Уранга бай Казакстан жана ага "куда түшкөндөр"
Илгери “кара чайыр таш” же “жалган чайыр” деген атка конгон оор минералды тоо кен казуудагы кошумча өнүм деп билишсе, азыркы күндө ал уран атомдук энергетиканын пайдубалын түзгөн маанилүү стратегиялык металлга айланды. Анын изилдениши Уран деген жаңы планетанын ачылышына туш келгендиги үчүн дал ошондой деп аталып калган.
Казакстан урандын кору боюнча дүйнөдө экинчи орунда, ал эми аны казуу жагынан 15 жылдан бери сап башында турат.
Геосаясий кырдаалдан жана экологиялык маселелерден улам бул радиоактивдүү затка болгон талап, аны менен кошо баасы да кескин өстү. Былтыр бир фунту 74 доллар болду. Бул – 15 жылдан берки рекорд.
Bloomberg агенттигинин маалыматына караганда, 2020-жылдын этегинен бери баа 125 пайызга жогорулады.
Мындай шартта улам бир өлкө Казакстандын уранына "куда түшүп", атаандаштык артып баратат. Мурда Астана негизинен металлды Орусияга импорттосо, акыркы кездерде ири сатып алуучулардын катарында АКШ менен Кытайды көрүүгө болот.
“Азаттыктын” казак редакциясы жазгандай, Казакстан 2022-жылы дүйнөлүк рынокко 21 миң тоннадан ашуун табигый уранды чыгарган. Бул дүйнөлүк өндүрүштүн 40 пайызынан ашат.
Атаандаштык күчөгөндөн кийин казак бийлиги уранды жана компоненттерин өндүрүүнү 50 пайызга көбөйтүү чечимин кабыл алды.
«Казатомпром» улуттук компаниясынын маалыматына караганда, өлкөдө урандын 56 кенинде чалгындоо иштери жүргөн, 14ү иштетилип жатат, дагы бир нечеси резервде турат. Казуу иштерин жүргүзгөн 14 компаниянын экөө гана толугу менен «Казатомпромго» таандык.
Компания уранды казууда жер астындагы скважиналарда щелочтоо технологиясын пайдаланарын белгилейт. Көз карандысыз эколог Кайша Атаханова бул заманбап ыкма тоо текти ачык казууга караганда айлана-чөйрөнү анча булгабасын, бирок баары бир тобокелдиктер болорун айтты:
"Бүтүндөй технологиялык процесстин коопсуздугун караш керек. Уранды мындай жол менен өндүргөндө күкүрт кислотасын колдонушат. Андан кийин атайын талаага сордуруп чыгарылат, кайра иштетилет да, контейнерлер менен ташылып кетет. Казакстанда ошентип алынган уранды Өскемендеги комбинатка алып барышат. Ал жакта урандын кош оксиди байытылат. Биз 10 жылдай мурун ошондой процесс менен иштеген объектилердин бирине барып келгенбиз. Жарым-жартылай ээн калган талаа, түтүктөр, бардыгы жер астына катылган, эч нерсе көрүнбөйт. Мурдагыдай чоң кратерлер, казылган аңдар, миллиондогон, миллиарддаган калдыктар жок. Ошол эле маалда ал жактагы суу, аба жакшы изилденген деп ойлобойм. Мисалы, кислотанын же өндүрүштү коштогон радиациялык элементтердин сыртка чыгып-чыкпаганы текшерилгенби, билбейм. Маселени "Казатомпром" менен талкуулоого аракеттенгенбиз. Алар Түштүк Казакстандагы кендердин айланасында бардыгы таза деп айтышкан".
Кошуна өлкө уран тармагында Орусия, Кытай, Франция, Канада, АКШ, Жапония жана Британия иш алып барат.
Былтыр ноябрда Кытай менен келишим түзүлгөнү маалым болду. Бирок анын шарттары ачыкка чыгарылган жок.
