андай болгон эмес, ал мени тескерисинче кызыктай суроолорду берип жарга такап аткан, анын үстүнө бири-бирибизге нааразылык жок деп тарагандан кийин кайра барып арыз жаза койгонун түшүнгөн жокмун. Түнкү үчкө чейин сурак бердим, окуя кандай болгонун, эмнелер айтылганын, мен эмне дегенимди айттым. Милиция алып кетип жатканда Фейсбуктагы баракчама маалымат катары жазып кеткем. "Дордойчулар" чогулуп, бат эле келип калышты, балким ошондуктан кое берди деп ойлоп жатам. Бирок бир адам азыр камакта, кош бойлуу келин да кармалганы айтылууда".
Көп өтпөй Урмат Байматов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте да сурак берип чыкканын "Азаттыкка" билдирди. Ал арада Аламүдүндө соода кылган Тилекбек Жаналиев базардын профсоюз жетекчиси Гүлназ Эшбаеваны Атайын кызмат суракка алып кеткенин айтты. Бирок УКМК бул маалыматты ырастай элек.
Бирок Свердлов райондук милициясынын басма сөз кызматы "кош бойлуу аял кармалды" деген маалыматты ырастаган жок.
Кыргызстандын бийлиги соңку бир-эки жылдан бери өлкөдө товар саткан ишкерлердин баарын көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) колдонууга милдеттендирип жатат. Ага кошумча товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү (ЭТТН) жана электрондук эсеп-фактура (ЭЭФ) да киргизилди. Буга байланыштуу Бишкек шаарында, башка аймактарда бир нече жолу нааразылык акциялары өттү.