Байден шайлоого катышарын кайталады

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

АКШ президенти Жо Байден НАТОну күчтүү блок бойдон сактап каларын, буга чейин да Орусиянын Украинадагы согушуна каршы бекем туруу үчүн өнөктөштөрдүн башын бириктирүү аракетин көрүп келгенин белгиледи. Трансатлантикалык альянстын саммити жыйынтыкталгандан кийинки пресс-конференцияда америкалык лидер президенттик жарыштан чыкпасын, атаандашы Дональд Трампты жеңүүгө даяр экенин кайталады.