«Казатомпром» 9-ноябрда тараткан маалыматка ылайык, Кытайдын улуттук өзөктүк корпорациясынын (СNNC) филиалы China National Uranium Company менен табигый урандын концентратын камсыздап туруу макулдашылды. Буга чейин «Самрук-Казына» Казакстан Кытайдагы АЭСке ядролук отундун үчүнчү партиясын жөнөткөнүн билдирген. Аз байытылган урандын биринчи партиясы 2022-жылы декабрда жеткирилген.
«Казатомпром» былтыр негизги кардар Кытай болгонун билдирген. Былтыркы жылдын биринчи жарымында ал өлкө Казакстандан 218,6 млрд теңгеге уран сатып алган. АКШ 118 млрд, Орусия 72 млрд теңгеге алган. Жалпы жонунан кошуна өлкөнүн бул жааттагы кирешеси өткөн жылы 618,7 млрд теңгеге жетти.
Борбор Азияда АЭС куруу дымагы жана аны коштогон тобокелдиктер
Атомдук электр станцияларынын негизги суюк отуну - байытылган уран.
Өткөн 1-сентябрда казак президенти Касым-Жомарт Токаев АЭС куруу сунушун элдик референдумга алып чыгуу демилгесин көтөргөн. Казак бийлиги станцияны Алматы облусундагы Үлкен айылында, Балхаш көлүнүн жээгинде тургузууну пландап жатат.
Айрым активисттер, экологдор, эксперттер атомдук ишкананын курулушун кооптуу жана экономикалык жактан көп пайда алып келбеген долбоор деп эсептешет. Андан тышкары коррупция коркунучу бар дегендер аз эмес.
Энергетика жана экономика боюнча эксперт Асет Наурызбаев "Азаттыктын" казак редакциясынын суроолоруна жооп берип жатып, уникалдуу Балхаш көлү өлкөнүн чордонунда экенин, реактордо кырсык болсо, бүтүндөй көл булганарын белгилеген:
“Бизде ядролук отун көп деген аргумент күлкү келтирет. Буудай деле мол. Дасторконго бир отурганда экиден бөлкө жеш керекпи? Станция курулабы же жокпу - биздин уранга пайдасы тийбейт. Анын үстүнө биз урандын толук түрмөктөгү өнүмдөрүн чыгарбайбыз. Биз чийки затты гана өндүрөбүз. Анан башка өлкөлөрдө чыгарылган компоненттерден, башка технологиялардын негизинде реакторлор үчүн отун жасайбыз. Кыскасы, биз дүйнөлүк технологиянын кичинекей бөлүгүбүз”.
Элдик добуш берүү качан өтөөрү белгисиз.
Кайша Атаханова жакында эле Кытай - Кыргызстан чек арасындагы зилзаланын эпкини Алматыда жана облуста катуу сезилгенин эске салат:
"Сейсмика чоң роль ойнойт. Сейсмологиялык активдүү аймакта, жарака чийининде атомдук станция курууга тыюу салынат. Буга чейин эле Балхашта АЭС салууга болбойт, ал жакта тектоникалык жарака бар деп эскертилгени эсимде. Бирок, эмнегедир, бул жөнүндө азыраак кеп кылып калышты. Азыр суу азаят деген сөздү көбүрөөк угуп жатабыз. Сейсмологияга байланышкан маселелер абдан маанилүү деп айтар элем. Өзбекстандагы станция курулчу жер сейсмологиялык жактан алганда кандай экенин билбейм. Бул техногендик факторлордун бирине көңүл буруу зарыл".
Ядролук технологиялар менен камсыздоочулардын арасында орусиялык “Росатом”, кытайлык CNNC, түштүк кореялык KHNP жана франциялык EDF компаниялары аталууда.
Дагы караңыз АКШ менен Кытай Борбор Азиядагы сейрек металлдар үчүн атаандашабы?Орусиянын мамлекеттик корпорациясы кошуна Өзбекстанда да АЭС курууну көздөп жатат. Өткөн жылы ноябрдын этегинде ТАСС "Росатомдун" жетекчиси Алексей Лихачевдун “пандемия көптөгөн жараяндарды токтотуп койгон, бирок өзбек тарап менен келишим соңку баскычка жетип калды” дегенин жазган.
Уран өндүрүүчүлөрдүн тизмесинде Өзбекстан 5-орунда, кору боюнча 11-орунда турат.
Москва менен Ташкент АЭС куруудагы кызматташтык тууралуу келишимге 2018-жылы сентябрда кол койгон. Ага ылайык, станция Өзбекстандын бюджеттик каражатына жана Орусиянын мамлекеттик насыясынын эсебинен салынмакчы.
Өзбекстандын Энергетика министрлиги энергоблоктор 2030-жылга карай электроэнергияга болгон муктаждыктын 15-18 пайызын жабарын айтууда.
“Озодлик” радиосу жазгандай, казак чек арасына жакын жерге, Жизак облусундагы Тузкан көлүнүн жээгинде салына турган станциянын курулушу, анын жер титирөөлөргө туруштук берүү кудурети, экологиялык коопсуздугу талкууга түштү. Өнөктөш катары Орусиянын тандалганы да суроо жаратууда.
Central Asia Due Diligence изилдөө борборунун директору Алишер Илхамов АЭСтер кайра калыбына келүүчү энергия булактарына, ошол эле күн станцияларына караганда экономикалык жактан кирешелүү болбой калганына көңүл бурат:
"Бир нече жылдан бери калыбына келүүчү энергия булактары дүйнөлүк деңгээлде эң арзан болуп калды. Өзбекстанды алсак, АЭС курууга 8-9 жыл кетет. Ошондон кийин гана электр энергиясын иштеп чыга баштап, өзүн акташы мүмкүн. Ал эми кубаттуу күн станцияларын бир-эки жылда тургузса болот. Алар кыйла тез жыйынтык берет. Башкача айтканда, убакытты, баасын эске алыш керек. Күн энергиясына өтүүдөн аккумулятор станцияларын чыгаруудагы кубаттуу технологиялардын жоктугу кармап келген. Өзбекстанда, жалпы Борбор Азияда жылына 300 күнгө чейин күн тийип турат.
Акыркы жылдарда электроэнергияны топтогон өтө кубаттуу станциялар пайда болду. Кыскасы, биздин өлкөлөрдүн экономикалык кызыкчылыктары биринчи орунда болууга тийиш".
"Орусия АЭСтердин курулушун басым көрсөтүнүн инструменти катары пайдаланышы мүмкүн"
Казакстан менен Өзбекстандын уранына Франция дагы кызыгып, былтыр ноябрда президент Эммануэл Макрон Борбор Азияга келип кеткен.
Bloomberg агенттиги визит алдында “Париж жаратылыш ресурстарына бай Казакстан менен тыгыз кызматташууну кааларын, Макрон өлкөнүн ядролук реакторлорун уран менен камсыз кылган Өзбекстан жана Казакстанга аттанып жатканын” жазган.
Француз Экономика министрлигинин маалыматына караганда, өткөн жылы өлкө уранды эң көп Казакстандан алды. Ал эми мунай импорту жагынан Казакстан экинчи орунду ээледи.
Макрондун сапарынан көп узабай Өзбекстандын тоо кен жана геология министри Бобир Исламов франциялык Orano компаниясы Навои облусундагы уранды казууга жана кайра иштетүүгө 500 миллион доллар саларын билдирген.
Орусиялык «Коммерсантъ» басылмасы 2022-жылы Өзбекстан Европага уран экспортун дээрлик 3 эсе көбөйтүп, 441 тонна сатканын жазган.
Москва Украинага каршы согуш баштагандан бери европалык өлкөлөр, анын ичинен Франция башка жерлерден өзөктүк отун алуу аракетин көрүп жатышат. Көп сандагы АЭСтер Орусиядан импорттолуучу уранга көз каранды болгондуктан, «Росатомго» санкция салынган эмес.
19-февралда Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин жетекчиси Рафаэл Гросси Рейтер агенттигине берген интервьюсунда орус мамлекеттик компаниясына жазалоочу чараларды киргизүү реалдуу эмес деп белгиледи. Анын айтымында, мындай кадам “бир топ өлкөлөрдүн атомдук энергия өнөр жайын токтотуп коймок”. Муну менен катар Гросси “Орусиянын уранды байытуу даремети дүйнөдө солгундамак турсун, тескерисинче күчөп баратканын” кошумчалады.
Дагы караңыз Макрон Борбор Азияда дос жана уран издейби?Европа байытылган урандын 50 пайызын “Росатомдон” алып турат.
Ошол эле мезгилде Орусия уран казуу жагынан дүйнөдө 6-сапта жайгашкан. Орус маалымат каражаттары ал өлкөдөгү урандын 60 пайызы Казакстандагы кендерден алынарын жазышат.
Эксперттер Орусиядан бул жааттагы көз карандылык мындан ары да сактала берерин айтышат. АЭСтерди салуу долбоорлорунун көбүн да “Росатом” ишке ашырууда.
Алишер Илхамов Украинадагы согуш Орусиянын экономикасына кедергесин тийгизгенин, ал жактагы саясий окуялардын кандай нукта өнүгөрүн эске алуу керектигине көңүл бурат:
"Согуш кандай аяктаарын билбейбиз. Азыр паритет түзүлдү. Украина экономикалык жактан Орусияга караганда күчтүү болбогону менен, Киевдин артында азыр бүтүндөй Европа турат. Алардын ресурстары Орусияныкынан эселеп ашат. Андыктан Орусия дароо болбосо да, эки-үч жылдын ичинде жеңилип калат деген ыктымалдык да жогору. Ошондо АЭС долбоорлору боюнча алган милдеттенмелери эмне болот деген суроо жаралууда".
Саясат таануучу Батыштын Москвага салган санкцияларын да унутпоо керектигин белгилейт. Ал чаралар Орусияны түрдүү технологиялар, электроника, чиптер менен камсыздоону чектейт. Ансыз АЭСтерди курууну гана эмес, аларды тейлөөнү канчалык натыйжалуу ишке ашыра алышат, коопсуздугу канчалык камсыздалат деген маселе келип чыгат.
"Путин неоимпериялык маанайга батканын билебиз. Өзгөчө жакынкы чет өлкөлөр менен мамилелерге келгенде ошол идеяларды жигердүү колдонот. Ошондуктан атүгүл кошуна өлкөлөрдүн бирине кол салды. Ага чейин Грузияга, Молдовага каршы агрессия жасаганын билебиз. АЭСтердин курулушун басым көрсөтүүнүн инструменти катары пайдаланышы мүмкүн деген коркунуч бар деп ойлойм. Өзбекстан курулушка болжол менен 9 млрд доллар сарптайт. Анан ушунча каражат салып коюп, Орусиянын технологиясына байланып калат. Москва аны кысым-басымдын рычагы катары колдонобу? Андай болбойт деп азырынча 100 пайыз айта албайбыз".
Ошол эле маалда атомдук энергиядан баш тарткан мамлекеттер да жок эмес.
Бир жыл мурун, 16-апрелде Германия акыркы үч АЭСти өчүрдү. Ошону менен ядролук энергетиканын доору бул өлкөдө соңуна чыкты.
Немис бийлиги 2011-жылы Жапониядагы Фукусима станциясында болгон ири кырсыктан кийин 2022-жылга чейин атомдук электр станцияларынын ишин токтотууну чечкен. Бирок Орусиянын Украинага каршы ачкан согушу энергетикалык кризиске алып келип, ал планды ашыруу бир жылга кечеңдеди.
Бирок Германияда атомдук энергетикага каршы чыккандар менен катар АЭСтерди жабууну колдобогондор да бар.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.